Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:18

Текебаев менен Чотоновго сот өкүмү чыкты


Сот өкүмүнө ылайык, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго сегиз жыл күчөтүлгөн тартиптеги жаза мөөнөтү чектелди.

Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновго сот өкүмү угузулду. Судья Айбек Эрнис уулунун чечимине ылайык, Текебаев да, Чотонов да сегиз жылга эркинен ажыратылды. Прокуратуранын алардын үй-мүлкүн мамлекетке чегерип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматка иштебесин деген өтүнүчү канааттандырылды.

- Текебаев Өмүрбек Чиркешович Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасоодо күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга мамлекеттик кызматты ээлөө укугунан ажыратуу менен сегиз жылга эркинен ажыратылсын. Жаза мөөнөтү күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында белгиленсин. Жаза мөөнөтү 2017-жылдын 26-февралынан баштап эсептелсин.

Сот ушундай эле өкүмдү Дүйшөнкул Чотоновго да чыгарды. Өкүмгө ылайык, Текебаев менен Чотоновдун жаза мөөнөтү мунапыс боюнча үчтөн бирге кыскарат. Тергөө абагында алдын ала өтөгөн жаза мөөнөтү эки күндөн эсептелет. Ошентип алардын кыскарган жаза мөөнөтү 4,5 жылды түзөт.

Өмүрбек Текебаев сот чечими мыйзамсыз экенин айтып, Айбек Эрнис уулу бийликтин буйругун аткарды деп билдирди.

- Көрдүңөр, алсыз негизделген, эч кандай далили жок чечим. Жөн эле жазып койгон. Бул Атамбаевдин бийлигине берилген баа. Бул Атамбаевдин сот реформасынын жүзү. Туугандар, бардыгы жакшы болот.

Мамлекеттик айыптоочулар буга чейин соттон Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну суранган болчу.

Текебаевдин жактоочуларынын бири Канат Хасанов сот чечими далилсиз экенин айтып, жогорку инстанцияга даттанарын билдирди:

- Сот бир эле Маевский менен Модиндин көрсөтмөсү боюнча өкүм чыгарып салды. Сот өзүнүн өкүмүн прокурорлордун айыптоо корутундусун эле туура деп окуп койду. Болбосо биз айыптоо келтирген бардык дооматтарды толугу менен жокко чыгарганбыз. Бул күлкүлүү. Биз мыйзамда каралган тартипте шаардык сотко даттанабыз.

Анткен менен сот өкүмү акыйкат чыкты дегендер да жок эмес. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыков сот айыпталуучулардын күнөөсү далилденбесе, 8 жылга кесмек эмес деген пикирде:

- Саясатчылар бир нерсе болсо эле саясий куугунтук деп көнүп калышкан. Сот алардын күнөөсү далилденбесе, сегиз жылга эркинен ажыратпайт эле. Демек, алардын кылмышы ырасталган. Ошондуктан саясий куугунтук болуп жатат дегендерге кошулбайм.

Текебаев менен Чотоновго чыккан өкүм
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:28 0:00

Текебаев сотту адилет болууга чакырды

Өкүм чыкканга чейин Өмүрбек Текебаев акыркы сөзүндө 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийинки саясаттагы окуяларга кайрылган. Ал парламенттик шайлоодон соң ошол кездеги экс-президент Роза Отунбаева парламентте көпчүлүк коалиция түзүү мандатын өзүнө тапшырганын, бийликтин баарын бөлүштүрүү милдетин да өзүнө жүктөгөнүн, бирок андан баш тартканын, эгер мыйзам бузайын деген ниети болсо ошондо эле тиешелүү кызматтарга өз кишилерин коюп алмактыгын айткан.

Коалиция түзүүнү Өмүрбек Бабановго берүүнү Отунбаевага сунуштаганын белгилеген. Укук коргоо органдары таккан айыптар далилденбегенине минтип токтолгон:

- Мына бизде тарыхый үлгү боло турган инсандар башка тармактарда бар. Соттун арасында акыркы 50 жылда же 20 жылда ушундай бирөө чыкты беле? Сот системасындагы калыптанып калган жаман адаттарга, салттарга, тартиптерге каршы болуп, "туугандар мындай болбойт, эл бизге ишенбей жатат, мыйзам, адилеттүүлүк бузулуп жатат, андай эмес мындай кылалы" деп чыгып, бийликке каяша айтып, жаман адатка каршы күрөшкөн бир судья болду беле? Мен 25 жылдан бери эл аралап жүрөм, андай судьяны укпаптырмын. Ошон үчүн сот системасы чирип, реформа жүрбөй жатат. Так ушундай адамдар, урматтуу Айбек мырза, сот системасынын ичинен чыгышы керек. Мына, сиздин кесиптештериңиз, бул жерде отурган адвокаттар бир ай мурун айтты эле. Айбек мырза жакшы судья элеңиз дешип. Эсил кайран деп коштошкондой, жаназа окугандай айтты. Ошондой эле айткам, сот системасындагы реформаны силер жасайсыңар, эгер басымга, мыйзамсыздыкка, адилетсиздикке жок деп айта алсаңар, ошондо жол көрсөткөн маяк болосуңар. Ошондо судьялардын жаңы мууну силердин артыңардан ээрчийт. 600 соттун ичинен жок дегенде он судья чыгыш керек да. Тарых сизге ошондой прецедент түзгөнгө мүмкүнчүлүк берип отурат. Сиздин кандай судья экениңизди ушул кезге чейин билген жокмун. Мен эле эмес, аялыңыз, балдарыңыз да билбейт болуш керек. Ушул жараяндан кийин аялыңыз, балдарыңыз, бүтүндөй Кыргызстан билет. Кандай пикирде калат, кандай баа берет, ал өзүңүздөн көз каранды. Мен аягында айтам. Бул иш бурмаланган. Жалган жалаа. Дүйшөн экөөбүз адвокаттардын жардамы менен прокуратура, УКМКнын жалааларынын баарын жокко чыгардык. Конституция боюнча биз өзүбүздүн ак экенибизди далилдебешибиз керек, аны сиз далилдешиңиз керек. Бирок ошого карабай аны биз далилдедик.

Түшкө чейин Чотоновго акыркы сөз берилген. Ал кыска сүйлөп, сотко кайрылып бул чечим менен тарыхта каларын айтты жана акыйкат чечим чыгарууга чакырган.

Айыпталуучулардын жактоочулары да жарыш сөздөрүн бүгүн аяктап, сотто эки саясатчыны актоону сураган болчу.

Соттун алдында эки саясатчынын жактоочулары турат.
Соттун алдында эки саясатчынын жактоочулары турат.

26-февралдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотонов "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деп айыпталып жатат. Бул акча Чотоновдун айылдаш таанышы, кийин көзү өтүп кеткен Талант Маматкеримов аркылуу алынганы тергөөдө айтылган. Соттолуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп атап келет.

Текебаевге чыккан өкүм тууралуу саясатчылардын жана коомдук ишмерлердин пикири.

Текебаевдин шайлоого катышуу аракети

Өмүрбек Текебаев 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого УКМКнын тергөө абагында жатып талапкерлигин койгон. Бирок Боршайком 10-августтагы отурумунда Текебаевди тил сынагына киргизбөө чечимин кабыл алган.

Боршайкомдун 12 мүчөсүнүн үчөө - Атыр Абдрахматова, Гүлнара Журабаева жана Назарали Арипов "Ата Мекен" партиясынын абакта убактылуу кармалып жаткан лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин президенттикке талапкер катары мамлекеттик тил сынагына катышуусуна шарт түзүп берүүнү колдошсо, тогузу ага каршы чыккан

Кыргыз мыйзамдарына ылайык, адамга сот өкүмү чыгып, ал күчүнө кирмейинче күнөөлүү деп эсептелбейт жана тергөө абагында жатса да президенттикке талапкер болуу укугу сакталат.

БШК Текебаевди тестке катыштырбайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:10 0:00

Быйыл 15-октябрда Кыргызстанда жаңы Баш мыйзам референдум аркылуу кабыл алынгандан кийинки алгачкы президенттик шайлоо өтөт.​

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, президенттик шайлоого талапкер болуп катталам дегендер 30 миң кол топтоп, мамлекеттик тил сынагынан өткөнүн ырастаган сертификатын тапшырып, күрөөгө 1 миллион сом коюшу керек. Бул талаптардын бирин эле аткарбагандар талапкер болуп каттала албайт.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишенимдүү өкүлдөрү 7-августта 50 миң жарандын кол тамгасын чогултуп, БШКга тапшырышкан.

Анын президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн кыргыз тил боюнча тест тапшыруусуна уруксат берүүнү талап кылып, Бишкекте беш жана Базар-Коргондо беш адам бир жумага жакын саясий ачкачылык да кармашкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG