Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Бекназаров-Ташиев: Аудиотасмадагы сөздөр чын эмес


Азимбек Бекназаров менен Камчыбек Ташиев.
Азимбек Бекназаров менен Камчыбек Ташиев.

Интернетте “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин соту боюнча саясатчы Азимбек Бекназаров менен “Ата Журт” партиянын лидери Камчыбек Ташиевдики делген аудиотасма тарады.

Анда эки саясатчы чай үстүндө сотто берген көрсөтмөсү тууралуу сүйлөшүшкөн деп боолголонот. Бекназаровдукуна окшош үн: “Сөөгүн агарткыча калп айттым. Ар калпты айткан сайын "Кудай өзүң кечир" деп жаттым” деп сүйлөгөн. Ал эми Ташиевдики делген үн сотто көрсөтмө берер алдында Текебаевден кат алганын айткан:

- Мага кат жазып жибериптир, Камчы үка, 22си туулган күнүм болгон. Эсиңдеби, 23ү келип мени куттуктап вино бергенсиң дептир. Эсимде жок, вино бергенимди, куттуктаганымды. Мен аны эч качан куттуктаган эмесмин.

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров 19-июлда Текебаев-Чотонов сотунда көрсөтмө берген. Ал 2010-жылы 13-майда бир нече жыйын өткөнүн, анда өлкө түштүгүндөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн 2 млн сом бөлүү боюнча талкуу болгонун айткан. Ошондой эле “Чотонов менен Шыкмаматовду менин сунушум менен Атамбаев дайындаган. “Мегаком” Убактылуу өкмөттүн декрети менен Атамбаевге өткөрүлүп берилген” деп маалымдаган. Камчыбек Ташиев да сотто көрсөтмө берип, 2010-жылы 21-декабрь күнү Текебаевдин туулган күнү болгонун, бирок аны куттуктайм деп кайра-кайра барып, парламенттеги иш бөлмөсүнөн таппаганын билдирген.

Саясатчылар аудиотасманын чындыгын четке кагууда

Интернетке тараган бул аудиотасма тууралуу саясатчы Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” комментарий берди. Ал сотто берген көрсөтмөлөрү тууралуу сыртка чыкканда сүйлөшпөй турганын жана сотко кайра барса деле мурдагы маалыматтарын эле айтаарын белгиледи:

- Сотто жалган маалымат берсе ал жерге кол койобуз. Эгер жалган айтты десе, кайра сотко миң жолу алып барса деле мен ошол сөзүмдү айтам. Мени 20 жылдан бери жаздыртып, далай жолу эле көрсөтүп келатпайбы, Бекназаров минтип айтты деп. Бул УКМКнын иши да. Биринчи жолу болуп жатабы? Азыр көрүнгөн кишиге Бекназаровду туурап кой десе, менин өлүп калган чоң атамдын сөзүн деле туурап койо берет. Мен көрүнгөн жерде, көчөдө, кафе-ресторанда сотто берген көрсөтмөмдү кайталап жүрбөйм да. Ал аудиону көргөн, уккан жокмун.

Сүйлөшүүгө катышты делген “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев тарап да аудиотасманын монтаждалганын айтып чыкты. Аталган партиянын маалымат катчысы Нургазы Анаркуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, Ташиев соттогу көрсөтмөлөрдү четке какпайт:

- Камчыбек Ташиев интернетте тарап кеткен аудио жазуунун баштан аягына чейин монтаждалганын айтып жатат. Аны кандайдыр бир күчтөр Текебаевдин соту боюнча чечим чыгаарда өз пайдасына оодаруу, коомдук пикирди түзүүгө аракет кылганы көрүнүп турат. Камчыбек Кыдыршаевич ал жерде калп көрсөтмөлөр жөнүндө сүйлөшүү болбогонун айтып жатат. Буга чейин Текебаевдин сотунда кандай көрсөтмө берсе, анын баары чындык экенин эске салат.

Бүгүн Биринчи май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланууда. Учурда Текебаев соңку сөзүн сүйлөп жатат. Ал интернетке тараган Ташиев менен Бекназаровдун аудиосу боюнча айтып, "Кудайдан кечирим суроонун кереги жок. Бекназаровдун айткандары факт” деп билдирди. Ал үч башка жердеги аудио бириктирилип монтаждалганын белгиледи.

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев туулган күнгө берди делген вискини 14-августта “Азаттыкка” маек берип жаткан учурда көрсөттү. Анын айтымында, Өмүрбек Текебаев 2010-жылы 4,5 литрлик вискини үйүнө "Камчыбек үкөм туулган күнүмө белек кылды" деп алып келген жана аны жан сакчысы көтөрүп кирген. “Жети жыл өттү. Муну Ташиев унутуп калышы мүмкүн”, - деди Айгүл Текебаева.

Айгүл Текебаева: Ташиев берген виски үйдө турат
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00

Интернетке тараган аудиотасма боюнча Улуттук коопсуздук комитети тааныша электигин билдиришти.

Күбө жалган көрсөтмө үчүн жоопкерчиликке тартылат

Белгилүү адвокат Икрамидин Айткулов болсо, мыйзамдар боюнча жалган көрсөтмө бергени үчүн күбө жоопкерчиликке тартыларын эскертүүдө:

- Эгерде күбө болгон адам алдын ала билип туруп жалган көрсөтмө берип, сот чечим чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кеткенге чейин аны моюнуна албаса, жоопкерчиликке тартылат. Ал эми аудиотасманын монтаж же чын экенин техникалык экспертиза аркылуу оңой эле аныктаса болот. Кандай болгон күндө да бул саясатчылардын моралдык жүзүн толугу менен көрсөтүп жатат.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотонов коррупция беренеси боюнча айыпталып жатат. Алар 2010-жылы Убактылуу өкмөттө мүчө болуп турганда орусиялык ишкерлерден “Мегакомду” алардын пайдасына чечүү үчүн миллион доллар пара алган деп шектелип жатат. Саясатчылар кылмыш ишин саясий куугунтук деп атап, өздөрүнүн ак экенин айтып келишет.

Мамлекеттик айыптоочу соттон Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, үй мүлкүн мамлекетке чегерип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматка иштебесин деп сураган.

Текебаев менен Чотоновдун сотуна катышып жаткандардын айтымында, эки саясатчыга өкүм ушул жумада чыгышы мүмкүн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG