Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:28

Шоноевдин өлүмүнө милиция аралашканбы?


Полковник Шоноевди акыркы сапарга узатуу. 2013-жыл
Полковник Шоноевди акыркы сапарга узатуу. 2013-жыл

Ошто киши колдуу болгон полковник Толкунбек Шоноевдин атасы Курманбек Шоноев уулунун өлүмүнө байланыштуу соттук териштирүүлөргө нааразы болуп чыкты.

“Соттор, тергөөчүлөр жана прокурорлор кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрүнөн коркуп жатышат” дейт ал. Айтымында, уулун өлтүрүүгө буюртма берди делген Кадыр Досонов акталып, айып милиция кызматкерлерине оодарылганы турат. Ал эми экинчи тарап башкача жүйө келтирүүдө.

Полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берди делген Кадыр Досоновдун соттук иши аягына чыкпай жаткан себебин маркумдун атасы Курманбек Шоноев таасирдүү күчтөр менен байланыштырууда. Айтымы, алар укук коргоо кызматтарына ачыктан ачык таасир көрсөтүүдө:

- Бир жыл ичинде соттук отурумдар болуп көрбөгөндөй жылдырылды. Ишти кароодон үч сот баш тартты, ушул ишти карайм деп жатып үч сот кайра шайланбай, жумуштан кетти. Эми азыр бир жаш бала карап жатат. Бирок андан да бул иштин аягына чыгарына күмөнүм бар. Сотторду да, милицияны да, прокурорлорду да кыйнап бүтүштү. Баары соттук процессте ооздоруна талкан салып алгандай отурушат, баары коркушат. Эмнеден, кимден коркушат? Мафиядан коркушат. Сот иши жүрүп жатканда ал мафиянын башында ким турарын азыр айта албайм. Бирок ал бийлик органдарында, Ак үйдө отурат. Керек болсо президенттин жанында жүрөт. Алар бул Кадыр Досоновдун жоопкерчиликке тартылышын каалабай жатышат.

Курманбек Шоноев
Курманбек Шоноев

Мындан үч жыл мурдагы окуя боюнча үч кылмыш иши козголгон. Шоноевди өлтүрүүгө катышкан алты жаран жана алардын башчысы Кадыр Сайдиев өмүр бою эркинен ажыратылган. Алар кылмышты толугу менен моюнуна алышкан. Кадыр Сайдиев көрсөтмөсүндө өзүнүн өкүл атасы Кадыр Досонов Шоноевди өлтүрүүгө буюртма бергенин да ачык билдирген жайы бар.

Бирок Досонов кармалгандан кийин ал өзүнүн көрсөтмөсүн четке кагып, полковникти жок кылууга ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын үч кызматкери буйрук кылганын айтып жаткан экен. Ушундан улам Досонов эркиндикке чыгып кетүү коркунучу бар дейт Курманбек Шоноев:

- Кадыр Сайдиев “Шоноевди өлтүрүүгө мага милициялар буйрук берген” деп ачык айтып жатат. “Ким буйрук берди, аттарын айтчы” десем, ошол жерде айта албай койду. Бирок менимче ал мындай көргөзмөсүн Кадыр Досоновдун айтуусу боюнча берип жатат. Анткени ал Досоновсуз бир да иш кыла албайт. Алар эптеп Досоновду жоопкерчиликтен бошотуу керек болуп жатат. Анткени Досонов Шайдиевдин өкүл атасы, крим чөйрөдөгү “крышасы”. Ошондуктан мен бул ишти тезирээк иликтеп аягына чыгарууну талап кылам. Президенттен, премьер-министрден жана башкы прокурордон да бул ишке акыйкат карап, айыптуу кишини жазалап берүүсүн өтүнөм.

Толкунбек Шоноев
Толкунбек Шоноев

Полковник Толкунбек Шоноевди өлтүргөндөрдүн башында турган Кадыр Сайдиев көрсөтмө берип жаткан үч милиция кызматкери кимдер экени сотто айтылган менен, ал азырынча коомго белгилүү эмес. Бирок алар өздөрү бул айыптоолорду толугу менен четке кагып, муну кылмышкерлердин жоопкерчиликтен качуу аракети катары сүрөттөөдө. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев буларга токтолду:

- Негизи кылмыш чөйрөсүнүн мыйзамы боюнча кимдир бирөө кылмыш авторитетине каршы көрсөтмө берсе же өлүшү керек, же башка нерсе болушу керек. Эгер милицияга каршы жалган көрсөтмө берсе ал кылмышкер өзүнүн күнөөсүн жууп, кылмыш чөйрөсүндө аброй алат. Ошол себептүү Сайдиев башында Досоновго каршы көрсөтмө берип, кийин абакка жаткандан кийин кылмыш “авторитетинин” кысымы менен гана көрсөтмөсүн өзгөрткөн. Бирок бул иште ички иштер кызматкерлеринин эч кандай колу жок.

Ал эми кылмыш дүйнөсүндө “Жеңго” деген каймана ат менен белгилүү Оштогу кримчөйрөнүн анабашы атыккан Кадыр Досоновдун адвокаты Назгүл Сүйүмбаева Шоноевдин өлүмүнө Досоновдун тиешеси бардыгы тууралуу далилдер табылбаганын айтууда. Натыйжада анын ишин кыскартуу боюнча Сүйүмбаева Ош шаардык прокуратурасына өтүнүч да жиберген экен:

Кадыр Досонов
Кадыр Досонов

- Досоновдун бул кылмышка эч кандай тиешеси жок. Анткени Шоноевге буюртма берүүгө кандайдыр бир негиз болушу керек. Шоноев менен Досоновдун эч кандай мамилеси жок болсо, талашы жок болсо, ал эмнеге Шоноевди өлтүртмөк эле? Экинчиден, азыр Сайдиевдин көрсөтмөсүнөн башка Досоновдун бул ишке аралашкандыгы жөнүндө далил жок. Аны дагы Сайдиев “мени күч кызматтары Досоновго каршы көрсөтмө бересиң деп тепкилешкен” деп айтып, кийин өз көрсөтмөсүн өзгөртүп жатат. Ал ошо кыйноодон улам гана Досоновду айыптагандыгын моюнуна алып жатат.

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноев 2013-жылы үйүнүн жанынан киши колдуу болгон. Натыйжада Шоноевге тогуз жолу ок атылып, анын бешөө денесин тешип кеткен.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG