Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Текебаев менен Чотоновго ар бирине сегиз жылдан чегерилди


Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов
Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун өкүмү угузулду.

Судья Айбек Эрнис уулу өкүмдү кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кеткенден дээрлик 5 сааттан ашуун убакыттан кийин окуду.

Текебаевге да, Чотоновго да 8 жылдан чегерилди. Прокуратуранын алардын үй-мүлкүн мамлекетке чегерип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматка иштебесин деген да өтүнүчү канааттандырылды.

Мамлекеттик айыптоочулар соттон Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Судья белгилегендей, "Кыргыз Республикасынын 2014-жылдагы БУУнун Адам укуктары декларациясынын 65 жылдыгы жөнүндө" мыйзамына ылайык Текебаевге чегерилген жаза мөөнөтүнүн үчтөн бири кыскартылат.

26-февралдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан Текебаев менен Чотонов "Мегаком" компаниясына байланыштуу орус жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деп айыпталган. Соттолуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп баалап, өздөрүнүн актыгын айтып келет.

Кыргызстандык оппозиция өкүлдөрү да Текебаевди толук актоону талап кылып жаткан. (UEz/RK)

XS
SM
MD
LG