Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

Фарид Ниязов: Сариев өзүнө көңүл бурдурууну каалап жатат


Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын башчысы Фарид Ниязов Темир Сариевдин билдирүүсүнө жооп кайтарды. Ал Сариевдин билдирүүсүн өзүнө көңүл бурдуруу аракети катары баалайт.

- Бул билдирүү күчтүү атаандашы аркылуу өзүнө көңүл бурдуруу аракети. Бул кадимки эле пиар технология. “Форумга” аткаминерлер иш учурунда келип жатат деген негизсиз. Биз жолугушууларды уюштурбайбыз. Иштен тышкары убакта келгенге алардын укугу бар. Келбегиле деп чектей албайбыз, - Фарид Ниязов.

“Ак шумкар” саясий партиясынан президенттикке талапкер Темир Сариев бүгүн билдирүү таратып, Фарид Ниязов менен Икрамжан Илмияновду “Форумдун” имаратында кызмат адамдары менен жолугушууларды уюштуруп, Жээнбековду колдоого үгүттөп жатат деп айыптаган.

Сариев билдирүүсүндө өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков тез арада кызматын тапшырып, шайлоого башка талапкерлер менен бирдей шартта катышуусу керектигин кошумчалаган. Фарид Ниязов Жээнбеков мыйзам чегинде иштеп жатканын, анын жолугушуулары мыйзамга каршы келбесин билдирди.(UEz)

XS
SM
MD
LG