Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:13

Талас: өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук көбөйдү


Жыл башынан бери Талас облусунда жашы жетелектер арасында 37 кылмыш катталды. Бул көрсөткүч өткөн жылга караганда 13 кылмышка көп экенин облустук прокурордун орун басары Мамбеталы Турдумаматов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, кылмышка барган өспүрүмдөрдүн көпчүлүгү багар-көрөрү жок же мигранттардын балдары:

- Алар негизинен ден-соолукка залал келтирүү, талап-тоноочулук жана баңги затка байланыштуу кылмыштарга шектелип кармалууда.

Турдумаматов кошумчалагандай, облустагы укук коргоо органдары ата-энелери чет жакта жүргөн жана кароосуз калган, начар шартта жашаган 120дан ашуун баланы каттоого алып, түшүндүрүү иштерин баштады. (NT/AlS)

XS
SM
MD
LG