Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:22

Шайлоо-2017: Текебаев үчүн топтолгон кол жараксыз деп табылды


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов

Бишкектин райондор аралык соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарынын өтүнүчүн четке кагып, БШКнын чечимин туура деп тапты. Эми абактагы оппозициячыл саясатчы Текебаевдин адвокаттары Жогорку Сотко кайрылышарын айтууда.

Кыргызстандагы оппозициячыл партиялардын бири болгон “Ата Мекен” партиясынын лидери, абакта кармалып жаткан депутат Өмүрбек Текебаевдин талапкерлигин ырастоо үчүн чогултулган кол тамгалар боюнча БШКнын чечимине байланыштуу ишти Бишкек райондор аралык сотунун судьясы Азис Эшалиев карады.

Кыргызстан БШКсы талапкер Текебаев үчүн чогултулган 30 миңден ашуун кол тамганы чогултууга шайлоо фондунан акча төлөнгөн эмес деген жүйө менен 17-августта аларды жокко чыгарган. БШКнын жыйынына тогуз мүчөсү катышып, жетөө макул деп добуш берген.

Партиянын өкүлдөрү БШКнын чечимин мыйзамсыз деп табууну өтүнүп, 19-августта Бишкектеги райондор аралык сотко кайрылган.

22-августтагы соттук иштин жүрүшүндө Текебаевдин адвокаттары Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакунова кол тамгаларды топтоо шайлоо фондунан эле каржыланганын белгилешип, бул боюнча келишимдерди жана башка документтерди мисал келтиришти:

- Шайлоо фондунан төлөнгөн эмес дешет, баары шайлоо фондунан эле төлөнгөн. Сот Текебаевдин паспортун бербегени үчүн шайлоо фонду катары ачылган банк эсебине акча салууга мүмкүн болгон эмес. Ошол себептүү кол тамга чогултуу иштерине партия накталай акча төлөшү керек болду жана кагаздар да ошондой формада сатып алынган. Ал эсепке акча салууга мүмкүн болбой жатса, анан Текебаев акчаны тигилерге кантип бериши керек эле? Мыйзамда кол чогултууга сөзсүз банк эсепке түшкөн акчадан төлөнүшү керек деген норма жок, - деди Канатбек Азиз.

Жактоочулардын айтымында, кол чогултуу иштерине сегиз киши тартылып, аларга башчы катары Асия Сасыкбаева иштеген. Алар менен эмгек келишим да түзүлгөн экен. Сасыкбаева сотто күбө катары көрсөтмө берип, ал дагы кол чогултуу кагаздарын басып чыгаруу иштерине шайлоо фондунан 20 миң сом жумшаганын ырастады.

Бирок БШКнын ишенимдүү өкүлү Мырзайым Камчыбекова Текебаевдин талапкерлигин колдогондордун кол тамгасын чогултуу талапкердин банкка төгүлгөн акчасынан гана жумшалышы керектигин, андан сырткары жумшалган каражаттар эсептелбей турганын айтып, сотто сүйлөдү:

- “Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо” боюнча мыйзамга ылайык, талапкер менен анын ыйгарым укуктуу кишиси эмгек келишимин түзүшү керек. Кийин кол чогулткан кишинин акысын төлөө так ошол талапкердин шайлоо фонду аркылуу гана жумшалышы керек. Демек, аларга акча төлөнбөсө, топтолгон кол тамгалардын баары жараксыз деп табылат. Биздин кызматкерлер талапкер Өмүрбек Текебаевдин ишенимдүү өкүлдөрүнөн эмгек келишимдери жана башка документтерди сураган учурда, алар алып келген эмес. Азыр сунуштап жаткан эмгек келишимдери жасалма болушу мүмкүн. Ошол себептүү соттон Текебаевдин жактоочуларынын өтүнүчүн четке кагуусун сурайм. БШКнын чечими мыйзамдуу чечим жана эч кандай саясий максатты көздөбөйт.

Текебаевдин соту: чаташкан “миллиондор”

Текебаевдин соту: чаташкан “миллиондор”

Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча күбөлөрдөн көрсөтмө алууну улантты.

Сотто айтылгандай, Текебаевдин талапкерлиги үчүн чогултулган 38 миң 630 кол тамганы БШК 10 күн текшерип, анын 8 миңин жараксыз деп тапкан. Калган кол тамгалар керектүү нормадан ашып турганы менен, БШК мүчөлөрү аны жогорудагы себеп менен керектен чыгарган.

Бирок Текебаевдин адвокаттары “эгер акча шайлоо фондунан төлөнбөй калганы проблема болсо анда эмне үчүн кол тамгаларды БШК оболу кабыл алган, эмне үчүн биринчи күнү эле четке кагылган эмес”, - деген суроо коюшту. БШКнын мүчөсү буга оңдуу жооп бере алган жок.

Сотто Текебаевдин адвокаты Канат Хасанов да күбө катары чыгып сүйлөп, Өмүрбек Текебаев банктагы фондун иштетүү үчүн өзү да сыртка убактылуу коё берилбегенин жана паспорту да сот тарабынан берилбегенин ырастады.

Андан кийин Боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Журабаева да көрсөтмө берип, кесиптештери кезинде маселелерди аралаш карап жибергенин айтты:

- Биздин БШКнын мүчөлөрү Текебаевдин тарапкерлери топтогон кол тамгаларды караганыбызда, маселени бөлүп алып карашыбыз керек эле. Биринчиден, топтолгон кол тамгалар туурабы же туура эмесби, деп аныкташыбыз керек эле. Эгер кол тамгалар туура эмес болуп чыкса, анда баарын жараксыз деп табышыбыз керек болчу. Эгер бардыгы туура болсо, анда аны жарактуу деп, кабыл алып, анан аларга карата акча төлөнгөнбү же төлөнгөн эмеспи деген маселени карашыбыз керек эле. Эгер төлөнбөгөн болсо, талапкерге эскертүү берүү менен деле чектелсе болмок.

Эки тараптын жарыш сөздөрү айтылгандан кийин сот Азис Эшалиев өкүм чыгаруу үчүн кеңешүү залына кирип кетти. 22-августта кечки саат 18:00дө кирип кеткен боюнча ал түнкү саат 24:00 дегенде гана өкүмдү жарыялады. Натыйжада ал “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарынын өтүнүчүн четке кагып, БШКнын чечимин туура деп тапканы кабарланды.

Жактоочу Таалайгүл Токтакунова.
Жактоочу Таалайгүл Токтакунова.

Бирок адвокат Таалайгүл Токтакунова эл аралык сотторго чейин кайрылууга даяр экендигин айтты:

- Бул чечимдин баары бир гана максатты көздөйт - Өмүрбек Текебаевди кандай жол менен болбосун шайлоого катыштырбоо. Беш күн ичинде Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрылабыз. Анан элдин баары айтып атпайбы, булар кайрылып атат, “жеңилген күрөшкө тойбойт” дегендей болуп жатышат деп. Бул адамдын эң жөнөкөй шайлануу деген укугу бузулуп жаткан чакта, биз принципиалдуу түрдө күрөшө беребиз. Жогорку Соттон жеңилсек, анда эл аралык соттторго кайрылабыз. Ал жактан Кыргызстанда мыйзам иштебей калганын, соттор бийликтин башка бутагынын буйругу менен гана чечим чыгарып калганын далилдейбиз.

Белгилей кетсек, оппозициячыл депутат Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чыры боюнча айыпталып, быйыл 25-февралда кармалган. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында жаткан Текебаев президенттик шайлоого талапкер катары катышуу үчүн арызын тапшырган.

Текебаев менен Чотоновго чыккан өкүм
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:28 0:00

16-август күнү Бишкектеги Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы, мурдагы министр Дүйшөн Чотоновду паракорлукта айыптуу деп таап, ар бирин үй-мүлкүнөн ажыратуу менен сегиз жылдан эркинен ажыраткан. Текебаев болсо өзүнүн жана партиялашы Чотоновдун соттолушун бийликтин саясий куугунтугу деп эсептеп, өздөрүнүн ак экендигин баса айтып келет.

Президенттикке талапкер катары расмий катталууга ниеттенген Текебаев 17-август күнү мамлекеттик тил сынагын убактылуу абакта ийгиликтүү тапшырган.

Текебаевден тест алуунун жагдайы. 18-август, 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG