Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:00

Бийлик уюшкан топторду тыя алабы?


Иллюстрация

Кыргыз өкмөтү уюшма кылмыш топторго каршы күрөш тууралуу жаңы мыйзам долбоор даярдады. Ички иштер министрлиги бул жаатта кошумча укуктук чаралар керектигин айтууда.

Былтыр күзүндө өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо "каралар" аралашканы тууралуу коомчулукта бир катар сындар айтылган. Өткөн айда Ички иштер министрлигинин коллегиясында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков уюшкан кылмыштуулук боюнча иштерди жетишсиз деп сынга алган болчу.

Мыйзам долбоору беш бөлүмдөн жана 20 беренеден турат. Анда уюшма кылмыштуулук боюнча негизги түшүнүктөргө аныктама берилген, кошумча укуктук чаралар камтылган жана бул топтор менен күрөшө турган ыйгарым укуктуу органдардын координациялык кеңешин түзүү каралган.

Жаңы мыйзам долбоору тууралуу "Азаттыкка" вице-премьер-министр Жеңиш Разаков комментарий берди. Ага ылайык, документте уюшма кылмыштуулуктун алдын алуу чараларына басым жасалган:

Жеңиш Разаков
Жеңиш Разаков

- ИИМде кылмыш топтору менен иштөө ыкмасы илгертен эле бар. Кылмыш топторду аныктоо, аларды документтештирүү, тийиштүү ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүү, аныктоо, базаларды түзүү иштери илгертен баштап азыркыга чейин жүрүп жатат. Азыр мыйзамыбыз чийки экен, ошон үчүн бул жаатта иштей албайт экенбиз деген ой болбошу керек. Мен облустук ички иштер башкармалыгынын кылмыш-иликтөө бөлүмүн жетектегем. Биз илгертен эле иштеп жүрөбүз. Бул мыйзам долбоордо алдын алуу, профилактикалык чаралар каралган. Негизи проблемалар абдан көп. Сотко жеткенде көрсөтмөлөр өзгөрүп, дагы башка нерселер болуп жатат. Абалды туура баалап, талдап туруп, биздин укук коргоо органдарына уюшма кылмыш топторго каршы иштегенге ыңгайлуу шарт түзүп берүү керек.

Уюшма кылмыш топторго байланыштуу доомат былтыр жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жана андан кийин айтылган. БШКга сегиз талапкер боюнча "уюшма кылмыш топторго байланышы бар" деген материалдар жөнөтүлгөнү жана алардын бирөө гана шайлоого катышуу укугунан ажыраганы маалым болгон.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев бийликти көз жумду мамиле жасады деп айыптаган:

- Акыркы жергиликтүү кеңешке шайлоодо криминалдык күчтөрдү көрдүңөр. Нарында, Көлдө айылдагы тентек балдар кадимкидей шайлоого катышып, жеңип чыкты. Эми кийинки шайлоодо кандай болот? Бийлик карап отурду, жардам берди, кээ бир жерде үзөңгүлөш да болду.

Жогорку Кеңешке жол тапкан “каралар”

Жогорку Кеңешке жол тапкан “каралар”

Шайлоого барчу партиялардын тизмесинде аты чыгып-чыкпаган, мурда-кийин уюшма кылмыш топтун мүчөсү же катыштыгы бар деп милициянын каттоосунда турган, соттолгон адамдар да бар экени белгилүү болду.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бул көрүнүштү дагы мыйзамдагы чаралардын жетишсиздиги менен түшүндүрдү:

- Бизде да ошондой маалымат бар. Биздин атайын кызматтар бул боюнча иш жүргүзүп жатат. Негизи бул жерде кылмыш тобу менен байланышы бар, ошолор менен иштешип жатат деген өңдүү жалпы сөз болбошу керек. Андай учурлар боюнча кылмыш иши козголуп ал далилдениши зарыл. Кыргызстан кичинекей эле мамлекет, кылмыш топторунун анабашыларынын аты-жөнү, каймана аттарына чейин баары эле анык. Анан ошолор менен кичине мамилелеш болгон адамдардын баары эле уюшма кылмыш топтордун мүчөлөрүнүн катарына кирип калып жатат. Бизге ошондой адамдарды уюшма кылмыш топтун өкүлү деп так атай турган мыйзам болушу керек. Тилекке каршы азыркы мыйзам бизди чектеп жатат.

Кыргызстанда буга чейин “каралар” менен алака-катышы бар деген Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын аты аталган эле.

Жогорку Кеңештеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрагасы, "Республика-Ата-Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев айрыкча өспүрүмдөр аралашкан уюшма кылмыштуулуктун кесепетин белгиледи:

- Азыр биз алдын алуу чараларын күчөтүп, криминалдык топторго өз армиясын көбөйтүүгө, жаш муунду тартууга жол бербешибиз керек. Криминалдык романтика, криминалдык иерархия, субмаданияттын алдын алуубуз керек, кошумча чараларды киргизүүбүз зарыл. ИИМ эле эмес, Билим берүү министрлиги, жергиликтүү бийлик биргеликте иш алып барышы абзел. Ата-энелерге, окуу жайларга да көрүлө турган чаралар болушу жана жана прокуратуранын көзөмөлдөө функциясы бекемделиши керек. Мисалы азыр мектептерде да кылмыш топтордун чөйрөсүнөн келген түшүнүктөр бар экени жашыруун эмес. Бул чөйрөдөн криминалдык элементтерди түп-тамырынан бери жок кылууга аракеттенүүбүз керек.

"Бийлик "караларды" колдоно берет"

Айрым бир шаарларга барсаң эле ИИМдеги тиги жетекчинин, бул жетекчинин спортчулары, тиги саясатчынын балдары дегендер чыкты. Алардын карапайым адамдарга кордук көрсөткөн, кайсы бир маселелерди күч менен чечкен учурлары да жок эмес.
Абдрахман Маматалиев

Мурунку вице-премьер-министр ​Абдрахман Маматалиев уюшма кылмыш топтор менен жогорку бийлик өкүлдөрүнүн байланышы тууралуу маселеге токтолду:

- Эң өкүнүчтүү жагдай, азыр биздин чоң эле саясатчылар, депутаттар, аткаруу бийлигиндеги жетекчилер спортчу балдардан турган топторду түзгөндү, спорт клубдарды ачканды өнөкөт кылып алышты. Азыр чоң шаарларда начар кырдаал түзүлүп калды. Айрым бир шаарларга барсаң эле ИИМдеги тиги жетекчинин, бул жетекчинин спортчулары, тиги саясатчынын балдары дегендер чыкты. Алардын карапайым адамдарга кордук көрсөткөн, кайсы бир маселелерди күч менен чечкен учурлары да жок эмес. Ушунун баарын тартипке сала турган мыйзам кабыл алуу керек.

Бирок ошол эле маалда бул мыйзамдын иштеп кетеринен күмөн санагандар да жок эмес. Талдоочу Турам Акимов мыйзамды сыйлаган коом түзүлмөйүн, бийлик "каралардын" ресурсун колдоно берет деген пикирде:

- Мыйзамды жазып койсо окшошо берет. Бирок ал иштебейт деле. Кылмыштуу топтор шайлоодо өздөрү чыкпаса да, алардын сөзүн сүйлөп, кызыкчылыгын коргой турган бирөөнү чыгарышы мүмкүн. Азыр айталы, түрмөлөрдү көзөмөлдөө үчүн бийлик ошол эле “караларды” колдонот. Андыктан бийлик “каралар” менен тымызын иштешип, алардын колу менен көп ишти бүтүрүшү мүмкүн. Мыйзам кагаз түрүндө кала берет, каралардын акчасы шайлоого чачыла берет. Кайсы бийликтин тушунда болбосун саясий топтор бири-бири менен күрөшкөндө “караларды” пайдаланган. Уюшкан кылмыш топторду мыйзам менен алсыратуу өтө кыйын. Анүчүн мамлекет күчтүү болушу керек.

Өткөн айда ИИМдин жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынында өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков уюшкан кылмыштуулук менен күрөш жетишсиз деп сынга алган:

- Коомчулукта айрым уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү өлкө ичинде коркпой, ээн-эркин жүргөндүгү тууралуу пикир жок эмес. Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү, албетте, кармалууда. Кармалгандардын көбүнчөсү – жаш балдар. Бирок эмне үчүн уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлери кармалбай жатат?

ИИМдин маалыматы боюнча соңку он жылда уюшма кылмыш топторго байланыштуу 14 гана иш козголуп, 11и сотко жеткен. Болгону үч адам жоопко тартылган. Бул жылдар аралыгында кылмыш топтордун өз ара ички тиреши, жаңжалдарына байланыштуу адам өлтүрүү жана адам өмүрүнө кол салуу боюнча 80ден ашык факт катталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG