Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:24

Текебаевдин Маевский тууралуу маалыматы


Сүрөт Игорь Коваленконуку. Автордун уруксаты менен алынды.
Сүрөт Игорь Коваленконуку. Автордун уруксаты менен алынды.

Өмүрбек Текебаевдин соту келе жаткан аптанын дүйшөмбү күнү уланмай болду.

Текебаев менен Чотоновдун сотуна бүгүн Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева жана УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев келди.

Өмүрбек Текебаев бүгүнкү сот отурумунда орус ишкери Леонид Маевский менен жолугушуусун кеңири баяндап берди. Тергөөдө Маевский Текебаев менен беш жолу жолукканын айткан, бирок депутаттын билдиргенине караганда, аны менен эки гана жолу жолуккан, "Мегаком" боюнча эч кандай сүйлөшүү болгон эмес.

Айтымында, ал Маевский менен 2010-жылы 24-августта Бишкектин четиндеги "Супара" ресторанында, ал эми 1-сентябрда Москвада жолуккан.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун сотунан кабарчыбыз Бакыт Асановдун репортажы. (11.08.2017)

Текебаев 2010-жылы Убактылуу өкмөттөгү кызматын тапшырып, күзгө жакын шайлоого даярдана баштаганын, ал учурда Кыргызстандагы бардык саясий күчтөр башка өлкөлөрдүн жетекчилери менен байланыш түзүп жатканын айтып, Алмаз Атамбаевдин Владимир Путин менен, Феликс Куловдун Дмитрий Медведев, Өмүрбек Бабановдун Сергей Нарышкин менен жолукканын мисал келтирди.

Ошол эле учурда Текебаев Түркияга 18-21-августта барып, ошол кездеги президенти Абдулла Гүл менен жолуккандан кийин Түркияны батышчыл санагандар "Ата Мекен" америкачыл деген сын айтыла баштаганда "балансты оңдоо үчүн" Орусия менен байланыш табуу максаты турганын, Мамдумадагы оппозициялык "Справедливая Россия" фракциясынын лидери Сергей Миронов менен гана тааныштык бар болгонун билдирди.

Текебаевдин айтымында, ал кезде Дүйшөнкул Чотонов Орусиянын Мамдумасынын Маевский аттуу экс-депутаты менен тааныш болчу жана аны менен 24-августта "Супарада" түшкү тыныгуу маалында кыска гана жолугушкан, Маматкеримовду биринчи жолу ошол жактан көргөн, ал Маевскийдин бизнес өнөктөшү деп тааныштырылган.

"Ошол жерден Орусияга визит менен барарымды айтып, орус жетекчилиги менен жолугушуу уюштурууну сурандым. Ал макул деп Москвада жолугушууну убада кылды. 1-сентябрда Москвага "Справедливая Россиянын" өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн бардым. Визитти даярдаган Эркин Алымбеков тосуп алды. Ал жерге Леонид Маевский да келиптир. Жолугушуудан соң аэропорттон келе жатып Маевскийдин кеңсесине кирдик. 10-15 адамдын катышуусунда жолугушуу өттү. Анда акча жөнүндө сөз да болгон эмес", - деди Текебаев.

Ал прокуратура күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн одоно бурмалап жатканын айтып чыкты.

Ошондой эле Текебаев Маевскийдин "13-майда жолукканбыз" деп айткан сөзү жалган экенин Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн көрсөтмөлөрү жана ошол учурдагы телефондук сүйлөшүүлөрдүн локализациясы да көрсөтүп турганын кошумчалады.

Тергөө 2010-жылы 13-майда Текебаев Маевский менен "Супарада" жолуккан, аны "Мегакомдун" башкаруусуна катыштыруу үчүн сүйлөшкөн деп айыптаган.

Беш айдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан "Ата Мекен" лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотонов "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жаранынан Маматкеримов аркылуу ири суммада пара алган деп айыпталууда.

Алар бул ишти саясий куугунтук деп атап келет.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева быйыл 6-апрелде парламентте сүйлөп жатып көзөмөл органы саясатка аралашпай турганын билдирген.

10-август күнү сотто мамлекеттик айыптоочулар "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди 10 жылга, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылга эркинен ажыратууну, үй-мүлкүн мамлекетке чегерүүнү жана эркиндикке чыккандан кийин үч жыл мамлекеттик ишке аралаштырбоону сураган.

Прокурор Нурмат Исраилов айыпталуучулардын кылмышы боюнча элүү беш далил иш бар экенин билдирген:

- Кылмыш пайда көрүү максатында жана жеке кызыкчылыктан улам жасалганын айтсак болот. Соттолуучулардын күнөөсүн жеңилдетүүчү жагдайлар жок. Урматтуу сот, жогорудагылардын негизинде Текебаев Өмүрбек Чиркешовичти Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин биринчи бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, анын үй-мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратууну жана үч жылга белгилүү бир кызматты ээлөө укугунан ажыратууну сурайм. Чотонов Дүйшөнкул Тезекбаевичти үй-мүлкүн мамлекетке өткөрүү менен сегиз жылга эркинен ажыратууну жана үч жылга белгилүү бир кызматты ээлөө укугунан ажыратууну сурайм.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG