Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:00

Мискенбаевдин ордуна Нурмухаммед Баяхунов депутат болду


КСДП фракциясынын катарында Жогорку Кеңешке депутат болгон Мээрбек Мискенбаевдин мандаты Нурмухаммед Баяхуновго тийди. Бул тууралуу БШКнын бүгүнкү өткөн жыйынында белгилүү болду. Борбордук шайлоо комиссиясы Мискенбаевдин мөөнөтүнөн мурда депутаттыктан кетүү боюнча арызын карап, аны канааттандырды. Ал эми анын мандатын алган Нурмахаммед Баяхунов буга чейин иштеген кызматын тапшырды.

52 жаштагы Баяхунов Чүйдүн Новопокровка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштечү. Мискенбаев 28-октябрда мандат тапшырып, мындай кадамга парламенттин саясий оюндардын чордону экенине көзү жеткен соң барганы менен түшүндүргөн. (NT)

XS
SM
MD
LG