Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:30

Мискенбаевдин жаңы кызматы талкууга түштү


Мээрбек Мискенбаев.
Мээрбек Мискенбаев.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаевдин "Альфа Телеком" ("Мегаком") компаниясынын жетекчисинин кеңешчилигине дайындалышын оппозиция саясий коррупция деп айтып чыкты. Мискенбаев "Альфа Телекомго" ишке мыйзамдуу орношконун айтып, жөнү жок каралоо жүрүп жатканын билдирүүдө.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаевдин "Альфа Телеком" компаниясына ишке орношкону тууралуу өткөн аптада "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев сот жүрүшүндө айтып чыккан. Ал Мискенбаевдин 150 миң сом айлык алып жатканын кошумчалаган.

Текебаев муну кадр тандоодогу кемчилик катары сыпаттап, бийликти өз кишилерин “майлуу” кызматтарга коюп жатат деп айыптаган.

Мээрбек Мискенбаев "Альфа Телеком" компаниясынын жетекчисинин кеңешчиси катары иштеп жатканын "Азаттык" үналгысына ырастады:

- Биринчиден, сындагандарга мендей болуп өз күчү менен депутат болуп алсын деп айтат элем. Мен Текебаев сыяктуу адамдар менен иштегим келбей, өз каалоом менен арыз жазып кеткем. Бул жерде иштесем өз айлыгымды алып, ак эмгегим менен иштеп жатам. Мен "Мегакомду" кантип өнүктүрүш керек, кандай кылыш керек деген суроолор боюнча кеңешимди берип жатам.

Мискенбаев Текебаев айткандай, айлыгы 150 миң сом эмес, андан аз экенин айтып, бирок суммасын жана кайсы тармакта кеңешчи экенин тактаган жок.

"Альфа Телеком” компаниясы да Мискенбаевдин бул компанияда иштеп жатканын бышыктап, бирок анын кызматы, айлыгы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов Мээрбек Мискенбаевдин мамлекеттик ишканага жумушка киришинде мыйзам бузуу жок экенин белгиледи. Бирок кызматка экс-депутаттын ылайык келер-келбеси, моралдык жоопкерчилиги маани бере турган өңүт дейт депутат:

- Албетте, мыйзам боюнча эч кандай тоскоолдук жок. Бирок коомчулуктагы "Мегакомду" толугу менен Социал-демократтар көзөмөлгө алаары, анын жетекчиси Азат Базаркулов бул партиянын көздөй адамы экени боюнча сөздөрдүн чындыгы далилденгендей. Болбосо Мискенбаев барып ал компанияга эмне деген кеңеш бере алмак эле? Мискенбаев кайда, "Мегаком" кайда? Экөөнүн табияты эки башка.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

39 жаштагы Мээрбек Мискенбаев Апрел ыңкылабы учурунда жабыр тарткандардын башын кошкон "Айкөл Ала-Тоо" бирикмесинин жетекчиси. Ал 2015-жылкы парламенттик шайлоодо Социал-демократиялык партиянын тизмесине кирип, Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2016-жылдын аягында өз арызы менен депутаттык мандатын тапшырган.

Мискенбаевдин өмүр баянында 2005-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетин финансы адистиги боюнча окуп бүтүргөнү айтылган. Бирок кесиби боюнча иштеген эмес. Депутаттыкка келгенге чейин мамлекеттик кызматтарда иштебегенин Мээрбек Мискенбаев өзү "Азаттыкка" буга чейинки маектеринде ырастаган жайы бар.

2010-жылдан соң "Алтын-Кырман" кооперативинин башкаруу кеңешинин мүчөсү болгону өмүр баянында жазылып жүрөт.

Мискенбаевдин окуясы мамлекеттик ишканаларга жана кызматтарга адистер кандай эреже-жобого ылайык тандалып, дайындалат деген суроону жаратты.

Жаш ишкер ассоциациясынын өкүлү Руслан Акматбектин айтымында, кадрлардын адистик мүмкүнчүлүгүнө эмес, көздөй адам болгонуна маани берүү мамлекеттик ишканаларда өнөкөткө айланып, ал өз кезегинде ошол ишканалардын банкроттук абалга жетишине себепкер болууда:

- Бизде ушундай кызматтарга коюуда аталган адам кайсы ишкананы өнүктүрдү, эмне жаңычылдык киргизди, ал эмнеси менен пайдалуу боло алат деген критерийлер жок. Ошондуктан кимдин дайындалып жатканы деле белгисиз. Экинчиден, мамлекеттик ишканалар өтө жабык болуп, коомчулук алдында мындай маалыматтарды чыгарбайт. Аталган ишканалар оор кырдаалга кептелип, мамлекетке пайда алып келбей жатат.

Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

Кыргызстанда мамлекеттин үлүшү бар компания жана акционердик коомдордун саны 1130га жетет. Алардын ичинен 166 ишкана гана иштеп жатканы аныкталган. Бул компаниялардын көпчүлүгү киреше алып келбей, банкроттук абалда болгондуктан өкмөт бул жаатта реформа зарыл экенин айтып келет.

Мискенбаевдин 2016-жылдын февраль айында "Азаттыкка" берген маеги:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG