Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 12:28

Саясий жараяндарда, анын ичинде шайлоо өнөктүгүндө динди же диний ишмерлерди үгүткө аралаштыруу эмнеге алып келет? “Арай көз чарай” талкуусу.

Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы диний ишмерлер президенттик шайлоодо үгүт ишине катыша албасын эскертти. БШК бул эрежени бузган талапкерлерди жарыштан четтетүүгө укуктуу. Деги эле шайлоодо диндин ролу кандай? Кыргызстан мамлекеттик башкаруу динден бөлүнгөн, секулярдык өлкө делгени менен саясатчылар муну упай топтоонун бир жолуна айлантып алган жокпу?

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунда ушул суроолордун тегерегинде сөз болду. Талкууга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын бөлүм башчысы Ормон Жаныбеков, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова, диниятчы (теолог) Данияр Мурадилов катышты.

“Азаттык”: 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо партиялардын дин факторун колдонуусу байкалган. Быйыл да шайлоо алдында дин комиссиясы талапкерлерге эскертүү берди. Ормон мырза, буга эмне негиз берди жана бул эскертүү менен чектелеби же кандайдыр бир чара көрүү механизмдери барбы?

Ормон Жаныбеков: Бизге азыркы убакта дин уюмдарынын өкүлдөрү үгүт жүргүзүүгө катышып жатат деген маалымат түшө элек. “Кыргыз республикасынын президентин жана депутаттарын шайлоо тууралуу” Конституциялык мыйзамда диний уюмдун өкүлдөрүнө үгүт жүргүзүүгө жана ар кандай үгүт материалдарын таратууга тыюу салынат деп турат. Алар Кыргызстандын жараны катары шайлоого катыша алат, бирок үгүткө жол жок. Ушундай жагдайларды алдын алуу үчүн эскертүү берилген.

“Азаттык”: Борбордук шайлоо комиссиясы эрежени бузган талапкерлерди жарыштан четтетүүгө укугу бар экенин билдирди. БШК үгүт өнөктүгүнүн алкагында муну кантип көзөмөлгө алат?

Шайлоо мыйзамына ылайык, диний ишмерлер үгүт ишине, кайсы бир талапкердин шайлоо жараянындагы иш-чараларына катыша албайт. Андан сырткары диний уюмдардан талапкердин фонду дагы каржыланбайт.
Атыр Абдрахматова

Атыр Абдрахматова: Баш мыйзамда диний кызматкерлер мамлекеттик иштерге кийлигишпейт деген принцип жазылган. Шайлоо мыйзамына ылайык, диний ишмерлер үгүт ишине, кайсы бир талапкердин шайлоо жараянындагы иш-чараларына катыша албайт. Андан сырткары диний уюмдардан талапкердин фонду дагы каржыланбайт.

БШКнын алдында атайын жумушчу топ түзүлгөн. Ал үгүт ишин туура алып барабы же жокпу деген маселени карайт жана көзөмөлдөйт. Анын курамында юристтер, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бар. Ал топ үгүт иштерине байланыштуу арыздарды же өз ыктыяры менен теле-радиодон көргөн фактыларды териштирип жыйынга алып чыгат. Андан биз чечим чыгарууга укуктуубуз.

Эгер кайсы бир диний кызматкер же диний уюм талапкердин үгүт иштерине катышып жатса, ошол талапкердин расмий каттоосун жокко чыгарууга же каттабай койгонго укугубуз бар. Анткени биздин Конституцияда Кыргызстан секулярдык, динден ажыратылган өлкө деп жазылган.

Ал эми дин ишмерлеринин өздөрүнө түздөн түз чара көрбөгөн күндө дагы укук коргоо органдарына материалдарды жөнөтүп, алардын ишмердүүлүгүнө баа бергиле деп айтканга дагы укугубуз бар. Көзөмөлдөөгө БШКнын ресурсу жетиштүү. Биринчиден, шайлоо жараянына катышкан бүт тараптар мыйзамдуулуктун сакталышына кызыкдар болушу керек. Жарандык коомдун өкүлдөрү болобу, жөнөкөй жарандар болобу, ошондой кийлигишүүнү байкап калса, бизге кайрылса болот. Муну менен талапкерге же элдин баарына жаман көрүнүп калбайт. Башкысы - мыйзамдуулукту сактап калуу.

“Азаттык”: Президенттикке арыз тапшырган талапкерлердин бири белгилүү диний аалымдардан бата алганын мактанып, социалдык тармактарга сүрөт жүктөп, айрымдары Куран китептерин диний окуу жайларга тапшырганын жазып чыгышты. Шайлоо үгүтүнө байланыштуу саясий жараяндарда динди же диний ишмерлерди үгүткө аралаштыруу канчалык кооптуу же бул көрүнүш эмнеге алып келет?

Данияр Мурадилов: Коркунучу бар. Бул диндин өзүнө да коркунуч туудурат. Эгер андай болсо динди саясатташтыруу жараяны жүзөгө ашканы турат. Экинчиден, саясатка аралашпаган канчалаган мусулмандарды дагы ошону менен жаманатты кылат. Жеке жаран катары дин ишмери болобу, космонавт болобу, башка болобу, катыша алат, бул анын жарандык укугу. Ал жеке жаран катары үгүт иштерине деле катышса болот. Бирок диний уюмдун, мечиттин атынан үгүт жүргүзүүгө болбойт.

“Азаттык”: Айрым адистер диндин саясатта колдонулушу диний жамааттардагы ажырымды тереңдетиши мүмкүн дешет. Ушуну дагы диндин өзүнө жаралган коркунуч катары кабылдаса болобу?

Тигил же бул молдо мечитте сүйлөп жатып, кайсы бир талапкерге тартып сүйлөп, түз же кыйытып аны үгүттөп койсо, молдо эмес, талапкер жазага тартылат экен. Бул туура эмес деп ойлойм. Балким, талапкер андан суранган эместир.
Данияр Мурадилов

Данияр Мурадилов: Ага эч кандай деле тиешеси жок. Теологиялык ажырымдар бул Кыргызстандагы саясат менен эч кандай байланышы жок деп ойлойм. Ал эми көзөмөл боюнча, менин түшүнүгүмдө, тигил же бул молдо мечитте сүйлөп жатып, кайсы бир талапкерге тартып сүйлөп, түз же кыйытып аны үгүттөп койсо, молдо эмес, талапкер жазага тартылат экен. Бул туура эмес деп ойлойм. Балким, талапкер андан суранган эместир. Аны иликтеп, жиликтеш керек. Көзөмөл жүргүзүп, аны жүзөгө ашыруу мүмкүн эмес.

“Азаттык”: Мурдагы шайлоодо орун алгандай, быйыл да Курман айтта мечитте партиялардын атынан мал союлушу жана этинин таратылышы үгүткө киреби?

Атыр Абдрахматова: Албетте, кирет эгер ошол маалда шайлоо жүрүмү өтүп жаткан болсо. Экинчиден, бул мыйзамда так жазылган. "Чек коюлган, болбойт" деген нерселердин арасынан элге бекер тамак-аш же материалдык баалуулуктарды таркатуу болуп калат. Бул добуштарды сатып алууга кирип калат, анын жоопкерчилиги бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG