Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Мамлекеттик мекемелер: кимдер туйтунуп, кимдер умсунат?


Мамлекеттик мекемелер: кимдер туйтунуп, кимдер умсунат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:34 0:00

Кыргызстан эгемендик алганда СССРден мурастап калган имарат-объекттердин азыр канчасы мамлекеттин ээлигинде экендиги белгисиз. Тагыраагы, өкмөт азыр канча мүлкү бар, баасы канча жана андан канча пайда түшүп жатканын так билбейт. Тээ 90-жылдардын ортосунда менчиктештирүү башталганда мамлекеттин бир далай мүлкү жеке колго өтүп, кийин алардын изи табылбай кеткени башка сөз, ал эми мамлекеттин менчигинде турган ишкана, мекеме жайлардын көлөмү жана аларды кармап турууга кеткен чыгым менен түшкөн пайданын эсебинин жоктугу өзүнчө маселе. Эң кызыгы, бир далай мамлекеттик ишканалар жабылып калса, айрымдары чыгашалуу болуп калганына карабай, мамлекет багып, жыл сайын бюджеттен каражат бөлүп келүүдө. “Азаттыктын” бүгүнкү “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүндө дал ушу мамлекетке таандык мүлктөр жана алардын киреше-чыгашалары иликтөөгө алынды.

XS
SM
MD
LG