Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:53

Өкмөт башчы болуп бир жыл төрт ай отурган Сооронбай Жээнбеков алдыдагы шайлоого байланыштуу кызматын тапшырды. Эксперттер 29-премьер-министрдин ишине баа берүүдө.

21-августта Сооронбай Жээнбеков премьер-министр катары акыркы жолу өкмөттүн жыйынын өткөрүп, соңку жыл ичиндеги жетишкендиктерине токтолду. Жээнбеков өлкөнүн ички дүң өнүмү алты пайыздан жогору өскөнүн айтты жана элге жакын иштегенин белгиледи:

- Биз элге жакын өкмөт боло алдык. Муну ачык айтып койсок болот. Өкмөттүн жетишкендиктери - эл талап кылган иштердин жыйынтыгы болду. Биздин ишибиздин негизги багыттарын, ишибиздин күн тартиби коомчулук талап кылган көйгөйлөр аныктады. Урматтуу кесиптештер, биз ынтымакта, бир ыргакта иштедик, - деген Жээнбеков өз командасына, министрлерге жана журналисттерге ыраазычылык билдирди.

Анткен менен Жээнбековдун өлкөнүн экономикалык өсүштөрү жөнүндө айткандарына ынанбаган эксперттер, өкмөттүн жетишкендиктерин кагаз жүзүндө деп баалап жатышат. Айрыкча ЕАЭБге кирген соң жергиликтүү дыйкан, ишкер, өндүрүшчүлөрдүн толгон-токой маселелери чечилбей келатат дейт экономикалык серепчи Руслан Акматбек:

- Бул өкмөт да, тилекке каршы, реформатор эмес, утурумдук көйгөйлөрдү чечип, өрт өчүргүч катары иштеди. Мурдагы өкмөттөн мурас катары калган көйгөйлөр ошол бойдон кала берди. Акыркы эле эки көйгөй: ишкерлер Кытайга виза алалбай жатат, бул чечкиндүү кадамдар менен эле чечилмек. Экинчиден, ЕАЭБде дагы деле тоскоолдуктар бар. Орусияга жүк ташууда маселе бар.

КСДП таптаган Жээнбеков

КСДПнын саясий кеңеши президенттикке өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сунуштагандан бери анын дарамети ар түрдүүчө талданып жатат.

Ушул айдагы мамлекеттик телеканалдарга курган маегин кошпогондо өкмөт башчылык кызматта Жээнбеков ММКларга жабык болду дешет. Жээнбековдун башчылыгындагы өкмөткө оң баа берген серепчилер анын популисттик билдирүүлөрдөн, саясий оюндардан оолак иштегенин белгилешет. Коомдук ишмер Жыпар Жекшеевдин пикиринде, Жээнбеков чарбачыл башкаруучу болду.

- Кандай деп айтпаган күндө дагы саясий интригаларга аралашпай экономика, чарба иштери менен алектенди. Макроэкономика түшүп кетсе, анын учурунда 6-7 пайызга өстү. Экспортто жакшы өсүш болду. Кыскасы, чарба иштерин жакшы алып барды. Ишинен кемчилик таба албайсың.

2016-жылы ноябрь парламенттеги көпчүлүк ыдырап, жаңы коалицияны менен өкмөттүн курамы дагы жаңырган. Жогорку Кеңеш Сооронбай Жээнбеков ордунда калтырып, алты министр, бир вице-премьер-министр алмашкан эле. Анда оппозициядагы депутаттардын көпчүлүгү жаңыдан келген кадрлардын кесипкөйлүк деңгээлине нааразы болушкан.

Чолпон Жакупова
Чолпон Жакупова

Экс-депутат Чолпон Жакупова эски Баш мыйзамга ылайык премьер-министрдин көп маселеде ыйгарым укуктары чектелүү экенин, өкмөт башчынын ишине бир тараптуу баа берүү туура эмес дейт.

- Ал колдон келишинче баары менен жаңжалга барбай иштегенге аракет кылды. Эми бул адамдык сапаты, бирок өкмөт башчылыкта мокок болду. Эми азыркы Баш мыйзам боюнча өкмөт мокок жана эч кандай креативдүү аракет кыла албайт. Жаңы Баш мыйзам 2018-жылдан баштап ишке кирет. Ал эми азыр бардык чечимдер президенттин аппараты тарабына чечилээри эч кимге жашыруун эмес. Азыр премьер-министрлик кызмат садага чабылчу орун.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 1991-жылдан берки 29-өкмөт башчы. Ал былтыр апрель айында ишке киришкен. 21-августта Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкер болуп катталды.

Премьер-министр кызматын тапшырган учурда өкмөт курамы толугу менен кызматтан кетип, анын ордуна көпчүлүк коалиция жаңы курамды көрсөтүп, депутаттардын үчтөн экиси макул болууга тийиш. Жаңы өкмөт шайланганча азыркы өкмөттүн курамы милдетин аткаруучу болуп турат.

Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы 25-августта өтүшү мүмкүн жана анда жаңы өкмөттүн курамы талкууланышы кабарланууда. Ал ортодо Жээнбековдун ордуна президент Алмазбек Атамбаевдин оң колу саналган Сапар Исаковдун келээри жоромолдонуп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG