Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:32

Жергиликтүү кеңештер "каралардан" качан арылат?


11-декабрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү.

БШКга жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышкан сегиз талапкер боюнча "уюшма кылмыш топторго байланышы бар" деген материалдар жөнөтүлгөн.

Ички иштер министрлиги анын бирөө гана шайлоодон четтетилгенин маалымдады.

Кыргызстанда буга чейин “каралар” менен алака-катышы бар деген Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын аты аталган эле. Байкоочулар бул жолку шайлоого катышкан талапкерлер арасында уюшма кылмыш топтун мүчөсү же катышы бар делген, оор кылмыштар боюнча айыпталып мурда-кийин соттолгондор да болгонун белгилешет.

Ички иштер министрлиги Чүй облусундагы жергиликтүү кеңештерге талапкерлердин бирөө “адам өлтүрүү” фактысы боюнча соттолгондугу боюнча шайлоодон четтетилгенин маалымдады. Дагы жети талапкер боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына материал жөнөтүлгөнү белгилүү болду.

Шайлоонун күтүүсүз жыйынтыктары

Шайлоонун күтүүсүз жыйынтыктары

Кыргызстанда Бишкек баштаган 22 шаардык кеңешке келчү партиялар белгилүү болуп калды.

Министрликтин маалымат катчысы Бакыт Сейитов шайлоого барган талапкерлердин баары дыкат текшерилди деп ишендирди. Маалымат борбордон кайсы бир маалыматты өчүрүп же жашырып койсо болот деген дооматтарды четке какты:

- Шайлоого катышып жаткан адамдар сөзсүз түрдө ИИМдин маалымат борборунан соттолуп-соттолбогондугу тууралуу маалымдама алып, жергиликтүү шайлоо органдарына тапшырышы керек. Шайлоого катышып жаткан талапкерлердин баары текшерилген. Адам өлтүрүүгө шектелген факт боюнча гана бир талапкер четтетилди.

Шайлоого катышкан талапкерлер арасында уюшма кылмыш топторго байланышы барларды аныктап-тактоо маселеси тууралуу 13-декабрда Жогорку Кеңеште Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында сөз болду. Анда ички иштер органынын өкүлүнүн баяндамасы чала деп бааланды.

“Ата Мекен” фракциясынан депутат Аида Салянова мындан улам дагы эки жума убакыт берилгенин маалымдады:

- Ошол жети адам боюнча маалымат тастыкталганбы, алар боюнча соттун чечими барбы деген маселелерди карап чыгуу керек. Ошондо гана комитетте ИИМ чала иштеп койгон же материалдар тийиштүү деңгээлде топтолгон бирок БШК чечим кабыл алган жок деп бүтүм чыгарса болот. Шайлоо өткөнгө чейин кандай жумуш болгон, ИИМ жетиштүү чараларды көргөнбү же жокпу дегенди биринчи карап чыгыш керек.

Аида Салянов.
Аида Салянов.

Талапкерлерди текшерүү иштери боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов түшүндүрмө берди. Ага ылайык, Кыргызстанда соттун чечими менен уюшма кылмыш топтун лидери же мүчөсү деп аныкталган адам дээрлик жок:

- Уюшма кылмыш топтун мүчөсү экени соттун чечими менен гана аныкталышы керек. Мындай аныктама алып жүргөн Кыргызстанда бир эле адам бар. Ал эми эгер соттуулугу аныкталган, алынып салына элек адамдар аныктала турган болсо мандат берилгенге чейин аларды депутат катары каттабай койсок болот. Азыр аймактык шайлоо комиссияларынын баарына ушундай тапшырмалар берилди. Мандат тапшырар алдында, бөлүштүрөрдөн мурун дагы бир жолу такталат. Эгер мындай текшерүүдөн дагы кандайдыр бир себептер менен өтүп кете турган болсо, айыптаган өкүм күчүнө кирип кала турган болсо, соттуулугу аныкталса ошол депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтото алабыз.

Ички иштер министрлиги 11-декабрда Жалал-Абадда жергиликтүү кеңешке шайлоого талапкер катары катталган 37 жаштагы жаранды кармаган. Ал буга чейин алдамчылыкка айыпталып издөөдө жүргөнү кабарланган болчу.

Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев жергиликтүү кеңештердин депутат болчу талапкерлерге талап жетиштүү эмес деп эсептейт:

- Аткаруу бийлигине кызматка алып жатканда ошол кадрга кандай талаптар коюлса, жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышып жаткан талапкерлерге дагы ошондой эле талаптар коюлушу керек. Кандайдыр бир критерийлерди иштеп чыгыш керек болуп калды. Азыркы учурда Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары абдан чоң. Өкмөттү түзөт, өкмөттү таратат, бюджетти бекитет, кадр маселелеринин баарын чечишет. Жергиликтүү кеңештердин деле ыйгрым укуктары абдан чоң, ошол региондогу бардык маселелерди чечет, бюджетти бөлүштүрөт. Ошондуктан, албетте, таза, билимдүү, ошол карап жаткан маселени түшүнгөн адамдар келсе жакшы болот эле.

Абдрахман Маматалиев
Абдрахман Маматалиев

Абдрахман Маматалиев мыйзамдык чаралар тууралуу да кошумчалады:

- Азыркы мыйзам боюнча уюшма кылмыш топтун мүчөсү деп каттоого алып, көзөмөлгө алуу жол-жобосу өтө оор. Сөзсүз соттун чечими болушу керек. Милициянын оперативдүү каттоосунда тургандар дагы бар. Аларды четтетүү, жолун тосуу боюнча так, даана механизм жок. Ушул жерде эң өкүнүчтүү жагдай, азыр биздин чоң эле саясатчылар, депутаттар, аткаруу бийлигиндеги жетекчилер спортчу балдардан турган топторду түзгөндү, спорт клубдарды ачканды өнөкөт кылып алышты. Азыр чоң шаарларда начар кырдаал түзүлүп калды. Айрым бир шаарларга барсаң эле ИИМдеги тиги жетекчинин, бул жетекчинин спортчулары, тиги саясатчынын балдары дегендер чыкты. Алардын карапайым адамдарга кордук көрсөткөн, кайсы бир маселелерди күч менен чечкен учурлары дагы жок эмес. Ушунун баарын тартипке сала турган мыйзам кабыл алуу керек.

Мындан эки жыл мурун ошол кездеги ички иштер министри Абдылда Суранчиев уюшма кылмыш топтун мүчөсү, ага катышы бар деп тизмеде турган Жогорку жана жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын, аткаминерлердин аттарын атаган. Былтыр парламенттик шайлоо маалында айрым бир партиялардын тизмесинде мындай адамдар бар экенин “Азаттык” жазып чыккан.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG