Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:31

“Мегакомдун” баасы бычылды


Өкмөт "Альфа Телеком" компаниясын тикелей сатыкка чыгарды. Уюлдук компаниянын баасы 13,5 миллиард сом деп аныкталып, өкмөт аны бир ай ичинде сатууга ниеттенүүдө. Буга чейин үч жолу конкурс аркылуу сатылбаган компанияны тикелей сатууга каршы чыккандар да арбын.

"Мегаком" деген бренд менен белгилүү болгон "Альфа Телеком" уюлдук компаниясынын баасы бычылып, тикелей сатуунун бардык мыйзамдык шарттары иштелип чыкты.

Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн атынан “Альфа Телеком" уюлдук компаниясына ээлик кылган Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директору Болсунбек Казаков билдирди.

Казаковдун айтымында, уюлдук компаниянын сатыкка чыгарылган баштапкы наркы 13,5 миллиард сом деп бааланып, 25-сентябрга чейин сатуу мерчемделүүдө:

- "Альфа Телекомду" тикелей сатуу методунун бирден бир шарты катары баштапкы наркы 13,5 миллиард сом деп аныкталды. Буга кошумча сатып алууну каалаган потенциалдуу инвестор 7 пайыздык комиссиялык төлөм төлөшү керек. Андан тышкары бул компанияга байланыштуу өкмөткө же мамлекеттик органдарга соттук даттануулар болсо, бул маселелерди чечүү милдетин алат. Арыздар 25-сентябрга чейин кабыл алынат.

"Мегакомду" сатууга жол ачылды

"Мегакомду" сатууга жол ачылды

"Мегаком" деген соода маркасы менен белгилүү мамлекеттин үлүшүндөгү "Альфа-Телеком" уюлдук компаниясын тендерсиз, тикелей сатууга негиз берчү өкмөттүн токтому "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.

Казаков учурда расмий түрдө сунуштар түшпөгөнү менен компанияны сатып алууга кызыккан Орусия, Кытай, Түштүк Кореядан инвесторлор бар экенин кошумчалады. Ошондуктан бийликтер бул жолу уюлдук компания сатылат деп ишенишүүдө.

Кыргыз өкмөтү "Альфа Телекомду" 2015-жылы сатыкка чыгарган. Андан бери компания үч ирет аукционго коюлуп, кызыккан инвестор болбогонунан улам аукцион өтпөй калган. Мына ушундан кийин гана компанияны түз сатуу сунушталган болчу.

Көз карандысыз эксперттер "Альфа Телекомдун" өздүк наркын 2010-жылдары 350 миллион доллардын айланасында баалап келишкен. Бул аралыкта өткөн үч жолку тендерде "Мегакомдун" наркы эки эсе арзандатылган эле.

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров инвесторго компанияны тикелей сатуу аракетин сындап чыккан эле:

- “Мегаком" 2010-жылдан бери мамлекеттик бюджетке миллиондогон киреше алып келген компания. Анан эми өткөн эки жылдан бери аны сатуу аракети башталды. Бирок эмне үчүн мына ушундай кирешелүү ишкана дароо сатылбай жатат? Мунун бир өзгөчө себептери болсо керек. Азыр алдын ала аныкталган кардарды таап, ошого сатуу үчүн эле анын наркын дагы бир топ төмөндөтүп, шарттарын дагы жеңилдетип жатышкан болсо, мунун аягы жакшылык менен бүтпөйт. Кыңыр иштин аягы баары бир чыгып калат.

Ал эми экономикалык эксперт Темирбек Ажыкулов бул сынакты ачык-айкын өткөрүүнүн мааниси чоң экенин белгилеп жатат:

- Бул компанияны сатабыз дегенден мурда максатты аныктап алуу зарыл. Сатканда бул жөнөкөй турган имарат эмес да. Киреше алып келип жаткан бизнес. Ошондуктан мунун баарын анализдеп, кеңири кампания жүргүзүш керек. Сатууга жарыя бердик деп жатышат. Бирок аны инвестициялык фонддор же эл аралык фонддор менен иштешип, ачык-айкын жүргүзүш керек эле.

200 миллионду талап кылган Penwell

Ал ортодо "Альфа Телекомдун" түзүүчүлөрү катары өзүн тааныштырган Penwell аттуу компания Стокгольмдогу Арбитражга кайрылып, кыргыз өкмөтүнөн 200 миллион доллар кенемте талап кылары белгилүү болду. Бул тууралуу аталган компания 21-августта маалымат каражаттары аркылуу тараткан билдирүүсүндө айтылат. Маалыматка ылайык, Penwellдин атынан Hogan Lovells деген юридикалык компания Арбитражга кайрылып, учурда арбитрди дайындоо күтүлүп жатат.

Буга чейин Penwell компаниясы "Мегакомдун" 51 пайыздык үлүшүнө дооматы бар экенин жарыялап, бул үчүн соттук териштирүүгө чейин бара турганын эскерткен болчу.

“Мегакомдон” өөнөлгөн алты миллион кайда?

“Мегакомдон” өөнөлгөн алты миллион кайда?

“Альфа Телеком” мобилдик компаниясынын жетекчилиги алты миллион доллар уурдады деген шек менен 2011-жылы иш козголуп, үч адам камакка алынган.

Аталган билдирүүдө "БиМоКом" деген ишкананын базасында "Мегакомду" түптөп, ага бир топ каржылык жана техникалык салымын кошкону көрсөтүлгөн. Анда 2006-жылы негизделген бул компаниянын 51 пайыздык үлүшүн 2008-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев рейдерлик жол менен тартып алып, анын активдеринин баарын "Альфа Телеком" деген аталышта ачылган жаңы компаниянын карамагына которуп алганы жазылган.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директору Болсунбек Казаков Penwell компаниясынын эл аралык сотко кайрылууга эч кандай укуктук негизи жоктугун белгилеп жатат:

- Алардын материалдарын окуп жатабыз. 2010-жылдан соң булар аркылуу сот иштери болгон эмес. Булар кечээ айткан сот иштери 2008-2009-жылдары Елисеев (Алексей Елисеев - ред.), "БиМоКомго" байланыштуу иштер экен. Алар тууралуу маалымат жок. Учурда компаниянын 100 пайыз үлүшү мамлекеттик мүлк болуп эсептелет.

Ал эми өкмөткө караштуу Соттук өкүлчүлүк борборунан болсо Penwell компаниясынын билдирүүсү тууралуу кабардар экенин, учурда анын үстүнөн иштеп жатабыз деген жоопту айтуу менен чектелишти.

"Альфа Телеком" жабык акционердик коому 2009-жылы түзүлгөн. Ал учурда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге жакын адамдар ээлик кылары айтылып келген.

2010-жылдагы Апрел ыңкылабынан соң Убактылуу өкмөт аталган компаниянын 49 пайызын улутташтырган. 2014-жылы болсо компания толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөн эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG