Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:03

Кесиби боюнча физика мугалими, 58 жаштагы Өмүрбек Текебаев саясатка 1990-жылдардын башында келип, анын саясатчылык ишмердиги эгемен Кыргызстан менен дээрлик куракташ болду.

Ал сексенинчи жылдардын этегинде Базар-Коргондо мугалим кезинде окуучулардын пахта теримге чыгышына каршы болушу менен эл оозуна алынган. Кийинчерээк эгемен Кыргызстандын туусун, гимнин, гербин, улуттук акчасын кабыл алып, алгачкы президентин шайлап, легендарлуу парламент атыккан Жогорку Советтин депутаты болуп шайланды.

КДКнын I курултайы (солдон оңго): Өмүрбек Текебаев, Казат Акматов, Дүйшөнбек ажы Өтөнбай уулу, Кадыр Матказиев жана Жыпар Жекше. 1991.
КДКнын I курултайы (солдон оңго): Өмүрбек Текебаев, Казат Акматов, Дүйшөнбек ажы Өтөнбай уулу, Кадыр Матказиев жана Жыпар Жекше. 1991.

1990-жылдардын экинчи жарымынан тарта ал кездеги президент А.Акаевдинавторитардык бийлик системасына каршы курч сын-пикирлер менен чыгып, күрөшчүл саясатчыга айланган. Ошол кездеги премьер-министр Апас Жумагуловдун катышуусундагы парламенттик жыйындардын биринде «Акаевди Ала-Тоо аянтына алып чыгып соттош керек!» дегени ошол учурдагы күтүүсүз жана курч саясий билдирүү катары бааланганын күбө болгон журналисттер азыр да айтып жүрүшөт.

Дегеле талдоочулар арасында Ө.Текебаевдин бетке чабардыгын саясий тагдырына балта чапкан сапаттардын бири катары белгилегендер аз эмес. Маселен, Жогорку Кеңештин 2006-жылдын февраль айындагы отурумунда президент Курманбек Бакиевге карата “Уят болду, ит болду, эркек болсо асынып өлүшү керек” деген сөзү анын төрагалыктан кетишин шарттаган. Бул кадам ошол кезде коомчулукта мамлекеттик жетекчинин өз каалоосу менен кызматын таштап кеткен Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы окуя, чечкиндүү каршылык кадамы катары бааланып, Текебаевдин саясатчы катары аброюн көтөргөн.

Текебаевдин саясий сапарында зоболосун көтөргөн бир нече учурду эске салса болот. Алардын эң таасирдүүсү катары Аскар Акаевдин бийлиги кулатылган 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийинки бийликти легитимдештирүүгө кошкон салымы айтылып келатат. Башкача айтканда, Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Өмүрбек Текебаев өзүнүн спикер катары легитимдүүлүгүн таанууга бийликтен кулатылган президент Аскар Акаевди көндүргөн жана Москвага делегацияны жетектеп барып, анын кызматтан баш тарткандыгы жөнүндөгү арызын жаздырып келген.

Бул жоогазын ыңкылабынан кийин президенттин милдетин аткарып калган Курманбек Бакиевдин кийинчерээк президент болуп шайланып, легитимдүү башкаруунун улантылышына шарт түзгөн. Ошол эле учурда мамлекеттик мыйзамдарды эске албагандар муну Акаевге жан тартуу катары кабылдап, Текебаевди сындашкан.

2006-жылдан баштап Текебаев Бакиев режими Акаевдикинен да зөөкүр чыкты деген каршылык маанайдагы саясатчылардын бирине айланган. Ал теңтөрагалык кылган “Реформа үчүн!” кыймылынын тынымсыз акциялары бир нече ирет конституциялык реформаларды жүргүзүүгө, кийинчерээк 2010-жылдагы апрель ыңкылабына жол ачкан.

Өмүрбек Абдрахманов, Дооронбек Садырбаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев. 27-май, 2006-жыл
Өмүрбек Абдрахманов, Дооронбек Садырбаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев. 27-май, 2006-жыл

Текебаевдин рейтингин көтөргөн дагы бир учур бийлик менен оппозициянын күрөшү курчуп турган дал ошол 2006-жылга туура келет. Сентябрь айында иш сапарга бараткан Өмүрбек Текебаевдин жүгүнөн Варшава аэропортунда героин табылып, бирок, Польша соту аны актаган чечим чыгарган. Бул эл аралык жана жергиликтүү коомчулукта Бакиев режиминин оппозициялык лидерге каршы майнапсыз аяктаган кысымы катары бааланган.

Тагдырдын тамашасы менен ошол эле чет өлкөгө иш сапардан, Венадан учуп келаткан Текебаев 2017-жылдын 26-февралында “Манас” аэропортунда кармалып, бул ирет ал Кылмыш кодексинин “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча козголгон иштин негизинде камакка алынып, сегиз жылга кесилип отурат. Саясатчынын минтип темир тор артында калышы саясий айдыңда бийликтин аша чабуусу катары бааланды.

Бул окуя президенттик шайлоо алдына туш келип, саясатчыны президенттик үчүн ат салышуу укугунан ажыратты.

Текебаев өзүнүн саясий сапарында буга чейин эки ирет 1995-жылы жана 2000-жылы президенттикке талапкердигин коюп, эки жолу тең утулуп калган. 2000-жылкы шайлоодо Акаевдин айыгышкан атаандашы “темир Феликс” атыккан Феликс Кулов менен тандем түзүп, шайлоочулардын 14 пайыз добушуна ээ болгон. Мындай жыйынтыкты “тандем” бийликтин өз пайдасына “добуш жасап” алгандыгы менен негиздеген. “Азаттыкка” берген интервьюларынын биринде Текебаев биринчи лидер боло албай келаткан себебин саясий тагдыр деп баалаган эле.

Текебаев Кыргызстандагы партиялык башкарууну жактаган жана анын калыптанышына салым кошкон, алгачкылардан болуп партия түптөгөн саясатчылардан. Адегенде 1991-жылы Топчубек Тургуналиев баштаган демократтар түзгөн “Эркин Кыргызстан” саясий партиясына төрага болуп, 1994-жылы өз алдынча “Ата Мекен” социалисттик партиясын негиздеген. Ошондон бери Текебаев жана анын партиясы Жогорку Кеңештин биринчи, экинчи, үчүнчү жана бешинчи, алтынчы чакырылышында депутаттык орунду ээлеп, төрага, фракция төрагасы болуп келе жатат. Ошентип Текебаев кыргыз парламентинин эң узак жана туруктуу иштеген мүчөсү. Ал мыйзам чыгаруу ишмердиги жагынан башка саясий ишмерлерди алдыга чыгарбаса керек. Ал иштеп чыккан көп сандаган мыйзамдардын ана башында Конституция турат. Анткен менен саясатчыны оппоненттери 2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин кабыл алынган Баш мыйзамды өзүнө ылайыктап жазган деп сындап жүрүшөт. Азыркы саясий тагдырын да ошонун өтөлгөсү катары жоруган оппоненттери бар.

Текебаевдин саясий тагдыры эгемен Кыргызстандын Баш мыйзамдары менен тыгыз байланышта. Бардык бийликтердин тушунда тынымсыз жүрүп келген конституциялык реформалардын көбүнө дээрлик катышып келген. Маселен, Баш мыйзамды иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн 1991, 1994, 2002, 2006-жылкы жумушчу топтордун ар бирине мүчө же жетекчи болгон.

Ал эми 2010-жылы кабыл алынган Конституция дээрлик “Текебаевдин Конституциясы” деген атка конгон. Апрель ыңкылабынан кийин кабыл алынган бул мыйзамда мамлекеттик башкаруу системасына партиялык башкаруу киргизилип, 2020-жылга чейин өзгөртпөө макулдашуусу менен кабыл алынган. Ага карабай Баш мыйзам 2016-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин колдоосу аркылуу өзгөрдү.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева жана Өмүрбек Текебаев. Май, 2010-жыл
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева жана Өмүрбек Текебаев. Май, 2010-жыл

Дал ушул кадам 2005-жылдан бери үзөңгүлөш келаткан эки таасирдүү саясатчынын араздашуусуна жол ачкан деген пикир коомдо үстөмдүк кылат. Конституциялык өзгөрүүлөргө каршы кескин пикирин билдиргенден кийин “Ата Мекен” фракциясы парламенттеги коалициялык көпчүлүктөн чыгарылып, ачык оппозицияга өткөн. Бул аралыкта оппозицияга кеткен саясатчы эң чуулгандуу билдирүүлөр менен чыккан. Алардын катарында президент Алмазбек Атамбаевди импичментке алып бара турган чет өлкөдөгү мүлктөрү боюнча маалымат топтоп жаткандыгы, курулуп жаткан менчик үйүнүн жер аянты бакиевдерге таандык экендиги тууралуу билдирүүлөрү бар. Текебаев өзү болсо соттогу акыркы сөзүндө бийликтин кысымы кыйла эрте башталган деп билдирди.

Бүгүн коомчулукта Текебаевге карата чыккан сот өкүмү Кыргызстандагы эки таасирдүү саясатчы – президент менен “Конституциянын атасы” атыккан башкы мыйзамчынын саясий тирешинин туундусу катары бааланууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG