Линктер

шейшемби, 22-август, 2017 Бишкек убактысы 01:32

10-августтагы сот отурумунда Өмүрбек Текебаевдин кан басымы көтөрүлүп, дарыгерлер чакыртылды. БШК болсо ага мамтил сынагынан өтүү үчүн шарт түзүүдөн баш тартты.

10-август күнү түштө башталган сот отуруму саат кечки сегизде аяктады. Эртең менен белгиленген сотко Текебаевдин жактоочулары келген жок. Мындан улам судья Айбек Эрнис уулу сотту түштөн кийин мамлекеттик жактоочу менен улантуу чечимин чыгарган.

Сотто мамлекеттик айыптоочулар "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди 10 жылга, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылга эркинен ажыратууну, үй-мүлкүн мамлекетке чегерүүнү жана эркиндикке чыккандан кийин үч жыл мамлекеттик ишке аралаштырбоону сурады.

Прокурор Нурмат Исраилов айыпталуучулардын кылмышы боюнча элүү беш далил иш бар экенин билдирди:

- Кылмыш пайда көрүү максатында жана жеке кызыкчылыктан улам жасалганын айтсак болот. Соттолуучулардын күнөөсүн жеңилдетүүчү жагдайлар жок. Урматтуу сот, жогорудагылардын негизинде Текебаев Өмүрбек Чиркешовичти Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин биринчи бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, анын үй-мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратууну жана үч жылга белгилүү бир кызматты ээлөө укугунан ажыратууну сурайм. Чотонов Дүйшөнкул Тезекбаевичти үй-мүлкүн мамлекетке өткөрүү менен сегиз жылга эркинен ажыратууну жана үч жылга белгилүү бир кызматты ээлөө укугунан ажыратууну сурайм.

Прокурордун сөзүнөн кийин сот сунуштаган мамлекеттик жактоочу Элнура Чоноевага сөз берилди.

Чоноева прокурор айткан элүү беш иштин көпчүлүгү далилге жатпасын белгиледи. Айыпталуучуну жоопко тартууга негиз жоктугун айткан адвокат айыпталуучуну актоону соттон суранды.

Түштөн кийин сотко катышкан Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекова даяр эместигин билдирип, жарыш сөзгө чыккан жок.

Ал эми Дүйшөнкул Чотоновдун жактоочусу Марат Эшперов айыпталуучунун кылмыш иши далилденбегенин айтты. Буга күбөлөрдүн эки ача көрсөтмөлөрү, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн көрсөтмөлөрү негиз боло аларын мисал келтирди.

Андан кийин жарыш сөз Дүйшөнкул Чотоновдун өзүнө берилди. Ал Текебаев экөөнө козголгон кылмыш ишти саясий буйрук деп атады.

- Эч кандай далил жок. Леонид Маевский менен Алексей Модиндин беш-алты жолу өзгөртүлгөн көрсөтмөсү бар. Алар биздин далилсиз эле кесилип кетерибизге эмнеге ишенет? Демек, саясий буйрук болгон, маселе чечилген. Урматтуу мекендештер бизди далилсиз, ушактын негизинде камап жатышат.

Айыпталуучу Өмүрбек Текебаев жарыш сөзүндө кылмыш иштеги көрсөтмөлөргө, прокурордун айыптоолоруна, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө, 2010-жылдагы апрель окуяларына кенен токтолду. Ал апрель окуясынан кийин Баш мыйзамды реформалоого жана укуктук-мыйзам тармактарына гана жооп бергенин, Чотонов экөөнүн ошол кездеги кызматы кайсы бир ишкананы сатууга, улутташтырууга укук бербегенин белгиледи:

- 2013-жылдын 12-июлунан кийин мен мыйзам чыгаруу органынын мүчөсү гана болуп калдым. Башкы прокуратура жана сотко дагы суроо: 2013-жылдын 12-июлунан кийин кайсы бийлигимди, ыйгарым укугумду кантип, качан пайдаландым? Кандай чечимди жеке өзүм чыгардым? Ал чечимдин “Альфа Телеком” жабык акционердик коомуна кандай тиешеси бар? Башкы прокуратура буга жооп бере албайт. Мага каршы факт, аргумент жок экенин түшүнүп, фактыларды бурмалоо, жалган жалаа жабуу жолуна түштү. Бүгүн прокуратура окуп берген айыптар бүт бурмалоо...

Бир сааттай сүйлөгөн Өмүрбек Текебаев саат кечки алты болгонуна байланыштуу жарыш сөзүн эртең уланта турганын билдирип, сот отурумун токтотууну өтүндү. Бирок судья Текебаевдин өтүнүчүн четке какты. Жарым сааттан кийин 10 мүнөттүк танапис берилип, сот башталар алдында Текебаев өзүн жаман сезип, Тез жардам чакыртылды.

Дарыгерлердин кароосунан кийин, сот залына келген саясатчы кан басымы жогорулап кеткенин билдирди. Жарыш сөз учурунда судья Айбек Эрнис уулу менен саясатчынын кайым айтышуусу орун алды. Мындан улам сот Текебаевге иш боюнча сүйлөөнү эскертип жатты.

Сот 11-августта эртең мененки саат сегиз жарымда улантылат. Текебаев жарыш сөзүн аяктай элек.

Орусиялык жарандар Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде козголгон кылмыш иш боюнча "Ата Мекен" партиясынын лидери, парламенттеги фракциянын төрагасы Текебаев 1 миллион доллар пара алган, мурдагы ӨКМ башчысы Чотонов аны өткөрүп берген деп соттолууда. Доого кабылып жаткандарын өзүлөрү болсо бул доону толук четке кагып, сот ишин оппозициячыл саясатчыларга каршы саясий куугунтук деп баалап келет.

БШК Текебаевди тил сынагына катыштырбайт

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 10-августта "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин юристинин ага кыргыз тилинен тест тапшыруусуна шарт түзүп берүү өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты.

Боршайкомдун 12 мүчөсүнүн үчөө - Атыр Абдрахматова, Гүлнара Журабаева жана Назарали Арипов "Ата Мекен" партиясынын абакта убактылуу кармалып жаткан лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин президенттикке талапкер катары мамлекеттик тил сынагына катышуусуна шарт түзүп берүүнү колдошсо, тогузу ага каршы болушту.

БШКнын мүчөсү, жумушчу топтун өкүлү Алмаз Асаналиев буларды билдирди:

- Шайлоо мыйзамдарында камакта отурган талапкердин талаптарын кароо процедуралары каралган эмес. БШКдан кыргыз тесттен өткөрүү үчүн шарт түзүү чечимин кабыл алуу талабы мыйзамга шайкеш келбейт. Соттолуучу макамындагы Текебаевди ташуу, анын ичинде тестке катыштыруу маселеси сотторго тиешелүү. Ошонун негизинде жумушчу топ БШКга талапкер Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Жолдошбековдун арызынан баш тартууну жана БШКнын кароосуна коюуну сунуштоону ылайык көрөт.

Бирок Боршайкомдун мүчөлөрү Атыр Абдрахматова, Гүлнара Журабаева жана Назарали Арипов жумушчу топтун жазгандары менен алдын ала таанышпай калганын айтышып, бул чечимди мыйзамсыз деп аташты. Ортодо БШКнын башка мүчөлөрү жана жумушчу тобунун өкүлдөрү менен бир топко талаш-тартыш болду.

БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева каршы болуу себебин мындайча түшүндүрдү:

- Конституциянын 26-беренеси боюнча кылмыш мыйзамдык тартипте далилденмейинче жана сот чечими чыкмайынча ар бир адам күнөөсүз деп эсептелет. Демек өкүм күчүнө киргенге чейин жарандар бардык жарандык укуктарга, анын ичинде Жогорку Кеңешке, президенттикке талапкер болуу укугуна ээ. Жарандар жабык жайда болгондуктан, мамлекеттик тилди билүү тестинен өткөрүү иши жана шайлоо иштерин мамлекет милдеттендирген БШК аткарат. Башка мамлекеттик орган жок.

Быйыл 15-октябрда Кыргызстанда жаңы Баш мыйзам референдум аркылуу кабыл алынгандан кийинки алгачкы президенттик шайлоо өтөт.

Президенттикке талапкерликке катталуу үчүн БШКга арыз берген Ө.Текебаев 26-июлда мамлекеттик тил боюнча тест тапшырмак. Бирок УКМКнын тергөө абагында кармалып жаткан Текебаевди коррупцияга айыптаган соттук ишин карап жаткан Биринчи Май райондук соту депутатты тест тапшырууга коё берүүдөн баш тарткан.

“Ата Мекендин” юристтери Ө.Текебаевге тест тапшырууга шарт түзүү өтүнүчү менен БШКга кайрылган. Бирок БШК бул суроону карабай койгон. Кийин Бишкектин район аралык соту, андан соң Жогорку Сот БШКны бул маселени кароого милдеттендирген.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, президенттик шайлоого талапкер болуп катталам дегендер 30 миң кол топтоп, мамлекеттик тил сынагынан өткөнүн ырастаган сертификатын тапшырып, күрөөгө 1 миллион сом коюшу керек. Бул талаптардын бирин эле аткарбагандар талапкер болуп каттала албайт.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишенимдүү өкүлдөрү 7-августта 50 миң жарандын кол тамгасын чогултуп, БШКга тапшырышкан.

Эксперттер эмне дейт?

Юрист, мурдагы депутат Курманбек Осмонов мыйзамдагы чалкештиктердин айынан ушундай жыйынтык чыгып жатат деген пикирде. Осмоновдун айтымында, буга убагында депутаттар, ошол эле Өмүрбек Текебаев маани берген эмес.

- КМШ мамлекеттери үчүн 2002-жылы Кишинёвдо атайын эл аралык конвенция кабыл алынган. Ага Кыргызстан да кошулган. Анда “соттун чечими чыккандан кийин абакта жаткан адамдар президенттикке талапкер боло албайт, шайлана албайт” деп жазылган. Андай талап бизде да бар, бирок “соттун өкүмү менен” деген сөздөр жок.

Ошондуктан, биздин мыйзам боюнча формалдуу түрдө абактарда, эркинен ажыраткан жерлерде кармалып жаткан адамдар президенттикке шайлана албайт. Менимче, биздин БШК “Президенттерди жана ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамды жетекчиликке алса керек.

Бирок ушул мыйзамдар кабыл алынып жатканда биз, укукчулар “эл аралык конвенциялар бар, биздин мыйзамдар ошого ылайык келиши абзел, өзүбүзчө бир сөздү алып же кошуп койгондон мыйзамдын маани-маңызы өзгөрүп жатат, жыйынтыгы жакшы болбойт” деп айтканда депутаттар кулак салбай койгон, арасында Өмүрбек Чиркешович Текебаев да бар эле.

Биздин айрым мыйзамдар эл аралык конвенцияларга каршы келет. Текебаевге соттун өкүмү чыга элек, бирок ал тергөө абагында жатат. Ошого такап туруп аны тил комиссиясынан өткөрүүдөн жана каттоодон баш тартып жатса керек да.

Ал эми юрист, мурдагы депутат Чолпон Жакупова БШКнын 10-августтагы чечимин сындап, мыйзамда баары так жазылганын белгиледи:

- Боршайкомдун Текебаевди тил сынагына катыштырбай койгонго укугу жок болчу. Мамлекеттин атынан иштеп жаткан орган катары ага шарт түзүп берүүгө милдеттүү эле. Соттоло элек адамды каттабай коюу же анын талапкерлик укугун бузуу туура эмес.

БШК Улуттук коопсуздук комитети менен Жаза аткаруу кызматына Текебаевдин тил сынагынан өтө турган датасы тууралуу маалымдап гана коюуга милдеттүү болчу. Ал эми анын тестке алынып келиниши боюнча маселе жогоруда аталган эки мекемеге тиешелүү эле. Мыйзамда мүчүлүштүктөр бар деген да туура эмес, эч кандай такталбаган жерлер жок. Баары так жазылган.

Саясий серепчи Марс Сариев болсо БШК бул чечими менен азыркы бийликтин кадырына доо кетирди деген ойдо.

- Менимче, Борбордук шайлоо комиссиясы азыркы бийликке зыян келтирип жатат. Себеби, Текебаевдин рейтингин ого бетер көтөрүп, “азап тарткан адам” кылып көрсөттү.

Төрт саясатчы шайлоого бирге аттанып, алар менен Темир Сариев, башка дагы лидерлер сүйлөшүп жатат. Ошентип топтолуп отуруп чоң оппозиция пайда болуп, бийлик сүрөгөн Сооронбай Жээнбековдун абалы өтө эле начарлап кетиши мүмкүн. Оппозиция, жарандык коом, Чолпон Жакупова, Аликбек Жекшенкулов, Мелис Мырзакматов сыяктуу саясатчылар биригип, блок болуп түзүлүшү мүмкүн.

Дагы бир саясий серепчи Бакыт Бакетаев БШКнын чечимин кубаттап, бул көрүнүш бийликке каршы элди толкутат деген пикирди четке какты:

- Боршайком чечим кабыл алгандан кийин мыйзам боюнча эч ким эч нерсе айта албайт. Эл өзү чечет. Кырдаал курчуйт деп кооптонууга негиз жок. Элдин калың катмары жайбаракат тиричилиги менен жүрөт. Оппозициянын кебетеси бул. Булар же бириге албайт, же программасы жок, элди ээрчитип кете албайт.

Ачкачылык акциясы токтой элек

Ал арада "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун тарапкерлеринин саясий ачкачылык акциясы уланууда. Алар БШКнын бүгүнкү чечиминен кийинки кадамдары кандай болорун азырынча чече элек, талкуу жүрүп жатат.

Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна нааразылык иш-чарасынын катышуучуларынын бири Айбек Султанкулов билдирди.

Өмүрбек Текебаевге президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн кыргыз тил боюнча тест тапшыруусуна уруксат берүүнү талап кылып, Бишкекте беш жана Базар-Коргондо беш адам саясий ачкачылык өнөктүгүнө катышууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Рахат Кеңешова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин журналисти. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG