Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 10:00

Кыргызстандагы диний абалдын кооптуу экендиги коомчулукта байма-бай айтылып келет.

Мындай пикирди таанымал публицист, жазуучу Мирзохалим Каримов да карманууда. 1990-жылдары Тажикстандан Кыргызстанга келип жашап калып, кыргыз жарандыгын алган Мирзохалим мырза Кыргызстандагы айрым жагдайлар Тажикстандын жарандык согушка чейинки абалына окшошуп турганын айтат.

"Азаттык": Сиз Тажикстанда төрөлүп, ошол жакта өскөнсүз. Бирок кийин Кыргызстанга келип, жарандык алдыңыз. Тажикстан менен салыштыра турган болсок, Кыргызстандагы учурдагы жашооңуз кандай?

Мирзохалим Каримов: Кудайга шүгүр, жакшы. Капачылыгым жок.

"Азаттык": Келип жайгашып калганыңызга ыраазы элесизби?

Мирзохалим Каримов: Абдан ыраазымын. Улутум тажик болгону менен кыргыз тилинде жазып калган жазуучумун. Бул жакты өзүмдүн мекеним деп эсептейм. Атам тажик, апам кыргыз болгондуктан кыргыздарды таяке деп коем. Мен силерге жээн болуп калам да. Анан ушундай сезимдер менен жашап, китептеримди жазып, мына эми ардактуу эс алууга чыктым.

Мен бул жерден Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөндөн кийин өзүмдүн мекениме барып кызмат кылайын деп ойлодум. Тажикстанга барып төрт жыл кыргыз жана тажик тилдеринде чыккан гезитте иштедим. Канткен менен чыгармачылык чөйрөдөн алыс болуп калат экенсиң. Мисалы, ушуга дейре жыйырмага жакын китеп чыгарсам деле, азыркыга чейин мен билбеген көп нерсе бар. Ошентип мени бул жакка чыгармачылык алып келди. Экинчиден, ал жактагы идеологиялык абал 90-жылдардагы саясий жаңжалга чейин эле аябай татаалдашып кеткен.

"Динге каршы күрөшкон опурталдуу"

"Азаттык": Тажикстандагы учурдагы абалды кандай баалайт элеңиз?

Мирзохалим Каримов: Азыр ал жактагы абал Кудайга шүгүр жакшы. Канткен менен болбогон идеологиялык түшүнбөстүк айынан беш жылга жакын согуш болуп, 60 миңдей адам өлдү. Эми азыркы учурда ал жактагылар өз колдору менен кыйраткан нерселерди кайрадан түптөй албай, экономикасын оңдой албай кыйналып турган чагы.

Тажик согушунун сабактары

"Өңүт" берүүсү 1992-97-жылдагы Тажикстандагы жарандык согушка чекит койгон Тынчтык келишиминин 15 жылдыгына арналды.

"Азаттык": Эми Кыргызстан жөнүндө сүйлөшөлү. Азыркы учурдагы Кыргызстандагы дин чөйрөсүндөгү абалга жана мамлекеттин дин саясатына кандай баа берет элеңиз?

Мирзохалим Каримов: Эгерде мен ошол Тажикстанда саясий жаңжал чыкканга чейинки жараянга сереп сала турган болсом, азыркы учурда Кыргызстанда да ошол нерселердин айрым элементтери байкалат жана ал жактан кээ бир нерселер көчүрүлүп алынгандай сезилет. Тажикстандагы согушка чейинки абалга окшош кээ бир нерселер бардай туюлат. Ар бир нерсенин жетилүү жараяны болот эмеспи, ошол нерсе жетилгенде анан жарылуу болот да. Жарылуу болбой эле койсун, Кудай сактасын, бирок алардын алдын алуу керек.

"Азаттык": Кээ бир элементтерин байкап жатам деп айтып жатпайсызбы, алар кайсылар?

Мирзохалим Каримов: Мисалы, Баш мыйзам боюнча Кыргызстан светтик мамлекет жана ар кимге дин тутуу эркиндиги берилген. Бирок эркиндик берилгени менен жоопкерчилик унутулуп калгандай. Мамлекет менен дин өз ара келишип алышы керек да. Мамлекет дин менен эмес, диний фанатизм менен күрөшүүсү керек. Мамлекет кээде диний фанатизм менен күрөшөм деп жатып динге каршы күрөшүп алгандай сезилет.

Ошондой нерсе диний чөйрөдө да бар. Мисалы, мага окшогон жазуучу, журналист болсо эле аны динден алыс деп ойлошот. Жок, андай эмес. Мен өзүмдү диний тарбия менен светтик тарбияны айкалыштырган кишимин деп эсептейм.

Айрым бир дин кызматкерлерин, молдолорду угуп отурсаң бизге окшоп намаз окубаган, орозо тутпаган же чылым тарткан бирөө "капыр" деп эсептелет экен деген ойго жетеленесиң. Ошондой көз караштар фанаттык түшүнүк болуп эсептелинет. Фанаттар асмандан түшпөйт да. Ошондуктан мамлекет бул жерде жоопкерчиликти өз мойнуна алышы керек.

"Дин тизгин талашпайт"

"Азаттык": Тагыраак айта турган болсок, азыркы учурдагы Кыргызстандагы абалды согушка чейинки Тажикстандагы абалга окшоштуруп жатасызбы?

Мирзохалим Каримов: Мисалы, согушка чейинки акыркы төрт жылда жылаңач аялдар бийлебесин деп Тажикстанда опера жана балет театрын жаптырышты. Согуш улуттар ортосунда болгон жок. Согуш коммунист тажик менен молдо тажиктин ортосунда болду. Айрым бир саясатчы жана идеологдор молдолорду колдонуш үчүн ошолордун тарабына өтүп алышты.

"Азаттык": Бизде деле ошондой нерселер болуп жатат. Мисалы, кээ бир саясатчылар саясий упай топтош үчүн молдолорду жандап жүрүшпөйбү.

Мирзохалим Каримов: Андай нерселерди радиодон ачык айтсаң артыңан сая түшүп алышат экен. Мен көрүп эле турам ким эмне үчүн аракет кылып жатканын. Алардын арасында өлкөнү светтик мамлекеттен диний мамлекетке айлантам дегендери да болушу мүмкүн. Равил Гайнуддин далай жылдар Орусия мусулмандарынын муфтийи болуп иштеп атат. Орустардын өздөрүнүн да христиан-православ лидерлери бар. Эмне үчүн алар ушуга чейин бир да жолу саясатка аралашабыз, президент болобуз, депутат болобуз дебейт? Анткени алар өздөрүнүн диний ыйык милдетин билишет. Диндин ыйык милдети саясий жетекчиликтин рулун талашуу эмес, диндин негизинде адептүү, коомго жана мамлекетке пайдалуу адамды тарбиялап берүү болуп эсептелинет. Дин саясатташып кеткен жерде дин да, мамлекет да зыян тартып калат. Тажикстанда деле ошондой болду да.

"Азаттык": Бизде акыркы мезгилде мечиттердин саны мектептердин санынан ашып кетти деп көп айтыла баштабадыбы. Сизди да динчилдешүү жараяны кооптондурабы?

Мирзохалим Каримов: Жашырганда эмне, мени да кооптондурат. Бирок светтүүлүк менен динди айкалыштырып, ошол багытта тарбияласа мага десе төрт миң мечит болсун. Мен мечиттердин санынан коркпойм. Керек болсо бир айылдагы жападан жалгыз мечитте деле бир бузуку молдо жыйырма фанатты тарбиялап коюшу мүмкүн.

"Маңкурт болбойлу"

"Азаттык": Алдыда президенттик орунга шайлоо болгону турат. Өткөн жылдардагы шайлоолордо да динге басым жасаган, динге ыктаган партиялар, саясий лидерлер жакшы эле упай алышты. Ушул жагынан алып караганда Тажикстан менен окшоштуктар барбы?

Мирзохалим Каримов: Бул нерсени ал жакта жакшы пайдаланышкан. Мечиттерге барышып, имамдарга "өзүбүздөн президент болот, ошого добуш бергиле" деп ачык эле айтышкан. Ал эми имамдар жамаатка жеткирген.

Бул жерде мамлекеттин да күнөөсү бар. Мамлекет айылдан башталат да. Мына, айылга барып айыл өкмөттөрдүн имараттарын караңыз. Имаратынын абалы начар. Ошонун жанындагы мечит аябай сонун курулган. Ошондой жаркыраган мечитте дин кызматкери өзүнүн үгүтүн, тарбиясын жүргүзүп жатат, ошончолук жогорку кадыр-баркка ээ. Ал эми айыл өкмөт жетекчилери эмне кылып жатат? Алардын кээ бирлери саясатты түшүнбөйт. Элди топтоп, мамлекеттин саясатын жүргүзө албай жатат. Бул тең салмактуулукту бузууда. Диний лидерлердин, кызматкерлердин кадыр-баркы светтик жетекчилердикинен жогору болууда.

Бир айылдагы жападан жалгыз мечитте деле бир бузуку молдо жыйырма фанатты тарбиялап коюшу мүмкүн.

"Азаттык": Сырттан диний чөйрөгө келген колдоолор жөнүндө сүйлөшсөк. Сырттан келген көптөгөн фонддор биздеги диний уюмдарга, керек болсо саясатчыларга да колдоо көрсөтүүдө. Ушундай нерсе Тажикстанда болгонбу? Ушул нерседе эки өлкө ортосунда кандайдыр бир параллелдүүлүк көрүп жатасызбы?

Мирзохалим Каримов: Согушка колдоо жалгыз эле өлкөнүн ичинен болбойт. Идеологиялык жактан да, экономикалык жактан да колдоо сырттан келет. Алар жашыруун келет жана көбүнесе көзгө көрүнбөйт.

"Азаттык": Динчилдер менен улутчулдардын ортосундагы атаандашуу жөнүндө да кеп кылбасак болбойт. Азыркы учурда улутчулдук өсүп турганы менен бир тарапта динчилдешүү да жай эмес да.

Мирзохалим Каримов: Улутчулдуктун эки түрү бар. Канга таянган улутчулдуктан Кудай сактасын. Бирок улуттук жана мамлекеттик баалуулуктарды сүйүү деген нерсе бар. Бул жакшы нерсе. Чыңгыз Айтматов айткандай өзүңдүн улуттук баалуулуктарыңды унутуп, маңкурттукка барбаш керек. Тилиңди, дилиңди, ата-бабаң сактап келген салттуу диниңди унутпашың керек, ошондон айрылбашың керек.

Кыргыздын көзгө сүртө турган Манастын күмбөзү бар. Эмне үчүн элибиз жылына бир жолу Таласка барып Манастын күмбөзүнө зыярат кылып келишпейт? Бүткүл дүйнөдөн эл келип жатышат, бирок эмнеге кыргыздар барышпайт? Идеология мына ушундан башталат. Эгер андай кылбасаң, анда башка идеологиялар сени оң колуңдан бир жакка, сол колуңдан башка бир жакка жетелеп кете берет. Бул жерде ошондой идеологияны калыптандыра албаган мамлекеттин да күнөөсү бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG