Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:53

М.Риттманн: Өмүрбек Текебаевдин соттолушу шайлоо контекстинде каралат


“Хьюман Райтс Уотч” уюмунун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Мира Риттманн.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге карата чыккан сот өкүмү адам укугун коргоочу эл аралык уюмдардын да көңүлүн бурду. “Азаттык” үналгысынын суроолоруна “Хьюман Райтс Уотч” уюмунун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Мира Риттманн (Mihra Rittmann) жооп берди.

“Азаттык”: Кыргызстандагы оппозициячыл партиялардын бири болгон “Ата Мекен” партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин үстүнөн эки айга созулган сот жүрүмүн медиа кеңири чагылдырды. “Хьюман Райт Уотч” уюмунун Борбор Азия боюнча эксперттери, иликтөөчүлөрү сотто берилген көрсөтмөлөрдөн, жасалган билдирүүлөрдөн, сот залынан чыккан жаңылыктардан жакшы кабардар болгонсуздар. Баштапкы инстанциядагы соттун оппозициячыл саясатчыга карата 16-августтагы өкүмүнөн кийин кандай таасирде калдыңыздар?

Риттманн: Бизде азырынча соттун документтерин же өкүмдү карап иликтегидей мүмкүнчүлүк боло элек. Андыктан мен сот кандай жүргүзүлгөнү боюнча эч нерсе айта албайм. Бирок башынан эле байкоочулар Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышынын жана ага каршы козголгон кылмыш ишинин саясий жүйөөсү бар деген тынчсызданууларын билдиришкенин билебиз.

Чынында эле анын камакка алынуусунун мөөнөтү, шайлоо мезгили алдындагы соттук териштирүүлөр, акыры келип сегиз жылдык оор жаза берилиши жогорудагы тынчсызданууларды жумшарта алган жок.

Текебаев-Чотонов соту: көрсөтмөдөгү чалкештик

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотоновго байланышкан сот жараяны уланды.

“Азаттык”: Соттогу сөздөрү менен билдирүүлөрүндө Өмүрбек Текебаев ага каршы кылмыш ишин толугу менен фальсификация, президент Алмазбек Атамбаевдин андан саясий өч алуусунун туундусу, натыйжасы деген ойду айтты. Текебаевдин буга чейинки саясий жолун эске алганда, ал “Хьюман Райтс Уотчтун” аныктамасы боюнча саясий айыпкерби?

Риттманн: “Хьюман Райтс Уотч” өзү “саясий айыпкер” деген классификацияны колдонбойт. Биз качан саясий мотивациясы бар иштер тууралуу айтканда, камакка алуунун мүнөзүн жана соттук териштирүүнү, адилеттүү соттук териштирүүнүн эл аралык стандарттары сакталган-сакталбаганын иликтейбиз. Мен буга чейин айткандай, Өмүрбек Текебаевге каршы кылмыш иштин мотиви боюнча олуттуу суроолор бар.

“Азаттык”: Тарыхка кайрылсак, биринчи президент Аскар Акаевдин тушунда анын оппоненти деп саналган эки саясатчы: Феликс Кулов менен Топчубек Тургуналиев түрмөгө түшүп, атүгүл эл аралык укук коргоо уюмдары аларды “абийир туткуну” деп да аташкан. Өмүрбек Текебаевге да, эгер ал абактан чыкпаса, мына ушундай макам берилиши мүмкүнбү?

Риттманн: Эл аралык укук коргоо уюмдарынын башкалары Өмүрбек Текебаевди "абийир туткуну" деп санашабы же жокпу, мен айта албайм. Бирок Кыргызстан президенттик шайлоого даярданып жаткандыктан, өлкөдөгү кырдаалга эл аралык байкоо мурдагыдан күчөй турганын өкмөт билип койгону оң болот. Талапкерлердин баары үчүн тең шарттар, өкмөт адилет жана эркин шайлоолор үчүн шарт түзөөр-түзбөсү эске алынат.

Өмүрбек Текебаевдин камалып, соттолушу жарандык уюмдар, Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрү тарабынан мына ушул контекстте каралат.

Өмүрбек Текебаев, 15-август, 2017-жыл
Өмүрбек Текебаев, 15-август, 2017-жыл

“Азаттык”: Президенттик шайлоо деп калдыңыз, президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бийлик өкүлдөр азыр Кыргызстанда эч бир саясий кылмыш иш, саясий айыпкер жок деп ырасташканы менен жергиликтүү укук коргоочулар менен жарандык активисттердин тобу “Саясий айыпкерлерди коргоо” деген аталышта комитет түзүшүп, саясий айыпкер делгендердин тизмесине 30дай адамды киргизишкен. Атүгүл алар бул маселеге Европа өлкөлөрүнүн элчиликтеринин, европалык институттардын да көңүлүн бурдурууга да аракеттеништи. Сиздер кыргызстандык активисттердин мына ушундай тынчсызданууларын бөлүшөсүздөрбү?

Риттманн: Тилекке каршы, мен саясий айыпкерлердин жергиликтүү укук коргоочулар түзгөн тизмесин комментарийлей албайм. Себеби менде ал тизмени карап, деталдуу иликтегидей мүмкүнчүлүк болгон жок.

Бирок кайра эле кайталайм, быйылкы октябрдагы президенттик шайлоого байланыштуу өкмөттүн сынчыларына, анын ичинде өзгөчө журналисттерге, ММКга каршы козголгон кылмыш иштерине жергиликтүү да, эл аралык да байкоо олуттуу болот. Биз Zanoza.kg сайтына, укук коргоочу Чолпон Жакуповага каршы миллиондогон сомдук доо коюлганын билебиз.

Эркин жана адилет шайлоо өткөрүү үчүн шарт түзүү - сынчыл маанайдагы талкууларга да жол ачуу дегенди билдирет.

Журналисттер өз ишин куугунтуксуз жүргүзгүдөй абалда болуш керек. Оппозиция шайлоо өнөктүгүн "камакка алынам го" деген сарсанаага батпастан, эркин жана тынч жүргүзүүгө акылуу.

Кандай гана болбосун, бийликтин сынчысынын ишин тергөө же соттук териштирүү ачык-айкын жана объективдүү жүргүзүлүүсү абзел, болбосо өкмөт өз сынчыларынын оозун басууга аракеттенди деп айыпталган бойдон калат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG