Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:57

Сооронбай Жээнбеков премьерлик кызматын тапшырды


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

КСДПдан президенттикке көрсөтүлгөн Сооронбай Жээнбеков 21-августта премьер-министр катары акыркы жолу өкмөттүн жыйынын өткөрүп, кызматын тапшырып берди. БШК Сооронбай Жээнбековду бүгүн президенттикке расмий талапкер кылып каттаган.

Жээнбеков: Мен сиздер менен коштошпойм

КСДПдан президенттикке көрсөтүлгөн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 21-августтагы өкмөттүк жыйында кызматын өткөрүп берип жатканын айтып, соңку бир жыл ичиндеги жетишкендиктерге кыскача токтолду. Өлкөнүн ички дүң өнүмү алты пайыздан жогору өскөнүн айтты жана элге жакын иштегенин белгиледи:

- Биз элге жакын өкмөт боло алдык. Муну ачык айтып койсок болот. Өкмөттүн жетишкендиктери - эл талап кылган иштердин жыйынтыгы болду.

Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн жыйынында өз командасына, министрлерге жана журналисттерге ыраазычылык билдирип, президент болуп шайланып калса, Алмазбек Атамбаев баштаган иштерди улантаарына токтолду:

- Кудай колдоп, элибиз ишенип көрсөтүп, буйруса, президен болуп шайланып калсам, Алмазбек Шаршенович Атамбаев баштаган өнүгүү багытын улантам. Буйруса, жетишкендиктерди кармап калганга аракет кылам. Элдин, мамлекеттин жүгүн аркалоого тажрыйбам дагы, дараметим дагы жетет, буйруса. Кымбаттуу кесиптештер, мен сиздер менен коштошпойм. Кудайым буйруса, Кыргызстаныбызды чогуу өнүктүрөбүз.

Сооронбай Жээнбеков, Алмазбек Атамбаев жана Сапар Исаков.
Сооронбай Жээнбеков, Алмазбек Атамбаев жана Сапар Исаков.

Бүгүн (21-августта) саал мурдараак Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкер болуп катталган. Ал талапкер болуп катталуу үчүн 46 миң кол топтоп, тил сынагынан 94,6 упай алган эле. Боршайком төрайымы Нуржан Шайлдабекованын колунан талапкер деген күбөлүктү алып жатып, ал өлкөдө адилеттүү, таза шайлоо өткөрүүгө шарт түзүлгөнүн белгилеген.

Сооронбай Жээнбеков премьер-министрлик кызматтан бошотуу тууралуу арызы боюнча бүгүн түштөн кийин президент Алмазбек Атамбаев менен жолугарын да айтты.

Премьер-министр кызматын тапшырып, аны президент кабыл алса, өкмөт курамы толугу менен кызматтан кетип, анын ордуна көпчүлүк коалиция жаңы курамды көрсөтүп, депутаттардын үчтөн экиси макул болууга тийиш.​ Жаңы өкмөт шайланганча азыркы өкмөттүн курамы милдетин аткаруучу болуп турат.

Жаңы өкмөт качан куралат?

Маалыматтарда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы 25-августта өтүшү мүмкүн жана анда жаңы өкмөттүн курамы талкууланышы керек. КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков өткөн жумада кезексиз сессия туралуу "Азаттыкка" буларды билдирген:

- 21-августта Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы болбойт. Ал күнү өкмөттүн кезексиз чоң жыйыны болот. Ал жыйында азыркы премьер-министр, президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун отставкага кеткени боюнча билдирүү жарыяланат. Демек ошол күнү президент Алмазбек Шаршенович өкмөттүн отставкасын кабыл алып, көпчүлүк коалицияга жаңы өкмөттүн курамын жана түзүмүн түзүүгө мандат тапшырышы кажет. Андан соң Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу чечими кабыл алынат, ал 25-августта болушу мүмкүн.

Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Мыйзам боюнча Жогорку Кеңешти кезексиз жыйынды президент, спикер жана парламент депутаттарынын үчтөн бири чакыра алат.

Ал ортодо Жээнбековдун ордуна президент Алмазбек Атамбаевдин оң колу саналган Сапар Исаковдун келээри жоромолдонуп айтылууда. Саясат таануучу Эмил Жураевдун пикиринде, аппарат башчынын бул кызматка көрсөтүлүшү КСДПга шайлоо үчүн да, шайлоодон кийин да маанилүү.

- Премьер-министр алмашат дегенде эң биринчи аталган кишинин аты Сапар Исаков болчу. Бул жаңылык деле эмес. Анын талапкерлиги бийлик үчүн шайлоо өнөктүгүндө, андан кийин да маанилүү. Анткени Исаковдун коюлушу 1-2 айлык эмес. КСДП Исаков аркылуу өкмөт курамын шайлоодон кийин да сактап калууну көздөйт.

Президенттик шайлоо Кыргызстанда 15-октябрда өтөт. Ага катышам дегендердин саны башында 60ка жеткен. БШКнын расмий каттоосунан буга чейин "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев жана "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов өткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG