Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:10

Интернеттин эски тарифи күчүндө калды


Казакстан Кыргызстанга карата интернет тарифин өзгөртпөй турган болду. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Болсунбек Казаков маалымат жыйында билдирди. Ал атайын түзүлгөн жумушчу топ Алматы шаарында жолугушууларды өткөргөндөн кийин ушундай чечимге жетишилгенин кошумчалады.

- Казак тарап бул маселеде ар кандай ойлорун ортого салышты. Бири ири капиталдык салым болгонун айтса, дагы бири башка себептерин айтат. Атап айтканда, башка компаниялар кеңейтиле баштагандыгына байланыштуу жаңы жабдыктарды сатып алуу, линияларды куруу жана башка. Бирок, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биз өз ара түшүнүшүүгө келдик. Ошондуктан, баалар туруктуу бойдон каларына кепилдик бар.

Август айынын аягында Казакстандын байланыш операторлор биримдиги Кыргызстанда интернет баасы 1,5-3 эсе жогорулай турганын билдирип чыгышкан.

Алар муну Орусия тараптан Казакстанга интернет кымбат келип жатканы менен түшүндүргөн. Бирок орус тарап эч кандай бааны кымбаттатпаганын расмий билдиришкен.

Мындан улам Кыргызстан Евразиялык экономикалык комиссияга кайрылып, Казакстан тараптан Кыргызстанга интернет баасын жогорулатууга жол бербөөнү өтүнгөн. (SDz)

XS
SM
MD
LG