Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

Текебаев-Чотонов соту: көрсөтмөдөгү чалкештик


Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотоновго байланышкан сот жараяны уланды.

Бул жолу козголгон кылмыш иш боюнча күбөлөр көрсөтмө берди. Көрсөтмө берүүнүн жүрүшүндө тергөөдөгү айрым фактылар боюнча суроолор жаралды.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча сот жараянында негизги үч күбө көрсөтмө берди. Алар: Текебаевге каршы арыз жазды деп саналган ишкер Алексей Модин, “Нур Телеком” ишканасынын мурдагы юристи Руслан Оңолбеков жана парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов.

Тергөө бул адамдарды оппозициячыл саясатчылардын пара алганын тастыктоочу негизги күбөлөр катары атаган.

"Атамекенчилердин" соттук жараяндары

"Атамекенчилердин" соттук жараяндары

Текебаев баш болгон "Ата Мекен" партиясынын төрт өкүлүнө карата сот иштери бир учурда жүрүп жатат.

Буга чейин "Нур Телеком" ишканасынын аткаруучу директору болгон Алексей Модин 2010-жылы 300 миң долларды Дүйшөнкул Чотоновдун таанышы деп аталып жаткан Талант Маматкеримов аттуу адамга алып барып бергем деп айткан. Тергөө бул каражат орус ишкери Леонид Маевскийдин "Ата Мекендин" лидерлерине берген парасынын бир бөлүгү деп атаган эле.

Соттук териштирүү жүрүшүндө Модиндин бул көрсөтмөлөрү боюнча күмөндүү суроолор жаралды. Маселен, Модиндин бышыктаганы боюнча бул акчаны Текебаевге жана Чотоновго түзмө-түз берген эмес, ортомчу аркылуу берип жиберген бойдон кабар алган эмес:

Модин: Мен 300 миң доллар акчаны Маматкеримовго бергем. Болду.

Текебаев: Эмне үчүн бердиңиз эле?

Модин: Бир миллион доллардын алкагында бергем. Андан аркы тагдыры тууралуу эч кандай маалыматым жок.

Алексей Модин каражатты колуна бергем деп жаткан Талант Маматкеримов 2014-жылы каза болгон. Ошондуктан пара деп аталып жаткан акча айтылган дарекке жеткен-жетпегенин тастыктоочу адам жок экенин Модин моюнуна алды.

Ошондой эле Модин маркум Маматкеримов Дүйшөнкул Чотоновдун жакын тууганы, ошондуктан жакын мамиледе болгон деген жүйөнү келтирген. Бирок соттун жүрүшүндө айыпталуучу Чотонов маркум менен тууганчылыгым жок, айылдашмын деп билдирди.

Алексей Модин
Алексей Модин

Экинчи күбө катары юрист Руслан Оңолбеков көрсөтмө берди. Буга чейин бир катар мобилдик компанияларда эмгектенген Оңолбеков Модин менен Маматкеримовдун жакын таанышы болгон. Пара алуу фактысынын негизги фигуранттары болгон эки адамды да дал ушул Руслан Оңолбековдун тааныштырганы белгилүү болду.

Соттук жараянда бул күбө Талант Маматкеримов Модинден 500 миң евро алганын, бул каражат "Ата Мекен" партиясынын 2010-жылдагы шайлоо штабына жумшалганын айтып берген деп көрсөтмө берди. Бирок Оңолбеков бул маалыматтын чын-бышыгын далилдей албасын, жөн гана имиш иретиндеги маалымат болгонун билдирди.

Текебаев: Модин Маматкеримов аркылуу "Ата Мекен" партиясынын шайлоо кампаниясына 500 миң евро берген деп айтып жатасыз. Конкреттүү кимдерге бергени боюнча тергөөчүнүн суроосуна бул тууралуу тастыктай албай деп жооп бериптирсиз. Бул акчаны Текебаев же Чотоновго бергени тууралуу билесизби?

Оңолбеков: Ал жагы мага белгисиз.

Ошондой эле Руслан Оңолбеков 2010-жылы Модиндин тапшырмасы менен "Альфа Телекомдун" ошол кездеги абалы боюнча атайын справка даярдап, бул маселенин айланасында Бишкекте Леонид Маевский менен жолукканын айтып берди:

- Модин мени кафеге чакырып, "Москвадан ишкерлер келди, жолугуп сүйлөшөлү" деди. Ошол кездеги "Старый город" кафесинде жолуктук, Маевский келип, мен баарын ага айтып бердим. Ал мага дагы бир справка даярда жана кенен кылып жазып бер деди. Ал жерде соттук мүнөздөгү маселелер бар болчу.

Бирок айыпталуучу тарап бул маалыматтын чындыкка дал келбесин, Оңолбеков таптакыр башка максат менен бул справкаларды даярдаганын айтып чыкты.

Отунбаева Текебаевдин сотуна күбө катары келди

Отунбаева Текебаевдин сотуна күбө катары келди

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары тарабынан күбө катары чакырылган.

Ал эми үчүнчү күбө катары Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов көрсөтмө берди. Экс-депутат Абдрахманов Текебаевдин иш бөлмөсүндө чоочун кишилерди көргөнүн, бирок ал жерде 1 миллион доллар тууралуу укпаганын айтып, жолугушуу качан болгонун так эстей алган жок.

- Алардын бири катуу, агрессивдүү түрдө сүйлөп баштады. “Мындай болбойт, алдаган болбойт. Убада берген соң эмнеге аткарбай жатасыңар”,-деп Текебаевге чабуул кое баштады. Текебаев "бул жакта тыңшап жатышат, акырын сүйлөгүлө" деди. Алар бир аз тынчып калышты. Бирок дагы деле талап кылып жатышты. Текебаев мени аларга “Мегаком” боюнча иликтөө жүргүзгөн депутат деп тааныштырды. Алар менен сүйлөшкөн жокмун.

Абдрахманов ошондой эле Текебаев менен Чотонов орусиялыктардан 1 миллион доллар алганы тууралуу имиштерди Ак үйдөн укканын, чын-бышыгын тастыктай албастыгын белгиледи.

Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин 2010-жылы “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Талант Маматкеримов аттуу жаран аркылуу 1 млн доллар пара алган деген көрсөтмөсүнүн негизинде Башкы прокуратура кылмыш иш козгоп, 26-февралда депутат кармалган. Анын партиялашы, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго да ушул иш боюнча айып тагылган. Ушул тапта эки саясатчы тең УКМКнын тергөө абагында отурушат.

Июндун башында ушул иштин алкагында 2010-2012-жылдары Мамлекеттик мүлк фондун жетектеген, "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Шералы Абдылдаевге издөө жарыялаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG