Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Шайлоо-2017: өкмөттүн тагдыры талкууда


Шайлоо өнөктүгү маалында өкмөттү ким жетектей турганы саясий чөйрөдө кызуу талкууланып жатат.

Анткени мыйзам талабы боюнча, президенттикке талапкерлиги сунушталган өкмөт башчы катталган күндөн тарта кызматын тапшырууга туура келет.

Саясат талдоочулар буга байланыштуу көмүскө саясий танапташтыкка умтулган кадрдык жүрүштөр күтүлүшү мүмкүн экенин болжолдошууда.

Парламенттик оппозиция өкүлдөрү шайлоо өнөктүгү учурунда бийлик партиясына тиешеси жок, техникалык өткөрмө өкмөт башчысы милдеттерди алып турганы калыстыкты камсыздамак деген ойдо.

Өкмөт чылбыры кимге тиет?

"Шайлоо өнөктүгү маалында жана ага жакынкы аралыкта өкмөттү ким жетектейт?" деген суроо бир эле оппозиция эмес, бийлик партиясынын дагы бүйүрүн кызытып турган учур. Анткени мыйзам боюнча президенттикке талапкерлиги көрсөтүлгөн премьер-министр катталган күндөн тарта кызматын тапшырууга милдеттүү.

Саясий чөйрөдө анын ордуна келе турган премьер-министрдин шайлоо өнөктүгүндөгү ролу маанилүү экенинен кеп салышууда. Бул кызмат ордуна ылайыктуу талапкерлердин бири катары президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаковдун ысымы аталып жатат.

КСДП таптаган Жээнбеков

КСДП таптаган Жээнбеков

КСДПнын саясий кеңеши президенттикке өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сунуштагандан бери анын дарамети ар түрдүүчө талданып жатат.

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянова бул жагдайда КСДП партиясынын башка саясий күчтөргө караганда мүмкүнчүлүгү кенен экенине токтолду:

- Өлкөдөгү чарбалык, социалдык-экономикалык жана башка иштердин бардыгына премьер-министр жооптуу. Анан эми шайлоо өнөктүгүнүн учурунда анын кызматтык милдеттерин аткарганы коомчулукта президенттикке талапкердин жасап жаткан жумуштары катары кабыл алынышы мүмкүн. Ошол үчүн мунун бардыгын шайлоо менен байланыштырбоо үчүн ал талапкерлиги расмий түрдө көрсөтүлгөн күндөн тарта ыйгарым укуктарын тапшырып бериши кажет. Болбосо шайлоого аттанып жаткан талапкерлердин арасында анын мүмкүнчүлүү жогору болуп, теңсиздик жаралат. Анан президенттикке талапкер катары башка бирөөлөр менен тандем түзгөнү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок анын тандемдеши премьер-министрлик кызматка келе турган болсо, анда ал талапкердин таасири эки эсе артат. Анткени президенттик шайлоодогу жарыш бардык талапкерлерге бирдей шартта камсыздалышы керек.

Ошол эле учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Назарали Арипов мамлекеттик жана муниципалдык кызмат адамдары талапкерлиги президенттикке көрсөтүлгөн учурда ыйгарым укуктарын убактылуу токтото турган ченем мыйзамда так көрсөтүлгөнүн айтты. Арипов бул жагдайда премьер-министрлик кызматын өткөрүп берип, бирок депутаттар мандатын сактап кала турган укук тартиби тууралуу буларды белгиледи:

- Мыйзам талабы боюнча премьер-министр президенттикке талапкер болуп расмий түрдө катталгандан кийин кызматын тапшырып берет. Президенттикке талапкерлер шайлоого 45 күн калганга чейин катталат. Мына ошондо азыр сунушталып жаткан мыйзам долбоору боюнча президенттик шайлоо 15-октябрга дайындала турган болсо, анда премьер-министр август айынын аягында кызматын тапшырып берет. Ал эми президенттикке ат салышканы жаткан депутаттар талапкер катары катталгандан кийин дагы мандатын тапшырбайт.

Тымызын тандем түзүлөбү?

Саясий талдоочулар бийлик партиясынан көрсөтүлгөн президенттикке талапкер жарышка чыкканда ал учурдагы өкмөт башчысы анын шайлоодогу тымызын, бейрасмий тандемдеши болушу мүмкүн деген жоромолдорун айтышууда.

Саясий аналитик Арслан Сыдыков аймактык факторго таянган бейрасмий ички партиялык саясий өнөктөштүк болушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайт:

- Бул жерде КСДП партиясынан чыккан талапкерге ким негизги атаандаш болот? Бийлик партиясы азыр "Республика" партиясынын төрагасы Бабановду негизги атаандаш катары карап жатат. Мына ошондуктан бул жерде аймактык факторлорду дагы эске алуу маселеси күн тартибине кирди. Мына ошого ылайык, бул саясий күрөштө тымызын тандем схемасы дагы болбой койбойт. Анткени кийинки президенттикке көрсөтүлгөн талапкер Сооронбай Жээнбеков түштүк аймагынан болсо, кийинки премьер-министр түндүк аймагынан көрсөтүлөт деген жазылбаган эрежеге ылайык шайлоодо Жээнбековго көмүскө болсо дагы түндүк аймагынан саясий үзөңгүлөш болушу күтүлөт.

Анткен менен Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов премьер-министр Сооронбай Жээнбеков партиянын саясий кеңеши тарабынан президенттикке бирдиктүү талапкер катары сунушталганын айтты.

Иса Өмүркулов ал чечимди партиянын съезди бекитсе, анда ал эч бир тандеми жана көмүскө саясий өнөктөштүгү жок эле КСДП партиясынын атынан шайлоого аттана турганын белгиледи:

- Мыйзам боюнча премьер-министр талапкер катары катталгандан кийин кызматын тапшырат. Бирок жалпы өкмөт кетпейт. Анын биринчи орун басары эле премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп турат. Анан анын тандемдеш болушу боюнча маселе жок. Биз саясий кеңеште Сооронбай Шариповичти бирдиктүү талапкер катары партиянын съездинин кароосуна сунуштадык. Съезд чечим кабыл алган соң, президенттикке талапкердин шайлоого баруу боюнча пландары болсо керек. Азыр шашпай тургула. "Той" азырынча баштала элек. "Той" башталганда анан бардыгын жашырбай ачык эле айтабыз. Негизгиси, биз көрсөткөн президенттикке талапкер расмий каттоодон өткөн соң, кийинки премьер-министр ким болору аныкталат. Ага чейин бул маселени көтөрүү эртелик кылат.

Ошол эле кезде саясий талдоочулар өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги КСДП партиясындагы беш-алты белдүү саясатчынын арасынан атайын жүргүзүлгөн рейтингдик изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча тандалганын белгилешүүдө. Анын талапкерлиги президенттик шайлоодогу анын электоралдык мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен тандалганы КСДП партиясынын жакында өткөн саясий кеңешинин жыйынында талкууланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG