Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:08

Өмүрбек Текебаев менен судья айтыша кетишти


Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланууда.

Адвокат Чынара Жакупбекова Текебаевден 2010-жылы 13-май күнү эмне болгонун айтып берүүсүн суранды. Текебаев бул суроого жооп берүүнү 7-апрелден баштаган учурда судья Айбек Эрнис уулу тек гана 13-май тууралуу айтуусун талап кылды.

Буга каршы болгон Текебаев менен судья ортосунда кайым айтышуу орун алып, ал "сиз менин көрсөтмө берүү укугумду тебелебеңиз, мага өкүмдү бир саат же бир күн кеч чыгарсаңар эч нерсе болбойт, бирок акыйкатты угуп кой" деди.

Судья Айбек Эрнис уулу ишке тиешелүү гана учурларды айтуу керек экенин белгиледи.

Текебаев 13-майда өлкөдө кырдаал кылдын учунда болгонун, ал күндөгү жолугушуулар ЖМК жана протокол, видеолордо бар экенин билдирип, бул күнү орус ишкери Леонид Маевский менен жолугушуу мүмкүн эмес болгонун айтты.

Беш айдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан Текебаев менен Чотонов "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жаранынан ири суммада пара алган деп айыпталууда.

Алар бул ишти саясий куугунтук деп атап келет.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева быйыл 6-апрелде парламентте сүйлөп жатып көзөмөл органы саясатка аралашпай турганын билдирген.(SDz/RK)

XS
SM
MD
LG