Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Досоновдун пайда болушу суроо жаратты


Кадыр Досоновго биринчи ирет 2011-жылы издөө жарыяланган.
Кадыр Досоновго биринчи ирет 2011-жылы издөө жарыяланган.

УКМК кримдүйнөнүн анабашы аттыккан Кадыр Досоновду сотко чекисттер коштоп барган деген маалыматты четке какты.

Ош облустук соту 13-январда бир канча айдан бери издөөдө жүргөн, кримчөйрөдө “Жеңго” деген каймана ат менен таанымал Досоновду үй камагына чыгарды. Милиция менен прокуратура буга байланыштуу Жогорку Сотко арызданганы жатат.

Кылмыш дүйнөсүнүн тилинде “положенец” макамын алып жүргөн Досоновдун Ошто мэр шайлоонун так алдында пайда болушу жана үй камагына чыгарылышы түрдүү божомолдорду жаратууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кадыр Досонов сотко өз эрки менен келгенин жарыялады. Аталган комитеттин маалымат кызматынын өкүлү Рахат Сулайманов чекисттер Досоновду учак менен Ошко атайын алып барды жана анын сотун жарыялабай жашыруун өткөрдү деген маалыматты четке какты. Анын айтымында, жолугушуу соттон кийин болгон:

- Досонов сот имаратынан УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына алынып келип, ал жерде эскертүү иретинде профиликтикалык маек гана жүргүзүлгөн. Кандайдыр бир мыйзам бузуу иштерин жүргүзбөө, коомдук-саясий жана криминогендик кырдаалга таасир тийгизе турган аракеттерди кылбоо туурасында гана сөз болгон. Негизи бул иш ИИМдин карамагында.

Сулайманов атайын кызмат ИИМдин көзөмөлүндөгү бул ишке эмнеге аралашканы тууралуу суроого так жооп берген жок.

ИИМдин Уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча түштүктөгү башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов облустук соттун чечимин жокко чыгаруу боюнча Жогорку Сотко арыз даярдалып жатканын “Азаттыкка” маалымдады:

- Кечээ облустук бул ишти жабык карап, үй камагына чыгарып койду. Азыр эми прокуратура менен чечимди жокко чыгаруу боюнча жогорку инстанцияга арыз жазып атабыз. Мындай окуя ушуну менен экинчи жолу кайталанып жатат.

Сот бийлиги бул окуя боюнча азырынча комментарий берүүдөн баш тартууда.

ИИМ Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү саналган Досоновго алгачкы жолу 2011-жылы, уюшма кылмыш топторго каршы активдүү күрөш жүрүп жаткан кезде издөө жарыялаган. Бир жылдан кийин, 2012-жылы күзүндө Тажикстанда колго түшүп, Кыргызстанга алынып келген жана ага карактоо, маңзат соодасы, адам уурдоо сыяктуу оор айыптар тагылган. Досонов бирок шаардык сотто акталып чыккан.

Милиция Досоновго экинчи жолу былтыр, ноябрда кайра эл аралык издөө жарыялаган болчу. Эми Ошто мэр шайлоого эки күн калганда пайда болушу, сот анын баш коргоо чарасын дароо карап, үй камагына чыгарышы бир топ күдүк суроолорду жаратууда.

Жогорку Кеңештеги Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин төрагасы, “Республика” фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев уюшма топтун анабашы катары милициянын каттоосунда турган Досоновдун үй камагына чыгарылышын айыптады:

- Мурунку министрлерди, 120 депутат шайлаган мурунку спикерди, мамлекеттеги экинчи адамды 50-60 депутат кепил бергенине карабай, качып кетет, сотко таасир этет деген жүйөө менен үй камагына чыгарбай жатпайбызбы. “Жеңго”, же дагы башка каймана аты бар ОПГнын мүчөлөрүн алар өздөрүнө каршы көрсөтмө бергендерди күч менен коркутат да. Соттор ушул жагдайларды эске алып камакта калтырышы керек эле. Ушундай учурлардан улам эл арасында “сатылма, паракор соттор” деген сыяктуу нааразылык күчөйт.

“Чындык” партиясынын лидери Кубанычбек Кадыровдун баамында, азыркы бийликтин уюшма кылмыш топтор менен күрөшүү тууралуу айткандары иши менен дал келбей жатат жана Досонов өңдүү уюшма кылмыш топтун анабашы атыккандардын бошоп кетиши тартип коргоо органдарынын кызматкерлерине залалын тийгизет:

Азис Батукаев
Азис Батукаев
- Акаев менен Бакиев кое бербеген, криминалдын анабашы болгон Батукаевди кызыл килем төшөп, коштоп барып учакка салып, паспортун берип узатып жиберишпедиби. Кадыр Досонов өңдүү адамдардын бошотулушу милицияларды абдан жаман абалга калтырып койду. Күнү-түнү өмүрүн тобокелге салып, оор абалда иштеп, криминал менен күрөшүп атканда, алардын үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна коркунуч келтирген жаман иш болду.

Апрель ыңкылабынан кийин бийликке келген өлкө жетекчилери уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш токтобой турганын, натыйжасы болорун байма-бай билдирип келишет. Бирок Батукаевден сырткары, буйрутма киши өлтүрүүлөр боюнча өмүр бою абакка кесилген Эркин Мамбеталиевдин акталышы, кримчөйрөдө “Водолаз” аттуу каймана ат менен таанымал Максат Абакировдун бошотулушу боюнча бир топ сындар айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG