Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:13

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылып, кезексиз сессия чакыртууну өтүндү.

Ал арада партиянын юристтери менен БШК орток пикир таба албай жатат. Беш күндөн бери ачкачылык кармап жаткандар саясатчынын мамлекеттик тил сынагына катышуусуна кепилдик берилмейинче акцияны улантарын билдиришти.

БШК: маселени биз чечпейбиз

Өмүрбек Текебаевди тил сынагына катыштыруу маселесине байланыштуу кабыл алган Бишкек райондор аралык сотунун чечими саясатчынын адвокаттары жана БШК тарабынан эки башка чечмеленип жатат. Боршайком сот чечими Текебаевди тил сынагына катыштырууну милдеттендирген жок деген көз карашты карманууда. Бул тууралуу БШК мүчөсү Алмаз Асаналиев “Азаттыкка” билдирди:

- Сот БШКнын Текебаевдин тестке катышуусуна мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу тууралуу кандайдыр бир чечим кабыл алынбагандыгын гана туура деп тапты. Бизди милдеттендирген жок. Анын үстүнө мыйзамда камактагы адамдын тест тапшырууcу каралган эмес экен. Андыктан камакта отурган адамдардын тестке катышуу үчүн бир жерден экинчи жерге баруусу менен байланышкан маселелерди чечүү соттун компетенциясына гана кирет.

Ал эми “Ата Мекен” партиясынын юристтери БШКны райондор аралык соттун чечимин аткарбай, өзүмбилемдикке барып жатат деп айыптоодо. Партиянын юристи Канатбек Азиз билдиргендей, шайлоо комиссиясы УКМКнын тергөө абагына кат жөнөтүү менен гана Текебаевди тил сынагына катыштырып койсо болот.

- БШК азыр райондор аралык соттун чечимин аткарбоо үчүн жаңы шылтоолорду таап чыкты. Бирок кечээ БШК өзүн өзү алдап салды. Алар тил сынагын кабыл алчу аппараттарды башка жакка көчүргөнгө болбойт деп айтып алышты. Бирок аппараттар ансыз деле башка имаратта турбайбы, тил сынагы Улуттук университетинде өтүп жатат го. Анын үстүнө ал аппараттар деп айтылганы менен болгону бир эле ноутбук экен. Бул жерде БШКнын мыйзамды тебелеп жатканын гана көрсөк болот.

Ачкачылык ден соолукту ала баштады

Президенттикке талапкер болуу арызын берген Өмүрбек Текебаевди тил сынагына катыштыруу талабы менен дүйшөмбү күнү башталган ачкачылык акциясы уланууда.

№10 бейтапкананын терапевти Абдылатиф Апызов “Азаттыкка” билдиргендей, ачкачылык кармаган беш адамдын төртөөнүн кан басымы жогорулап кеткен. Алардын арасынан Таттибай Матисаков аттуу жарандын абалы оорлошуп баратканы аныкталды.

-Таттибай байкенин кан басымы өтө жогорулап, 160/120 болуп кетиптир. Бул кишинин атасы жана энесинде дагы кан басымы жогору экен. Демек бул адам тобокел группасына кирет. Азыр ачкачылык жарыялап жатканда кан басымы көтөрүлсө, ар кандай кырдаал болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан бул кишиге ачкачылыкты токтотуу жана дарыларды ичүү керек деген сунуштарды айттык, керектүү дарыларды алып бердик.

Өз кезегинде Таттибай Матисаков талап аткарылмайынча ачкачылыгын токтотпойм деп билдирди.

- Биздин лидерибиздин укугу тебеленип жатат. Анын бардыгын кыргыз эли көрүп, билип турат. “Кыргызтест” сынагына киргизүү боюнча чыгарган райондор аралык соттун чечимин БШК бүгүн чечпей жатат. Мен ушул маселенин чечилишин күтүп жатам, ошондой эле Өмүрбек Текебаев бошотулмайынча ачкачылыкты токтотпойм.

Акцияга катышып жаткандардын дагы бири Темир Эмиловдун канындагы канттын деңгээли жогорулап, 2-августта аны "Тез жардам" алып кеткен эле. Бүгүнкү күндө ал үйүнөн дарыланып жатат.

Текебаев кезексиз жыйынды демилгеледи

Бул арада сотто сурак берип жаткан Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылып, кезексиз сессия чакыртууну өтүндү.

Кайрылууда “өлкөдөгү коомдук-саясий абалды жана президенттик шайлоого байланыштуу туруктуулукту камсыз кылуу маселелерин талкуулоо үчүн парламентти чукул чогултуу зарыл" деп айтылат.

Ошондой эле Текебаев төрага Чыныбай Турсунбеков шайлоо жараянына толук бойдон жооптуу экенин эскертип, тил боюнча сынакка катышуусун камсыз кылууга чукул чараларды көрүүнү суранды. Бирок азырынча ага Жогорку Кеңеш төргасынан жооп келе элек.

Курманбек Осмонов
Курманбек Осмонов

Ал эми парламенттин мурдагы депутаты, юрист Курманбек Осмонов Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынга чогулуу тартиби тууралуу буларды айтты:

- Парламенттин кезексиз жыйыны өлкө түзүлүшүнө коркунуч, кооптуу жагдай жаралып калган маалда чакырылат. Башкача айтканда, өтө маанилүү маселе жаралганда гана. Анын чакыруунун тартиби, мөөнөтү Жогорку Кеңеш жөнүндө мыйзамдарда каралган. Ал эми шайлоо тууралуу айтсак, шайлоо жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, мөөнөтүн аныктап коюшкан. Шайлоону өткөрүү, уюштуруу ошол мыйзамда каралган. Өмүрбек Текебаев өзүнө байланыштуу кайрылуу жасаса керек. Белгилүү саясатчыларды, президентикке талапкерлерди камап, шайлоого толук кандуу катышууга мүмкүнчүлүк түзбөй атат, ошону талкуулап бергиле деп кайрылса керек. Азыр чогулууга башка орчундуу маселе жок. Текебаев үчүн кезексиз жыйынга чогулуу канчалык маанилүү аны карап көрүш керек.

"Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-депутат Дүйшөнкул Чотонов "Мегаком" уюлдук компаниясына байланыштуу орус жаранынан ири суммада пара алган деген айып менен соттолууда. Алардын тарапкерлери бул ишти саясий куугунтук деп атап жатат. Ишти козгогон Башкы прокуратура саясат менен байланыштырууга негиз жок деп билдирип келет.

Келе жаткан жумада сот процессинде жарыш сөзгө кезек берилери айтылууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG