Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

Операторлор атаандаштыкка бут тостубу?


Монополияга каршы мамлекеттик агенттик “Билайн” жана “Мегаком” соода белгилери менен таанымал уюлдук операторлорду “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамды бузду деп 58 миллион сом айып салды.

Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин маалыматына караганда, “Билайн” жана “Мегаком” мобилдик байланыш операторлорунун түйүндөр аралык байланыш үчүн кызмат баасын мурдагы келишимдерге караганда 50% көтөрүп койгон. Башкача айтканда өлкөдөгү мобилдик байланыш операторлору өз ара түзгөн байланышуу тууралуу келишими бузулуп, аталган эки оператор байланыш акысын жогорулатып алган.

Монополияга каршы күрөшүү агенттиги мындай көрүнүштөр жаңы ишканалардын рынокко киришине бут тосуп, атаандашуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат деп эсептейт. Аталган мекеме “Атаандаштык жөнүндө” мыйзам буга тыюу сала турганын белгилеп, 9-июндагы административдик иштин натыйжасында эки компанияга 58 млн сом айып салынганын билдирди.

- Бул эки компания атаандаш болуп эсептелинет. Мындай өз ара сүйлөшүп алып иш алып барганга мыйзам жол бербейт. Бул башка компанияларга зыянын тийгизет. Бул монополиялык мыйзамдарды бузат, – деди Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин жетекчисинин орун басары Кеңеш Тайлаков.

Тайлаков мындай айып Кыргызстандын аймагында алгачкы жолу салынып жатканын кошумчалады.

Кардар капчыгын каккан операторлор

Кардар капчыгын каккан операторлор

Кыргызстандагы уюлдук операторлорго соңку кезде ашыкча акча алып коюп жатат деп нааразы болгондор көбөйдү.

Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин бул чечимине карата “Альфа Телеком” компаниясы түшүндүрмө таратты.

Анда Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин чечимине “Мегаком” оператору макул эместигин билдирет. Компаниянын катында мыйзам бузду деген айып ырастала элек, соттук териштирүү аягына чыга электиги жазылган. Монополияга каршы мекеменин тараткан маалыматы “Альфа Телеком” компаниясынын кадыр-баркына доо кетирерин белгилеп, мыйзамдуулук жана кесипкөйлүктү сактоо агенттиктин негизги принциби болушу керектиги айтылган. Ал эми “Скай мобайл” ишканасы азырынча маалымат тарата элек.

Анткен менен, коомчулукта мобилдик операторлордун байланыш, интернет сапатына, кызмат акыларынын баасына карата дооматтар айтылып келет.

Бул жаатта эксперт Мирлан Карабукаевдин айтымында, бардык өлкөдө эле байланыш операторлоруна канааттанбаган кардарлар болот. Бирок Карабукаев Кыргызстанда уюлдук компанияларга нааразычылыктар байма-бай айтыларын байкаган.

- Бардык жерде эле нааразычылык бар. Бирок бизде көбүрөөк. Себеби бизде бири-бирине атаандашып бааны түшүрүп салышты. Анан абоненттер көбөйүп, техникалык жактан даяр эмес болуп калышты. Абоненттин санына жараша техника жакшы болушу керек.

Элвира Сурабалдиева
Элвира Сурабалдиева

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиеванын пикиринде, Кыргызстандын уюлдук байланыш рыногуна жаңы операторлордун пайда болбой жатышына бир нече себеп бар.

- Бизде рынок чакан, алты миллион эле киши бар. Казакстан, Өзбекстан менен салыштырып болбойт, инвестор рынокту карайт. Ошон үчүн биздеги уюлдук операторлорду орусиялык, казакстандык ири уюлдук компаниялар баштаган. Кыргызстандык компаниянын бул жаатта бизнес ачышы кыйын, башкача айтканда техника керек. Алар күн сайын өнүгүүдө. Аларды жаңыртып туруу керек, анын баары чоң каражат.

Кыргызстанда мобилдик байланыш кызматы 1996-97-жылдары иштей баштаган. Андан бери бул рынокто онго чукул байланыш оператору кызматын кардарларга сунуштаган. Бирок бүгүнкү күндө уюлдук байланыш базарында “Билайн”, “Мегаком” жана "О" кардарлардын негизги бөлүгүнө ээлик кылат. Буга чейин иштеп келген "Фонекс", "Кател" операторлору ишин токтотконуна эки-үч жыл болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG