Жаңылыктар | 28.12.2025 | Өкмөт кийинки жылдан тарта алтын өндүрүүнү көбөйтөт
Кыргызстанда быйыл 26 тонна алтын өндүрүү пландалууда. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев "Акипресс" агенттигине курган маегинде айткан. Министрдин маалыматында, өлкөдө 2023-жылы 32 тонна, 2024-жылы 24 тонна алтын казылган. "Алтын өндүрүүнүн төмөндөшү өлкөнүн экономикасынын кайсы бир бөлүгүнө таасир этет. Биз мунун үстүндө иштеп жатабыз. Бир канча компаниялар, тагыраагы алтын казган фабрикалар ишин токтотту. Кийинки жылдан тарта алтын өндүрүүнү көбөйтөбүз. 2030-жылы кубаттуулукту калыбына келтирип эле тим болбой, аны көбөйтөбүз дагы. Мен көлөм 35 тонна же андан да жогору болот деп ойлойм. Быйыл Солтон-Сары кенинде "Джионг-Джи Майнинг" кытай компаниясы жана "Кыргызалтын" иштеп жатат. Өндүрүш ишке кирди, кийинки жылы алтын өндүрүлө баштайт", - деген Машиев.
Шерине