Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:56

"Ата Мекен" фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновду соттогон судья Айбек Эрнис уулунун дарегине социалдык тармактарда карама-каршы маанидеги пикирлер үстөмдүк кылууда.

Күн темасына айланган судья Айбек Эрнис уулунун чыгарган "ал өкүмү адилетсиз болду" деген тарап аны каргап-шилеп, наалат айтканга чейин барса, аны колдогондор судья өтө оор психологиялык басымды баштан кечиргенине карабастан, укуктун алкагында чечим кабыл алганын белгилешти.

Сотко карата "согулган соккулар"

Оппозициялык саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду коррупцияга күнөөлүү деп таап, аларды сегиз жылга соттогон Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмү Кыргызстанда кызуу талкууланууда. Бир катар интернет колдонуучулар "Айбек Эрнис уулуна ишенбейбиз" жана "сотко наалат" деген жазууларды постторуна илип алышып, аталган сот өкүмүнө нааразы экендигин билдиришүүдө.

Эрнис Айбек уулу.
Эрнис Айбек уулу.

Текебаев менен Чотоновдун жактоочулары алардын күнөөсү далилденбегенине карабастан, бийликтин басымы астында айыптоо өкүмү чыкты деген пикирде.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаев бул сот өкүмүн саясий өч алуу деп атап, анын укуктук жактан келечеги жоктугунан кеп салды:

- Сот Айбек Эрнис уулу бул өкүмү менен өзүнүн келечегине балта чапты десем жаңылышпайм. Бирок ал мындай системада жалгыз эмес. Азыркы күч түзүмдөрүн жетектеген, кесиптик даярдыгы начар, бирок жеке берилгендик сапаты менен гана кызматка дайындалган жаш жигиттер бар. Мына ошолор азыр буйрукту кыйшаюсуз жана ашыгы менен аткарып, жандалбастап жаткан кездери. Убакыт келет. Күнөөсүз жоопко тартылгандардын бардыгы акталат. Ошолордун ордуна жооп бере тургандар мына ушул өкүмдү чыгарууну уюштуруп жаткан адамдар. Анткени биз пас пендечиликтен карап, кандайдыр бир кызыкчылык үчүн чечим чыгарсак да, бардыгын таразалап койо турган Кудайдын мыйзамы, Кудайдын чечими бар. Ал акыйкат. Ал чындык. Мына ошол учур келгенде бул ишке күнөөлүүлөрдүн баары жоопко тартыларына мен бөркүмдөй ишенем.

Кеңешбек Дүйшөбаев.
Кеңешбек Дүйшөбаев.

Бул ишти караган Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу кесиптик даярдыгы жогору юрист катары таанымал. 43 жаштагы судья буга чейин Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгында улук тергөөчү жана каржы полициясында тергөөчү болуп иштеген. Ал Акаев учурундагы премьер-министр Танаев кол койгон Кумтөр келишимине байланыштуу кылмыш ишин тергеген. Эрнис Айбек уулу 2015-жылы судьялыкка талапкерлигин коюп, жогорку көрсөткүч менен Биринчи Май райондук сотунун судьялыгына өткөн. Ал сотторду тандоо кеңешинде судьялыкка талапкерлигин койгондордун арасынан жогорку балл топтоп, экинчи орунду камсыздаган.

Туруштук берүүнүн тубаса жөндөмү

Ошондой эле быйыл февраль айында судья Айбек Эрнис уулу ишиндеги мыкты көрсөткүчтөрү үчүн Жогорку Соттун төрайымынын алкышына татыган. Талдоочу жана интернет колдонуучу Абдишарип Бекилов судья басымга карабастан укуктун алкагында өз алдынча чечим кабыл алды деп эсептейт:

- Сотторго коомчулук тарабынан же соттолуп жаткан адамдын тарапкерлери жактан кысым-басым болгону туура эмес. Айрыкча сотту, анын үй-бүлөсүн, жакындарын каргап-шилеп, урук-тууганына чейин сөгүп-сөздөгөн нерселер бул - укуктук мамлекеттин табиятына жат көрүнүш. Мен сот туура же туура эмес өкүм чыгарды деп баа бергим келбейт. Сот кандай чечим чыгарбасын биз ага сый мамиледе болушубуз зарыл. Сот канчалык басым-кысым болгонуна карабастан, аны каргап-шилеп "эртең камаласың" деген сыяктуу коркутуп-үркүтүүлөргө карабастан мына ошондой негизде өз алдынча өкүм чыгарганын мен эрдик катары бааладым. Мына ошондой басым көрсөтүүгө туруштук берген анын эркинин күчтүүлүгүн байкадым. Анын ордуна ар ким өзүн коюп көрсө анан түшүнөт эле.

Ошол эле кезде Текебаев менен Чотоновго карата чыккан өкүмдү саясий буюртма дегендер бар. Анткени алар Текебаев президент Атамбаевге каршы чыккандан кийин ага каршы кылмыш ишин козгоонун өзүн өч алуу катары карашат.

Саясий каршылаштарга карата мындай ыкманы колдонгон өнөкөт мурдагы бийлик режимдеринен калганын айткан айрым саясатчылар соттор бийликтин буйругун кыйшаюсуз аткарган учурларын эстешти. Акаев учурунда камалган Топчубек Тургуналиев жана Феликс Кулов сыяктуу саясатчылар 2005-жылдагы бийлик алмашуудан соң акталган. Кийинки президент Курманбек Бакиевдин тушунда Аликбек Жекшенкулов, Исмаил Исаков, Эркин Бөлөкбаев, Сапар Аргынбаев, Уран Рыскулов сыяктуу коомдук активисттер жана саясатчылар соттолуп, бирок 2010-жылдагы бийлик алмашуудан соң аларга карата актоо өкүмдөрү чыккан.

Жасалма кылмыш иши менен соттолгондордун бири, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов мыйзамсыз өкүм чыгарган бир дагы судья жазага тартыла электигин мисал келтирди:

- Садыр Жапаровго, Текебаевге жана Чотоновго далилдери жок болсо деле, соттоп, көп жылга жаза мөөнөттөрүн чегерип жатышканы, албетте саясий буйрук. Ошол эле кезде бир кримтөбөлдөрдү актап, боштондукка чыгарып жатышканы акылга сыйгыс көрүнүш. Мага байланыштуу дагы убагында мына ошондой эле аракеттер болгон. Кийин мен акталып, мыйзамсыз өкүм чыгарган соттор кызматтарынан кетишкен. Бирок алардын жоопкерчилиги каралган жок. Алар азыр адвокат болуп эле иштеп жүрүшөт. Башында өч алууну туура көргөн жокмун. Ошол үчүн арыз берген жок элем. Бирок кийин мага "Юпигейт" боюнча дагы бир нерсе жабыштыра баштаганда мага каршы мыйзамсыз кылмыш ишин козгогон тергөөчүлөргө, прокурорлорго жана негизсиз соттогон сотторго каршы арыздандансам, анымы карашкан жок. Кыймылдап да коюшпады. Көрсө булардын бардыгынын тили бир тура.

Аликбек Жекшенкулов.
Аликбек Жекшенкулов.

Анткен менен укук таануучулар судьянын чыгарган чечимин мыйзамсыз деп таануунун юридикалык эрежелери бар экенин белгилеп келишет. Алардын айтымында, соттун өкүмүнө карата андан жогорку соттук инстанцияларга же болбосо соттор кеңешине кайрылган учурлар бар.

Юристтер тергөө жана сот органдары тарабынан укугу бузулган жарандар прокуратура органдарына кайрылууга укугу бар экенин сунушташат. Бирок ушул кезге чейин саясий мотив менен мыйзамсыз өкүм чыгарды деген негиз менен бир дагы судья жоопкерчиликке тартылбаганы белгилүү экени айтылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG