Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:20

“Каралар” кайра баш көтөрдү


Кыргызстанда 2010-жылы криминалга каршы жарыяланган күрөштүн солгундап кеткени байкалууда.
Кыргызстанда 2010-жылы криминалга каршы жарыяланган күрөштүн солгундап кеткени байкалууда.

Өкмөттүк жыйында Кыргызстанда уюшма кылмыш топтору кайрадан баш көтөрө баштаганы айтылды.

Вице-премьер-министр Токон Мамытов бул өкмөттүк жыйындан соң “Азаттыкка" эң ириде түрмөлөрдө уюшкан кылмыш топтору жанданганын, а түгүл кайсы бир саясий топторго таасир эткени байкалып жатканын айтты:

- Үч-төрт уюшкан кылмыштуу топтордун ортосунда тиреш күчөп баратат. Андан сырткары мындай топтордун диний радикал-экстремисттик топтор менен байланышы күчөөдө. Бир канча жыл мурункудай эле бизнеске да кысым башташты. Мындан сырткары абакта жаткандар сырттагы криминалдык топторду кайсы бир саясий күчтөр, кыймылдар менен тыгыз байланышта болууга түртүп жатыптыр.

Ички иштер министрлигинин Уюшма кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, жыл башынан бери уюшкан кылмыш топторунун мүчөсү деп шектелген 180ден ашык адам кармалды:

Бишкектеги абактардын биринде
Бишкектеги абактардын биринде
- 2010-2011-жылдары катуу күрөш башталганда көбү жоопко тартылган. Бирок бүгүнкү күндө алардын мөөнөтү бүтүп, кайра эркиндикке чыгып жатат. Чыккандан кийин кайра эле кылмыш чөйрөсүнө аралашып, жанданып атышат. Бирок биз ага карабастан материалдарды көтөрдүк, кээ бир учурда соттор туура эмес чечим чыгарып коюшкан. Мисалы жанагы “Женгону” актап чыгарып салышкан. Биз болсо Жогорку Сотко чейин кайрылып, кайра издөө жарыяладык.

Мамбеталиев буга чейин айылдык, райондук кеңештерде 12 депутат уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү катары оперативдүү кызматкерлердин тизмесинде турганын маалымдаган эле. Азыр алардын бирөөсүнө иш козголгонун айтууда:

- Кара-Балта шаардык кеңеште төрага болуп отурат. Ал спикер уюшма кылмыш топтун мүчөсү деп мурун тизмеде турчу. Жакында эле жыйын өткөзүп жатып, “сен бизди колдобойсуң, биз көтөргөн маселени жактабайсың” деп бир-эки депутатты сабап салып жатат. Ал факт боюнча иш козголгон, тергөө бүтсө жоопко тартабыз. Дагы эки-үчөө тууралуу маалымат топтоп жатабыз, эски кылмыш иштери бар, ошолорду аныктап туруп жоопко тартабыз.


Уюшкан кылмыш тобу менен күрөш дегенде жогорку бийликти иши менен сөзү айкалышпайт деп сындашат. Буга Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн эрте бошоору менен өлкөдөн чыгып кетиши, буйрутма киши өлтүрүүлөр боюнча өмүр бою абакка кесилген Эркин Мамбеталиевдин акталышы, кримчөйрөдө “Водолаз” аттуу каймана ат менен таанымал Максат Абакировдун бошотулушун мисал кылышат.

Атайын кызматтардын генералы Артур Медетбеков Батукаев боюнча эч ким жоопко тартылбагынын белгиледи. Бийликтин өзү криминал менен коюн-колтук алышып алды деп сындады жана аларды бийликке каршылар да колдоноорун кошумчалады:

- Кумтөр маселеси чыкканда бийлик уюшма кылмыш топтун балдарын алып барып, жергиликтүү балдарды коркуткан фактылар болду. Кумтөр боюнча сүйлөшүү болгондо уюшкан кылмыш тобунда жүргөн балдар өкүл катары аралашып жүрбөдүбү. Экинчи жактан криминалда жүргөндөрдү кээ бир саясий партиялар саясий оюндарга аралаштырып, митингдерге, жол тосуу акцияларына аралаштырып жатат. Митингге катышкандардын арасында да, митингди болтурбоо үчүн чыккандардын катарында да ОПГ мүчөлөрү жүрөт. Эки тараптан тең уюшкан кылмыш тобун колдонууга аракет болуп жатат.

2010-жылы бийликке келгендер уюшкан кылмыштуулукту тыюу тууралуу убада берген. Күрөш бир канча этап менен жүрүп, жакын арада тыйыларына ишендиришкен эле. Андан кийин коомчулукта "караларга" каршы күрөш солгундап кеткени айтыла баштаганда, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ушул жылдын сентябрь айында ишти жандантууга эки ай мөөнөт берген болчу. ИИМдеги жыйынында өкмөт башчы милицияларды "каралардын" каймана аттарынан өйдө билет, бирок кармабайт деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG