Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Чүй каналына агып кеткен "Тазалыктын" үч жумушчусунун тең сөөгү табылды


Бишкек. Тазалык ишканасынын үч жумушчусу каналга чөгүп кетти.
Бишкек. Тазалык ишканасынын үч жумушчусу каналга чөгүп кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Бишкектеги Чоң Чүй каналына агып кеткен "Тазалык" ишканасынын үч жумушчусунун тең сөөгү табылганын 1-январда билдирди. Маалыматка караганда, 30-декабрда каналдан изделип жаткандардын биринин сөөгү табылып, милицияга өткөрүлүп берилген. 31-декабрь саат 09:50дө экинчи адамдын сөөгүн ӨКМ куткаруучулары алып чыгышкан.

“Ал эми бүгүн, 1-январь күнү куткаруучулар үчүнчү жарандын сөөгүн таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти”, - деп жазылат билдирүүдө.

Окуя борбор калаанын Аламүдүн-1 кичи району тарапта 30-декабрь күнү эртең менен болгон. Үч жумушчу Ауэзов көчөсү жактагы каналга чөгүп кеткен.

Мэриянын басма сөз кызматынын баштапкы маалыматында кырсык Чоң Чүй каналында болгону айтылган, кийин, тактоодон соң ал жер Бишкектин Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) караштуу техникалык канал деп аталары белгилүү болду.

"Тазалык" мэрияга караштуу муниципалдык ишкана. Анын милдети - калаанын аймагын санитардык тазалоо, коммуналдык жана жол тейлөө иштерин аткаруу.

Ишкананын жумушчулары түрдүү кырсыкка кабылган окуялар буга чейин да катталган.

Шерине

XS
SM
MD
LG