Линктер

шейшемби, 22-август, 2017 Бишкек убактысы 01:24

"Мегаком" деген соода маркасы менен белгилүү мамлекеттин үлүшүндөгү "Альфа-Телеком" уюлдук компаниясын тендерсиз, тикелей сатууга негиз берчү өкмөттүн токтому "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.

"Мамлекеттик мүлктү тикелей сатуу усулу менен менчиктештирүүнүн шарттарына" өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду ичине камтыган документ Экономика министрлиги тарабынан иштелип чыкты.

Ал арада Penwell деген аталыштагы мекеме "Мегаком" мыйзамсыз улутташтырылганын жана анын 51 пайыздык үлүшүнө дооматы бар экенин жар салып чыкты.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчилиги Penwell компаниясынын эл аралык сотко кайрылууга эч кандай укуктук негизи жоктугун белгилеп, бул жагдай уюлдук ишкананы тикелей жол менен сатууга тоскоолдук жарата албасын билдирди.

Күчүнө кирген өкмөт токтому

Өкмөттүк "Эркин-Тоо" гезитинин 8-августтагы санына "Мамлекеттик мүлктү тикелей сатуу усулу менен менчиктештирүүнүн жобосун бекиткен токтомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор" киргизилди. Ага ылайык, мамлекеттик менчиктин карамагындагы мүлктөрдү тикелей сатууга уруксат берүүчү өзгөчө учурлар аныкталып, буга чейин тендер жолу менен өтпөй келген мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирүүгө жол ачылды.

Токтомго эгерде мамлекеттик мүлк үч жолку тендерде тең сатылбай калса, анда аны потенциалдуу сатып алуучуга сунуштоого уруксат берүү ченеми киргизилди. Документтин негиздемесинде "Альфа-Телеком" сыяктуу ири объектилерди тендерде сатуу үчүн тараптардан табыштамалар түшпөй жатканы көрсөтүлүп, ошондуктан мамлекеттик мүлктү тикелей сатуу усулун натыйжалуу колдонуу зарылдыгы белгиленген.

Бул менчиктештирүү усулу башка жол менен сатылбай калган учурда мүлктү аныкталган инвесторго сатууну көздөйт.

Экономика министрлигинин мамлекеттик мүлктү башкаруу жана менчиктештирүү саясаты боюнча бөлүмүнүн башчысы Элдана Сатарова муну менен тикелей сатуунун учурлары аныкталганын билдирди:

- Биз бул долбоорду аталган усулду колдонуу учурларын тактоо максатында иштеп чыктык. Анан дагы бул тикелей сатуу усулун колдонууда ачык-айкындыкты камсыздоо чараларын киргиздик. Эгерде Мамлекеттик мүлк фонду кайсы бир объектини тикелей жол менен сатыкка чыгара турган болсо, анда ал республикалык маалымат каражаттары аркылуу жетиштүү деңгээлде маалыматтарды жайгаштырууга милдеттендирилет. Мурда мындай чаралар жок болчу. Бул чаралар тикелей сатуу усулу аркылуу жүрө турган алды-саттыга болушунча көбүрөөк кардарлардын катышуусун камсыздайт. Биз мына ушундай чараларды киргизүү менен тикелей сатуу усулун колдонууда ачык атаандаштыкты жана маалыматтардын ачык-айкындуулугун камсыздоого жетише алабыз.

Тикелей сатуунун жол-жобосу

Буга чейин "Альфа-Телеком" мамлекеттик ишканасын сатуу боюнча үч ирет сынак жарыяланып, бирок тендерге анын шарттарына ылайык, жетишерлик компаниялар катышпагандыктан сатылбай келген.

Көз карандысыз эксперттер бул компаниянын өздүк наркын башында, тагыраагы 2010-жылдары 350 миллион АКШ долларынын айланасында баалашкан. Бирок анын жарымына жакын үлүшү гана мамлекеттин карамагына алынып, калганына кылмыш ишинин алкагында бөгөт коюлуп турган. Башкы прокуратуранын берген арызынын негизинде компаниянын жүз пайыздык үлүшү 2012-жылы толугу менен мамлекеттин менчигине өткөн.

Өкмөт 2015-жылдан бери аталган компанияны сатыкка чыгаруу аракеттерин көрдү. Бирок ага кызыккан тараптар аз болуп, компания сатылбай келди. Бул аралыкта өткөн эки жолку тендерде "Мегакомдун" наркы эки эсе арзандаган. Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров аныкталган инвесторго тикелей сатууга жол ачкан жобо тууралуу мына буларга токтолду:

Мирлан Бакиров
Мирлан Бакиров

- "Мегаком" 2010-жылдан бери мамлекеттик бюджетке миллиондогон киреше алып келген компания. Анан эми өткөн эки жылдан бери аны сатуу аракети башталды. Бирок эмне үчүн мына ушундай кирешелүү ишкана шыр сатылбай жатат, анын бир өзгөчө себептери болсо керек. Анан азыр алдын ала аныкталган кардарды таап, ошого сатуу үчүн эле анын наркын дагы бир топ төмөндөтүп, шарттарын дагы жеңилдетип жатышкан болсо, мунун аягы жакшылык менен бүтпөйт. Кыңыр иштин аягы баары бир чыгып калат. Негизи бюджетке пайда алып келип жаткан ишкананн сатуунун кажети бар беле? Мамлекет деле аны натыйжалуу башкарып, өнүктүрүп, иштетсе болот да. Сөзсүз эле сатыш керекпи?

Шайлоо астында шашылуубу?

Ошол эле кезде мыйзам боюнча, өкмөт мамлекеттик объектилерди башкаруу, ижарага берүү же сатуу боюнча чарбалык иштерди өз алдынча жүргүзүүгө ыйгарым укугу жол берет. Бирок парламент депутаттарын аткаруу бийлиги соңку мезгилде мамлекеттик мүлктөрдү сынактар менен, ачык аукцион аркылуу эмес, кээде тикелей жол менен сатуу усулуна өтүп баратканы кооптондуруп жатат.

Саясий жагынан алганда, бир-эки жумада өкмөт башчысы кызматын тапшырып, шайлоого кеткени жатат. Эки айдан кийин президенттик шайлоо болот. Анан эми мына ушундай учурда "Мегакомду" шашылыш сатуунун кандай зарылдыгы бар эле?

Парламенттин "Ата-Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев президенттик шайлоонун астында кирешелүү мамлекеттик ишкананы тикелей жол менен сатуу демилгеси чыгып жатканы бир топ күмөн саноо жарата турганын айтты:

- Укуктук жактан алганда өкмөттүн ал компанияны сатканга укугу бар. Бирок бул маселени саясий жагынан алганда, бир-эки жумада өкмөт башчысы кызматын тапшырып, шайлоого кеткени жатат. Эки айдан кийин президенттик шайлоо болот. Анан эми мына ушундай учурда "Мегакомду" шашылыш сатуунун кандай зарылдыгы бар эле? Анан калса, бул компания буга чейинки эки жолку тендерде сатылбай калган соң, анын баасы бир топ арзан болот. Мына ошондой учурда бюджетке киреше берип жаткан компанияны сатуу маселеси канчалык максатка ылайыктуу экенин дагы карап чыгуу зарыл.

Казаков: "сатыкка чыгаруунун зарылдыгы"

Анткен менен "Мегакомду" сатуу маселесин демилге көтөргөн Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фонду жогорудагыдай сын-пикирге макул эмес.

Фонддун жетекчилигинин айтымында, дүйнө жүзүндө байланыш-маалымат технологиясы күн санап өнүгүп жаткан учурда, аталган уюлдук компания заманбап талаптарга ылайык жаңы өзгөрүүлөргө муктаж.

Бул үчүн компанияга сырттан ири инвестиция салынышы жана технологиялык жактан жаңыланышы кажет. Буга чейин тендер шарттарынын татаалдыгына байланыштуу аны сынак жолу менен сатууга мүмкүнчүлүк ачылбай келгени белгиленди.

Болсунбек Казаков
Болсунбек Казаков

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Болсунбек Казаков компанияны тикелей сатуу ачык-айкын шартта жүрө турганын айтып, анын тиешелүү шарттары жаңы киргизилген жободо так аныкталганына мындайча токтолду:

- Тикелей сатуу усулун колдонуу учурлары так аныкталган шартта анын бардыгы ачык-айкын болот. Бул жерде жең ичинен же көмүскө иш алып барып, кандайдыр бир мамлекеттин мүлкүн бирөөгө мамлекеттин кызыкчылыгын тебелеп сатып жиберүүгө жол берилбейт. Мына ошол үчүн аталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Биз мына ошол кызыкдар кардарларды табуу үчүн аныкталган тартиптеги укуктук ченемдерди бекитип алып, анан жарыя кылууну туура көрдүк.

Тикелей сатуунун өзгөчөлүгү

Ошол эле кезде "Мамлекеттик мүлктү тикелей сатуу усулу менен менчиктештирүүнүн жобосунда" сатып алууну көздөгөн кардарлардан талап кылына турган документтердин тизмеси бекитилип, алынган мүлктүн наркын төлөөнүн так мөөнөттөрү киргизилди.

Ошондой эле жободо алды-саттыдагы коррупциялык тобокелдиктер эске алынып, анын башка дагы ар кандай кесепеттери үчүн сатып алуучунун жоопкерчилиги каралган. Мунун бардыгы мамлекеттик мүлктөрдү тикелей сатуу усулу келишимдин негизинде ишке ашырыла турганы көрсөтүлгөн.

Бирок парламент депутаты Исхак Масалиев тикелей сатуу усулун колдонууда коррупциялык тобокелдиктер көп каттала турганын айтып, анын ачык-айкындуулугун камсыздоо бир топ татаал экенин билдирди:

- Азыр эми өкмөттүн логикасы кандай болуп жатат? "Мегакомду" мамлекеттин колунда кармасак, анда соттук териштирүүлөргө кептелебиз. Ошондуктан аны батыраак, соодалап туруп, мамлекетке акча түшүрүү керек деген ой туура эмес. Бул жерде мамлекеттик көз караш жок. Анан дагы эң негизгиси компанияны тикелей сатуу усулу менен аныкталган тарапка сатуунун өзүндө өзгөчө маселе бар. Анткени аныкталган кардар менен атайын алдын ала макулдашып анан тикелей сатууда конкурстук шарттар менен атаандаштык эрежелери сакталышы кыйын.

Penwell компаниясынын дооматы

Ошол эле учурда Penwell деген аталыштагы мекеме "Мегаком" компаниясынын 51 пайыздык үлүшүнө дооматы бар экенин жарыялап, бул үчүн соттук териштирүүгө чейин бара турганы боюнча билдирүү таратты.

Жергиликтүү маалымат агенттиктери аркылуу жарыяланган ал билдирүүдө "БиМоКом" деген ишкананын базасында аны түптөп, ага бир топ каржылык жана техникалык салымын киргизгени көрсөтүлгөн.

Анда 2006-жылы негизделген бул компаниянын 51 пайыздык үлүшүн 2008-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев рейдерлик жол менен тартып алып, анын активдеринин баарын "Альфа-Телеком" деген аталышта ачылган жаңы компаниянын карамагына которуп алганы жазылган. Анын менчик укугун калыбына келтирүү аракети 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин дагы ишке ашпай калганы белгиленген.

Саясатчы Равшан Жээнбеков Penwell компаниясы бекер жерден мындай мазмундагы билдирүү менен чыгып жатпаганын айтып, анын себептерин төмөндөгүчө түшүндүрдү:

Компания президенттин жакын чөйрөсү менен буга чейин тил табыша алган эмес. Penwell президент Атамбаев бийликтен кеткенден кийин гана бул талаштуу маселени көтөрүп чыгууга даярдык көрүп жаткандай.

- Себеби, Penwell компаниясы азыр Кыргызстанда саясий өткөөл мезгил келгенин түшүнүп жатат. Мына ошондуктан эгерде азыркы бийлик кетер маалында "Мегакомду" түздөн түз сатып жиберүүгө аракет кыла турган болсо, аны саттырбай, кардарларга алдын ала "сигнал" берели деген ой бар. Мына ошондуктан ал жогорудагыдай мазмундагы билдирүү менен чыгып жатат. Эгерде кайсы бир компания аны сатып ала турган болсо "соттук териштирүүлөр" болорун анын эскертип жатканы мына ошондон. Бул компания коюп жаткан дооматына байланыштуу тиешелүү далилдерин жана документтерин буга чейин жашырып жатып, анан эми гана алып чыгууга камынып жатканы дагы түшүнүктүү. Анткени ал компания президенттин жакын чөйрөсү менен буга чейин тил табыша алган эмес. Penwell президент Атамбаев бийликтен кеткенден кийин гана бул талаштуу маселени көтөрүп чыгууга даярдык көрүп жаткандай.

Укуктук негиздин жоктугу

Анткен менен Penwell компаниясы тараткан билдирүүсүндө "Мегакомдогу" активдерин тарттырып жиберүүдөн тарткан зыяндары боюнча кандай далилдери бар экени жана буга чейин кайсы сотторго кайрылганы тууралуу маалымат берген эмес.

Ошондой эле келтирилген зыяндын өлчөмү тууралуу дагы так маалыматтар берилген эмес. Буга чейин 2010-жылы аталган компанияны улутташтыруу учурунда анын жарым үлүшүнө бөгөт коюлуп, анын жагдайлары териштирилгенге чейин бирөөнүн менчиги катары кармап туруу чечими болгон.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаков ал билдирүүнү кезектеги оюн катары карап, Penwellдин сотко кайрылууга себеп боло турган укуктук негиздери жоктугун билдирди:

- Эгерде мына ошол көптөн бери дайыны чыкпай калган Penwell деген компания өзүнүн укугу бузулган болсо өткөн жети жылдан бери сотторго кайрылбайт беле? Биздин соттордон сырткары эле аралык сотко чейин барып, соттон Кыргызстанды утуп алып, азыр "Мегакомдун" айтып жаткан 51 пайыздык үлүшүнө ээлик кылып отурган болот эле да. Алардын колун бирөө байлап жатыптырбы? Бул компания Максим Бакиев менен иштешип келип, 2010-жылдан бери ар кандай билдирүүлөр чыгып, биздин өкмөттү негизсиз күнөөлөп жатат. Эл аралык сотко берүү маселесин да айткан экен. Эл аралык сотко берүү үчүн анын биздин мамлекет менен келишими болууга тийиш. Эгер күнөөлөгөнгө негиз болсо сотко кайрылсын. Бирок ал сотко кайрыла албайт. Себеби ага негиз бере турган укуктук жагдайлары жок. Ошондуктан Penwell буга чейин сотко бир дагы жолу кайрылган эмес. Анан курулай эле билдирүү таратып, негизсиз дооматтарын айта берет.

Ошол эле кезде өкмөт мүчөлөрү "Мамлекеттик мүлктү тикелей сатуу усулу менен менчиктештирүүнүн жобосун бекиткен токтомго киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор "Мегаком" сыяктуу объектилерди тикелей сатуунун жаңы шарттарын бекитип, аларды натыйжалуу сатууга жол ача турганын белгилешүүдө. Анын шарттарын жетекчиликке алуу менен жакын арада аталган компанияны сатыкка чыгаруунун шарттары бекитиле турганы жана ал жараян атайын мекемелер аралык комиссиянын көзөмөлүндө болору көрсөтүлдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG