Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Мечит саясий үгүт үчүн эмес


Борбордук мечит
Борбордук мечит

Парламенттик шайлоонун алдында мечиттер менен дин кызматкерлерин саясий өнөктүккө тартууга тыюу салынат.

Бул боюнча диний кырдаалды талкуулаган жыйында Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Максатбек ажы Токтомушев билдирди.

Жыйында динге жамынган радикалдык агымдардын күчөгөн жана ислам баалуулуктарын мазактаган учурлар катталып жатканы талкууланды.

“Дин саясаттан тышкары”

Шайлоонун алдында өлкөдө диний чөйрөнү саясатташтырууга аракет кылган жана ал аркылуу упай топтогусу келген саясий күчтөр көбөйгөнү талкууга алынды.

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев буга байланыштуу мечиттерди кайсы бир тараптын пайдасы үчүн саясий үгүт катары колдонууга бөгөт коюлганын билдирди. Муфтияттын бул чечими динди саясатташтыруудан келип чыкчу ар кандай түшүнбөстүктөрдү алдын алуу максатында чыгарылганы айтылды.

Мындан сырткары Максатбек ажы Токтомушев дин кызматкерлерине шайлоо өнөктүгүнө аралашууга тыюу салынганын белгиледи:

- Биз саясатчылардан мечиттерди өзүнүн саясий максатына колдонбошун суранат элек. Мындан сырткары имамдарга, казыларга жана жалпы эле дин кызматкерлерине кайрылып, аларды кайсы бир партияны колдоп чыгып, үгүт жүргүзүүгө тыюу салынганын эскерттик. Мечиттердин микрофону саясий үгүт иштерин жүгүзүүгө берилбейт.

Айт намаз, 26-октябрь, 2012-жыл
Айт намаз, 26-октябрь, 2012-жыл

Ошол эле учурда өкмөт башчысынын орун басары Абдрахман Маматалиев баш болгон бийлик өкүлдөрү катышкан бул жыйында өлкөдөгү диний кырдаал талкууга алынды. Анда интернет булактарында айрым маалыматтар бурмаланып таратылып, диний араздашууга алып келүүчү чагымчыл материалдар жайылып жатканы айтылды.

Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев мындай чагымчылдыктын мизин кайтарууга үндөдү:

- Биз буга чейин бул жагдай тууралуу УКМКга да жаздык эле. Биздин диний ишмерлердин, аалымдардын беделине жана ыйык Куранга шек келтирген учурлар боюнча бир чара көрүп берсеңиздер. Мына ушундай жосунсуз жоруктар менен алектенгендерди таап, ошолорду жоопко тартсаңыздар. Бул чагымчыл нерсе азыр интернет аркылуу бүткүл дүйнөгө таркап жатат. Муну кандайдыр бир дин душмандары жасап жаткан болушу мүмкүн.

Коопсуздук көзөмөлдөнөт

Жыйында өлкөдөгү динге жамынган радикал топтордун шайлоонун алдындагы ар кандай күтүүсүз кадамдарына каршы туруу чакырыгы ташталды. Буга байланыштуу муфтият коомчулукта тынчтыкты сактоого багытталган атайын иш-чаралардын мерчемин иштеп чыкканы белгилүү болду. Анда экстремизмге жана радикалдашууга каршы туруу боюнча иш-чаралар камтылган.

Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев соңку учурда диний кызматкерлердин жеке коопсуздугу күн тартибинде турганын айтты:

- Биздин өлкөдө ошол эле айтылып жаткан экстремизм боюнча көйгөй көп. Анын бардыгы эле учурунда айтылбай же жеткирилбей калат. Албетте бул багытта биздин имамдар, казылар күрөшпөй койгон жери жок. Күрөш тиешелүү деңгээлде жүрүүдө. Бирок мында биринчи кезекте биздин дагы коопсуздукту ойлонуш керек. Мына ошол жагына мамлекет кам көрүшү зарыл.

Айт намаз
Айт намаз

Өкмөт башчысынын коопсуздук боюнча орун басары Абдрахман Маматалиев диний экстремизмге каршы турууда диний кызматкерлердин өмүрүнө коркунуч туулса, алардын коопсуздугу камсыздала турганын айтты.

Абдрахман Маматалиев кайсы гана тараптан болбосун, ар кандай коркутуп-үркүтүүгө токтоосуз чара көрүлөрүн убада кылды:

- Биздин муфтий баш болгон бардык диний кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо зарыл болсо биз аны колго алабыз. Кечээ мына ошол сөздөн кийин бул маселе боюнча УКМК менен ИИМге тапшырма берилген. Сиздердин коопсуздугуңарды камсыздоого сөзсүз чара көрүлөт.

Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев диний экстремизмди алдын алуу үчүн мамлекет көрүп жаткан чараларга токтолду. Алардын эң эле негизгиси катары Молдалиев диний билим берүүнү мамлекет өз көзөмөлүнө аларына аз калганын жарыялады. Жыйын соңунда бийлик менен диний башкармалыктын өз ара тыгыз карым-катышын камсыздоо маселеси көтөрүлдү.

XS
SM
MD
LG