Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:56

БШКны эки жээкке бөлгөн чечим


Өмүрбек Текебаевди колдоо митинги
Өмүрбек Текебаевди колдоо митинги

Жогорку Сот "Ата Мекен" партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевге тил сынагына уруксат берүү боюнча райондор аралык сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Ага чейин Бишкектин райондор аралык соту Боршайком бул маселе боюнча жетиштүү аракет көргөн эмес деген чечим чыгарган. Мындай жагдай БШК мүчөлөрүн эки жээкке бөлдү.

"Ата Мекен" партиясынын тергөө абагындагы лидери Өмүрбек Текебаевди тил сынагынан өткөрүү боюнча маселе Жогорку Сотко жетти.

Башкы соттук орган бул арызды карап, буга чейинки Бишкектин райондор аралык сотунун чечимин күчүндө калтырганын “Ата Мекен” партиясынын юристи Канатбек Азиз “Азаттыкка” кабарлады:

- Жогорку Сот Бишкектин райондор аралык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Ага ылайык, БШКны бул маселе боюнча жетиштүү аракет көргөн эмес деп тааныды жана ага өз жыйынында бул маселени кароону милдеттендирди.

Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы мурдагыдай эле сот чечимин өз алдынча чечмелеп жатат.

БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, сот чечиминде БШКны бул маселени талкуулоо боюнча эч кандай милдеттендирүү жок:

- Райондор аралык соттун чечиминде эч кандай милдеттендирүү жок. Ар ким өз ыңгайына жараша колдонууга аракет кылып жатат. Сот чечиминде БШК буга чейин колдоп же каршы чечим кабыл алышы керек болчу деген гана бар. Караш керек деген милдеттендирүү жок.

УКМКнын тергөө абагында кармалып турган "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев БШКга талапкер катары катталуу үчүн арыз берген. Анын негизинде 26-июлда мамлекеттик тил боюнча тест тапшырмак. Бирок Текебаевдин соттук ишин карап жаткан Биринчи Май райондук соту аны тест тапшырууга коё берүүдөн баш тарткан.

Мындан соң Текебаевдин адвокаттары Бишкектин райондор аралык сотуна кайрылган. Бирок сот чечими талаштуу жагдайга чекит кое алган жок.

Себеби, район аралык сотунун чечимин Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери менен БШК эки башка чечмелеп чыкты.

"Ата мекенчилер" сот Боршайкомду Текебаевдин кыргыз тили боюнча тест тапшыруу маселесин жалпы жыйында кайрадан кароону милдеттендирди десе, башкы шайлоо органы Текебаевдин өкүлүнүн арызын канааттандырган жок деп билдирүү тараткан.

Бул маселе Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү арасында ажырым жаратты.

Шайлоо комиссиясынын төрт мүчөсү оппозициячыл саясатчыны тил сынагына катыштырууга мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылып чыгышты.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун жактоочулары
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун жактоочулары

Мындай талапты Атыр Абдрахматова, Гүлнара Журабаева, Назарали Арипов жана Елена Жылкычиева өңдүү комиссия мүчөлөрү коюшкан.

БШКнын төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова өз аракетин бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүү керек деп түшүндүрдү:

- Сот Текебаевдин кыргыз тилинен сынак тапшыруусу боюнча БШКнын аракеттерин мыйзамсыз деп тапкан соң бул маселени мыйзамдуу талаага алып келүү керек. Талкуулап анан чечим чыгаруу зарыл. Демек биз соттун чечимин ишке ашырышыбыз керек. Экинчиден, талапкерлердин тең укуктуулугун сактоону БШК гана аткарышы керек. Башка эч бир органда мындай укук жок.

Анткен менен Боршайкомдун Нуржан Шайлдабекова баштаган жети мүчөсү бул маселени комиссия жыйынында кароого каршы чыгышты.

БШК төрайымы Шайлдабекованын жүйөсүндө, чечим чыгарууга азыр эрте:

- Айрым жагдайларды белгилеп коюш керек окшойт. Биздин жарандар Конституциялык мыйзам талап кылган нормаларды аткаруу менен өз укуктарын пайдалана алат. Талапкер болуп катталуу үчүн жарандар ошол эле мыйзам тарабынан бекитилген талаптардын баарын так аткарууга тийиш. Азыр бул маселе боюнча эрте чечим чыгарууга болбойт. Бул боюнча тыкыр даярданып алып, БШКнын кийинки отурумдарына алып чыгабыз.

Ал ортодо БШКнын эки мүчөсү Өмүрбек Текебаевди кыргыз тил сынагына киргизүү боюнча Жогорку Кеңеш төрагасы Чыныбай Турсунбековго кайрылуу жолдошту.

Гүлнара Журабаева менен Атыр Абдрахматова кол койгон катта Текебаевди сынактан өткөрүү маселесин фракция лидерлери менен талкуулап, чечүү өтүнүчү айтылган.

"Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-депутат Дүйшөнкул Чотонов "Мегаком" уюлдук компаниясына байланыштуу орус жаранынан ири суммада пара алган деген айып менен соттолуп жатат. Алардын тарапкерлери бул ишти саясий куугунтук деп аташты. Башкы прокуратура козголгон ишти саясат менен байланыштырууга негиз жок деп билдирип келет.

5-июнда башталган Бишкектин Биринчи Май райондук сотундагы жараянда жарыш сөз башталганы жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG