Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:23

Өкмөт куроо түйшүгү


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Бул күндөрү кыргыз коомчулугунда жаңы өкмөт башчы ким болот, өкмөттүн курамы өзгөрүшү мүмкүнбү деген суроолор көп талкууланууда.

Кызматын өткөрүп берген премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кандай иштеди? Өкмөт жетекчилигине эмне үчүн Сапар Исаковдун талапкерлиги көрсөтүлдү? Келе турган өкмөт президенттик шайлоого кийлигишпейби, дегеле ал өз алдынча саясат жүргүзө алабы?

Бүгүнкү “Арай көз чарай" талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жана экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев катышты.

“Азаттык”: Жумакадыр мырза, жумуштан кетип жаткан мурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков “биз элге жакын өкмөт болдук” деп өз ишине баа бергендей болду. Мурдагы өкмөттөр элден алыс болгонбу, дегеле Жээнбековдун өкмөтү акыркы бир жылда кандай иштеди?

Жумакадыр Акенеев: Өзүнөн мурда да Жээнбековго бааны президент Атамбаев берип, акыркы алты жылдагы “эң мыкты иштеген өкмөт деп эсептейм” деди. Мындан жарым жыл мурда Жогорку Кеңеш өкмөттүн отчетун угуп, 98 депутат аны канааттандырарлык деп добуш берген. Чындап айтканда Жээнбековдун өкмөтү салыштырмалуу жакшы эле иштеп берди. Бир жарым жыл ичинде кандайдыр бир олку-солкулук болгон жок, былтыркы алты айга салыштырганда быйылкы көрсөткүчтөр аябай эле жакшы. Ички дүң продукция 10 пайыздай көбөйсө, экспорттук потенциал отуз пайызга көбөйдү. Быйылкы кыш катаал болгонуна карабай, көмүр жетишпейт, свет өчтү деген болгон жок. Ошонун баарын эстегенде өкмөттүн “элге жакын болгонуна” макул болуу керек го деп ойлойм.

“Азаттык”: Жанар мырза, бир жылдан ашуун премьер-министр болгон Жээнбековдун эсте калган кайсы бир аракеттерин, кадамдарын, өз алдынча позиция, көз караштарын бөлүп көрсөтө аласыз?

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Жанарбек Акаев: Жеке пикиримде Жээнбеков орто заар өкмөт башчы болду. Ошону эске алганда Жээнбековду бир жактуу эле “жаман иштеди” же “жакшы иштеди” дегенге болбойт.

“Жаман иштеди” дебегенимдин себеби мурдагы өкмөт башчылары чуулуу, коррупциялык иштерге шектелип кетсе, Жээнбеков андай болбой, президент болууга аттанып жатканы үчүн кетти.

Ал эми “жакшы иштеди деп айта албайм” себеби, анын элдин эсинде кала турган олуттуу кадамдарын, аракеттерин эл сезген жок. Реформаларды баштай албады. Бир мисал, Жерүй алтын кенинен түшкөн даяр акчага 100 мектеп курулуп бүтүшү керек эле, ал аягына чыкпай калды.

“Азаттык”: Жумакадыр мырза, жаңы өкмөт башчылыгына президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаковдун талапкерлигинин көрсөтүлө тургандыгынын негизги себептерин, критерийлерин сиз эмнеден көрөсүз? Ал кандай сапаттары менен кыргыз коомуна кызыктуу, керектүү персона деп ойлойсуз?

Жумакадыр Акенеев: Сапар Исаков мамлекеттик кызматка, өкмөт аппаратына Бакиевдин убагында Атамбаев премьер-министр болуп турган кезде келген, 12 жылдан бери бир топ маанилүү кызматтарда иштеп келет. Көп жыл тышкы саясат боюнча алектенип келди. Премьер-министр, президент менен жанында жүрүп тыгыз иштеп, көп мамлекеттердин башчылары менен таанышып, көп тажрыйбаларды топтоду. Азыр ал кырктын кырында, иштей турган мезгили, жаштардын башын кошуп, өлкөнүн өнүгүшүнө салымын кошсун.

Жумакадыр Акенеев.
Жумакадыр Акенеев.

“Азаттык”: Жанар мырза, Сапар Исаковго байланыштуу чуулгандуу маалыматтардын жарыяланып жатышын кыргыз коомунда жаштардын мамлекеттик башкарууга келишине атайын уюштурулган тоскоолдук катары карап жаткандар бар, сиздин пикир кандай?

Жанар Акаевбек: Дүйнөлүк саясатты карап көрсөңөр, Европада болобу жаштардын бийликке келишин жалпы эле кубаттоо менен кабыл алышууда. Алар ошол ишке өзүн көп жыл даярдап, партия түзүп, шайлоолорго катышып, алардан утуп келип жатат. Элди өз программалары менен ынандырып, ээрчитип анан бийликке жетүүдө. Мисалы, Франциянын азыркы президенти Эммануэл Макрон ушундай жол менен бийликке келди.

Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Бизде болсо башка. Сапар Исаковду мен башкаруунун жаңы ыкмасын билген, кичипейил, өсүп келаткан жигиттерден деп билем, жеке тааныштыгыбыз да бар.

Эл арасында болсо ал президент Атамбаевдин “ишенген кол баласы” катары белгилүү. КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, президенттин Жээнбеков сыяктуу эле ишенген адамы. Бирок аны өтө жаш дегенге да болбойт. Ал келсе жаштарды алып келет эле деп коомчулук сүйүнүп жатканы туура. Азыркы ИИМ башчысы жаш эмеспи, юстиция министри жаш эмеспи? Аларга реформа кылганга ким тоскооолдук кылып жатат, өзүн көрсөтүшпөйбү. Эң башкысы аларга өлкөнүн жогорку бийлигинен колдоо бар. Ошондон улам Сапар Исаков келсе өкмөттүн курамы жаңырат, жашарат дегенге кошула албайм. Анткени бул өкмөт коалициялык өкмөт болот, ар бир фракциянын өз кызыкчылыгы бар.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)
Өкмөт куроо түйшүгү
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:27 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG