Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Шайлоо-2017: Темир Сариев Сооронбай Жээнбековду айыптады


Темир Сариев жана Сооронбай Жээнбеков.
Темир Сариев жана Сооронбай Жээнбеков.

Президенттикке талапкер Темир Сариев бийликтин партиясынан президенттик жарышка бараткан премьер-министр Сооронбай Жээнбековду кызмат абалынан пайдаланып, үгүт иштерин жүргүзүүдө деп сынга алды.

Шайлоо алдындагы биригүүлөр

“Ак шумкар” саясий партиясынын лидери Темир Сариев 8-августта президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров, “Ата-Журттун” лидерлери Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаев менен биригүү тууралуу сүйлөшүүлөр башталганын “Азаттыкка” билдирди.

- Бүгүн төртилтик менен жолуктум. Ал жерде Төрөбаев, Келдибеков, Мадумаров жана Ташиев болду. Биз штаб башчым Элмира Ибраимова менен бардык. Негизги багыттар боюнча пикирлерибиз дал келди. Азырынча биригүү тууралуу айтуу эрте, бирок алдыда бир топко биригүү маселеси көтөрүлүп жатат, - деди Сариев.

Сариев, Келдибеков, Ташиев, Мадумаров жана Төрөбаев.
Сариев, Келдибеков, Ташиев, Мадумаров жана Төрөбаев.

Кечээ, 7-августта президенттикке аттанган "Бүтүн Кыргызстан", “Ата- Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” партияларынын лидерлери Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков жана Бакыт Төрөбаев шайлоодо бир талапкерди колдоо үчүн бириккенин жар салышкан.

Алардын​ ар бири өз партияларынын атынан президенттик шайлоого талапкер болуп катталуу үчүн БШКга арыз жолдогон. Темир Сариевди “Ак шумкар” саясий партиясы шайлоого аттандырган.

Премьер-министр үгүт жүргүзүп жатабы?

Ушул эле күнү президенттикке талапкер Темир Сариев ​расмий үгүт баштала электе эле министр, губернатор, мэр баштаган жетекчилерди иш убактысына карабай, “Форум” борборуна чакыртып, бийликчил партиянын талапкери, премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун кызыкчылыгына иштөөгө мажбурлап жатат деп күнөөлөдү.

"Бул ишти Фарид Ниязов жана Икрам Илмиянов экөө алып барып жатат. Ал “жумуш жыйындарына” өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков өзү дагы маал-маалы менен катышып жатат" деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Сариев “Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кызмат абалынан пайдаланып, үгүт иштерин эртелеп баштоосу мыйзамдарга каршы келет. Жээнбеков чукул арада кызматын тапшыруусу керектигин” айтып, прокуратураны, Борбордук шайлоо комиссиясын бул көрүнүшкө көңүл бурууга чакырган.

Мындан тышкары БШКны тергөө абагында отурган саясатчыларга да шайлоого талапкер катары катышууга бирдей шарттарды түзүүгө үндөгөн.

Жээнбековдун штабынын жообу

С.Жээнбековдун шайлоо штабы Т.Сариевдин бул билдирүүсүн тек гана өзүнө көңүл бурдуруу аракети деп баалады. КСДПнын төрага орун басары Фарид Ниязовдун “Азаттык” радиосуна ырасташынча, Жээнбековдун иш-аракеттеринде үгүт эрежелерин бузуу жок.

Фарид Ниязов
Фарид Ниязов

- Бул билдирүү күчтүү атаандашы аркылуу өзүнө көңүл бурдуруу аракети. Кадимки эле пиар технология. “Форумга” аткаминерлер иш учурунда келип жатат деген негизсиз. Биз жолугушууларды уюштурбайбыз. Иштен тышкары убакта келгенге алардын укугу бар. Келбегиле деп чектей албайбыз, - деди Фарид Ниязов.

Ал эми Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер Темир Сариевден бул доомат жаатында кагаз жүзүндө кайрылуу түшө электигин маалымдады.

БШКнын мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбековдун пикиринде, бийликтин талапкери шайлоо эрежесине каршы келбеген, мыйзамды кыйгап өткөн үгүт ыкмасын таап алды. Бирок Боршайком мындай абалда талапкерлерге бирдей шарт түзүп берүү үчүн чечим кабыл алууга укугу бар:

БШК үгүт ишин эрте баштабоону эскертти

БШК үгүт ишин эрте баштабоону эскертти

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого катышканы жаткан саясатчыларга, саясий күчтөргө үгүт иштерин эрте баштабай турууну эскертти жана мыйзамды сыйлоого чакырды.

- Буга добуш бергиле деп үгүттөп жүрсө, мыйзам бузуу болуп саналат. Ал эми жөн эле аймактарды кыдырып жүрсө, ал иши деп койсо жөндүү. Бирок бардык талапкерде андай мүмкүнчүлүк жок. Расмий үгүттү күтүп жатышат. Моралдык жактан алганда Жээнбековдуку туура эмес. БШК чара көрбөсө дагы, муну токтоткула деп пикирин билдирсе болмок.

Буга чейин дагы Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы "өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кызмат абалынан пайдаланып шайлоого үгүт жүргүзүүдө" деп БШКга кайрылган. Ал эми БШК Жээнбеков талапкер катары расмий катталбагандыктан анын аймактарды кыдыруусунда мыйзам бузулган жок деп тапкан.

Атаандаштык дагы күчөйт

Кыргызстанда шайлоо өнөктүгү башталганы оппозициячыл талапкерлер бийликти административдик ресурс колдонот деп айыптаганы менен, КСДП талапкерин сүрөгөн партиянын таасирдүү мүчөлөрүнүн аттары аталган эмес.

Саясий жүрүштөргө байкоо салгандар мындан ары талапкерлердин бири-бирине каршы ачык айыптоолору күчөйт деп божомолдоп жатышат. Алардын бири - талдоочу Шерадил Бактыгулов.

- Азыр дагы эртерээк. Анткени баары расмий талапкер боло элек. Талапкер болуп өткөндөн кийин башталат. Азыр бири-бирине каршы маалыматты топтоп атышат. Дагы бир топ маалыматтар чыгат.

5-августта интернетке ак халат кийген бир топ дарыгерлердин "Сооронбай Жээнбеков" деген жазуунун алдында жыйын куруп жаткан сүрөттөрү чыккан. Анда "дарыгелер үгүт жүргүзүп жатышканы" айтылып, интернет колдонуучулардын талкуусуна түшкөн. Муну С.Жээнбековдун шайлоо штабы "чагым" деп баалап, четке каккан.

Кыргызстанда Баш мыйзамга соңку өзгөртүүлөр киргизилгенден кийинки алгачкы президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылы 15-октябрда өтөт. Үгүт иштери сентябрда башталат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG