Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:44

Полковниктин өлүмүнө шектелген Досонов акталды


Кримтөбөл атыккан Кадыр (Женго) Досоновду Ош облусунун Кара-Суу райондук соту актады. Шоноевдин атасы өкүмгө сот системасынын коррупцияга батышы катары баа берди.

Кара-Суу райондук соту 6-июлда бир жарым жылдык тергөөдөн кийин Ош облустук башкармалыгынын кызматкери, ​полковник Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деп айыпталып кармалган Кадыр Досоновду актады.

Женго аттуу каймана ысым менен белгилүү Досонов учурда биротоло эркиндикке чыгуу үчүн соттун чечими күчүнө кире турган 10 күндүк мөөнөттү күтүп жатат. Маркум Шоноевдин атасы Курманбек Шоноев сот адилеттигинен түңүлгөнүн айтып, апелляциялык арыз жазбай турганын билдирди.

Курманбек Шоноев
Курманбек Шоноев

- Апелляциялык арызды облустук сотко бербейбиз. Алар кандай чечим чыгарары бизге дайын. Облустук сотто кимдер отурганын мен жакшы билем. Жогорку Сотко да жазбайм. Акмын деп аткан Кадыр Досоновго да ишенбейм. Азыркы чечим соттордун коррупциялашып, милициянын ичинен булганып калганын далилдейт.

Курманбек Шоноев уулунун өлүмүнө милициянын жетекчи кызматкерлери да аралашкан деген шектенүүсүн жашырган жок.

- Мен бул ишти кылмышка тиешеси бар адамдардын уятына койдум. Алар бүгүн болбосо эртең сөзсүз жооп берет. Балам жаш, курч, ишенчээк эле. Көрсө бул жерде бийлик, милиция жана криминалдар чырмалышып калган экен. Анвар Алиевдин өлүмү боюнча Бакиевдин тушунда кесилген Алмаз жана Шавкат аттуу кызматкерлерден шегим бар. Алардын дагы ушул ишке катыштыгы толук иликтенген жок. Баламды жанында жүргөн кесиптештери сатып кетти деп эсептейм.

Кадыр Досоновдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева Кара-Суу райондук сотунун чечимин адилеттүү деп баалады. Адвокаттын айтымында, Досоновго каршы анын өкүл баласы Кадыр Сайдиевден кыйноо жолу менен көрсөтмө алынган.

- Кадыр Досонов ал кылмышты башынан эле моюнуна алган эмес. Окуя болгон учурда түрмөдө отурган. Досонов менен Шоноев мурда тааныш болгон эмес. Экөөнүн ортосунда мамиле, талаш-тартыш жок болсо аны эмне үчүн өлтүртөт? Мотив жок. Болгону Досоновдун өкүл баласынан кыйноо жолу менен алынган көрсөтмө бар. Андан башка бир дагы далил жок. Сайдиевдин кыйноого алынганы ырасталган.

Өлкө түштүгүндө өзгөчө таасири бар делген Кадыр Досоновдун акталышын айрымдар аны шайлоого жакын атайын чыгарышты деген пикирин социалдык тармакка жазышты.

Кадыр Досонов буга чейин 2013-жылы, Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовду кызматтан алуу кампаниясы учурунда бир ирет эркиндикке чыгарылган. Бирок Женгонун жактоочусу Сүйүнбаева Досоновдун акталышынын саясат менен байланышы жок деди:

- 2008-жылы ачылган иш үчүн аны эмнегедир 2012-жылы кармашкан. Бирок анын кайра чыгышы ошол Мырзакматовдун ызы-чуусу башталган учурга туш келип калган. Ошондон улам муну саясатташтырып жатышса керек.

Анткен менен Женгонун өкүл баласы Кадыр Сайдиевдин кыйноого алынышы боюнча кылмыш иши козголгон эмес.

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноев 2013-жылы үйүнүн жанынан киши колдуу болгон. Натыйжада Шоноевге тогуз жолу ок атылып, анын бешөө денесин тешип кеткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG