Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

Ак үйгө умтулган “каралар”


Адистер кылмыш дүйнөсүнүн адамдары укук коргоо органдарынан тартып бийликке умтула баштаганын айтууда.
Адистер кылмыш дүйнөсүнүн адамдары укук коргоо органдарынан тартып бийликке умтула баштаганын айтууда.

Ички иштер министрлиги кылмыш дүйнөсү менен байланышы бар аткаминер, депутаттардын саны 20-августта айтылгандан алда канча көп экенин билдирди.

“Ата Мекен” партиясынын депутаттары жайкы эс алуу бүтүп-бүтпөй жатып кылмыш дүйнөсү менен алышууга өттү. Алар Кыргызстанда “каралар” кайрадан баш көтөрүп, керек болсо ишкерлерге салык салып, партиялар аркылуу парламентке келүүгө жан үрөп жатканын белгилешти. Партия жыйынында ички иштер министринин кылмыш дүйнөсү менен байланышта делген жергиликтүү аткаминер, депутаттардын атын атаганы да коомчулукта кызуу талкуу жараткан менен тизмеде мурда айтылып келген депутаттар жок болуп чыкты.

Бирок ал тизме али толук эмес экенин, криминал менен мындан да тыгыз байланышта болгон депутаттардын атын министр толук окуп үлгүрбөгөнүн Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Азамат Ногойбаев билдирди:

- Толук окулбай калды, ал жакта дагы биртоп ысым бар болчу. Эки тизме бар: бирөөсүндө жөн эле криминал менен байланышы барлар, дагы биринде тыгыз байланышта болгондор жазылган.

Азырынча кылмыш дүйнөсү менен тыгыз байланышы болгон делгендердин тизмеси ачыкка чыга элек. Бирок ал тизмеде “Ата-Журт” партиясынан Улан Чолпонбаев, Өмүрбек Бакиров сыяктуу депутаттар бар экени депутаттык жыйында айтылган.

“Кримдүйнөдөн Ак үйдү көздөй...”

“Кыргыз-Ата” деп аталган партиянын жетекчиси Төлөгөн Келдибаев өзгөчө Ош аймагында спорт менен машыккан, чымыр денелүү жигиттердин көбү криминалдык дүйнө менен тыгыз мамиледе болуп, анын арты менен мамлекеттик кызматтарга, депутаттык креслого умтулуусу кадыресе көрүнүшкө айланып баратканына кейиди:

- Эрежесиз мушташтан, спорттук клубдардан аты чыккан балдардын көбү ушул криминалга кошулуп кетти. Айылдык кеңеш, шаардык кеңештерде алар депутат, мамлекеттик кызматкерлер да бар, ал тургай парламент депутаттарынын жардамчысы болушат. ИИМ, УКМК, каржы полициясы баш болгон күч органдарынын ичинде алардын адамдары өтө көп, аралашып жатып калышты. Кимиси органдын адамы, кимиси криминал экенин ажыратуу кыйын. Милицияны тазалоо керек.

Келдибаев аймакта маңзат аркылуу байып, ишкерге айланып, спорт залдарды ачкандардын көбү азыр түрдүү партияларга кошулуп, өз айылдарында спорттук иш-чараларды уюштуруп, той берип элдин көңүлүн алып жүрүшөт дейт.

- Маңзат менен иштеп байыгандар депутат болгонун көрүп, спорт залдагы тыңыраак балдардын баары чоң болгусу келип баштады. Жакында Ноокат районунда болдум, ал жакта криминалдык чөйрөнүн өкүлү катары таанылгандар атасынын ашын берип, футбол уюштуруп, саясатка камынып жатышат. Кайсы партиядан экенин эл да жакшы билет экен.

Ошто кайсы саясатчынын спорт клубдары бар экени да коомчулукка кеңири белгилүү. Эл арасында Ош облустук милициянын башчысы Сүйүн Өмүрзаковго тишелүү “Мухаммед Умар” деп аталган спорт клуб бар, Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты “Алтын темир” деген спорт залды каржылай турганы айтылып жүрөт.

Айтор, Кыргызстанда кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин саясатка таасири чоң. Буга чейин криминалдык авторитет атыккан Рысбек Акматбаев өз талаптары менен Ак үй алдына чыгып, өлкө жетекчилигинин үшүн алган жайы бар. Андан соң Бакиевдин бийлиги “караларды” саясатка да пайдаланып, оппоненттерин криминал аркылуу ооздуктап турушчу деген сөз тараган.

“Ата Мекен” партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев өкмөткө криминал менен чечкиндүү күрөшүп, кылмыш дүйнөсүнө катуу сокку уруу талабын коюууда:

- Уюшкан кылмышкерлердин бийликке умтулуусу табигый көрүнүш. Алар бийлиги аркылуу өздөрүнүн коопсуздугун камсыз кылып, андан ары өз иштерин жасаганга аракет кылышат. Ошондуктан мамлекет уюшкан кылмыш топторуна келишкис душман болушу керек, аларга каршы тынымсыз күрөшүү зарыл. Алар менен өзгөчө ыкмада күрөшүүнүн тартиптерин иштеп чыгуу керек.

Криминалдык топторду биротоло жок кылуу 2010-жылдагы шайлоодон кийин азыр өкмөттү кураган партиялардын башкы урааны болгон. Ыңкылаптан кийин кылмыш дүйнөсүнүн жүздөгөн өкүлдөрү камакка алынып, бирок алардын көбүн сот актап жиберген. Эркиндикке чыккандардын катарында коомго кримтөбөл катары белгилүү, эл аралык издөөдөгү Камчы Көлбаев, Кадыр Досонов, Адилет Касенов сыяктуулар да бар.

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG