Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:54

Текебаевдин соту: чаташкан “миллиондор”


Текебаевдин соту. 5-июнда тартылган сүрөт.
Текебаевдин соту. 5-июнда тартылган сүрөт.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча күбөлөрдөн көрсөтмө алууну улантты.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурумда жактоочулардын президенттик шайлоого байланыштуу БШКга керек деген жүйө менен Текебаевдин ID паспортун кайтарып берүү өтүнүчүн судья канааттандырган жок. Текебаев сотко мындай талап койду:

- Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем деген заман болуп калдыбы? Эмне үчүн менин конституциялык укугумду тебелеп жатасыз? Менин укугум чектелген жок, мен көптөгөн граждандык иш-чараларды ишке ашырганга акым бар. Силер камакка алган мүлктөрдөн башка иштерди жасаганга менин толук укугум бар. Эмне үчүн менин паспортумду бербей чектеп жатасыңар? Иште башка документ жок болсо бир жөн. Ал жерде бир эмес, эки паспорт турат.

Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эрнис уулу Айбек Текебаевдин талабын четке кагып, дагы бир жолу өктөм сүйлөсө, сот залынан чыгарууга аргасыз болорун эскертти.

Иштен бейкапар күбөлөр

Бул отурумда үч күбө көрсөтмө берди. 2010-жылы экономика министри болуп турган Эмил Үмөталиев да мамлекеттик айыптоочулар тарабынан күбө катары чакырылган. Буга Үмөталиевдин ошол кездеги өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов менен Москвага бир учакта барганы себеп болгон. Үмөталиев өз көрсөтмөсүндө Чотонов менен Москвага чейин кокустан сапарлаш болуп калышынын кылмыш ишине эч кандай тиешеси жоктугун билдирди.

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Андан соң 2010-жылы транспорт министри болуп иштеген Эркин Исаков суроолорго жооп берди. Ал Текебаевге пара бердик делген орус ишкерлерин тааныбасын, алар тууралуу кечээ жакында эле интернеттен кабар алганын билдирди.

“Юристтер гильдиясы” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Канат Абутановдун көрсөтмөсү жактоочулар үчүн кылмыш ишине кошулган жаңы жагдай катары белгиленди. Ал 2010-жылы “Мегаком” боюнча ошол кездеги убактылуу депутаттык комиссиянын жетекчиси Өмүрбек Абдрахмановдун аялы Бейил Айдакеевага Раушан Рыкунованын өтүнүчү боюнча жолукканын билдирди. Жолугушууда Айдакеева миллиондогон акчаларды чемоданга салган ишкерлер Абдрахмановго жолуга албай чуркап жүргөнүн айткан.

- Ал сөз эжеден чыккан (Айдакеевадан – ред.) Ал “Мегаком” үчүн чемоданына миллиондорду салып алып чуркап жүрүшөт деп айткан. Анын эмерек салонунда чай ичип отурганда ушинтип өзү айткан. “Мегаком” үчүн чоң акчалар менен чуркап жүрүшөт деген.

Көрсөтмөлөр неге өзгөрүүдө?

Анткен менен Өмүрбек Текебаевди “Мегаком” үчүн орус ишкеринен миллион доллар пара алган деп биринчилерден болуп айыптап чыккан экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов Абутанов айтып жаткан миллион доллар менен Маевскийдин миллиону эки башка экенин айтууда. Бирок ал аялынын эмерек салонунда миллион доллар жөнүндө сөз болгонун танбайт.

Өмүрбек Абдрахманов
Өмүрбек Абдрахманов

- Мен комиссиянын төрагасы болуп турганда Рыкунова жактанбы же каяктан билбейм, айтор бир бала келип айтыптыр. Ал "Өмүрбек байкеге миллион доллар берели, “Мегаком” маселесин биз тарапка чечип берсин" дептир. Аны уккан аялым байкең экөөбүздү тең отургузуп коет деп кууп чыгыптыр.

Канат Абутанов Айдакееванын буга чейинки маалыматтарын жалганга чыгарууда. Анын ишендиришинче, Абдрахмановдун жубайы УКМКдагы суракта беттешүүгө келбей койгон.

- Мен расмий түрдө билдирем анын айткандары жалган, ойлоп чыгарылган сөз, ушак. Мен УКМКнын тергөө бөлүмүнө барганда Айдакеева менен беттешмекмин. Үч жолу күттүк, келбей койду. Анан эмнеге жалган көрсөтмө берип жатканын түшүнбөйм.

Абдрахманов болсо Абутановдун көрсөтмөсүн карандай калп деп атап, аялы чындыкты айтуудан качпайт деп ишендирүүдө. Ал бул факты боюнча жубайы прокуратурага мурда эле арыз бергенин кошумчалады.

Соттук отурумда мамлекеттик айыптоочулар калган төрт күбө (бирөөсү ооруп) соттук отурумга келбей жатканын жүйө кармап, ишти изилдөө үчүн айыпталуучулардан көрсөтмө алууну соттон суранышты. Текебаев менен Чотонов күбөлөр толук суралмайынча көрсөтмө берүүдөн баш тартарын билдиришти. Текебаевдин жактоочусу Канат Хасанов ишти тез бүтүрүү үчүн прокурорлор күбөлөрдү толук суроого каршы дейт.

- Күбөлөр бул жакка келгенде көрсөтмөлөрүн алмаштырып жатышат. Мамлекеттик айыптоочулар чакырган күбөлөр тергөө убагында кысым болгонун, айтылгандар жалган экенин айтып жатышат. Бул жерде элдин баары сот отурумун ачык көрүп жатат. Ошондуктан прокурорлор күбөлөрдү чакырбай эле алардын мурда берген көрсөтмөлөрүн окуп бергенге өтүп алышты. Бул одоно мыйзам бузуу.

Ошентип судья убакытты созбоо үчүн айыпталуучу тараптын күбөлөрүнөн көрсөтмө алууну чечти. Соттук отурум 13-июлда уланат. Текебаевдин айтымында, 50гө жакын күбө бар. Ал арада прокурорлордун сотко келбей жаткан күбөлөрү да кайрадан чакырылары белгилүү болду.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотонов коррупция беренеси боюнча айыпталууда. Алар 2010-жылы Убактылуу өкмөттө мүчө болуп турганда орусиялык ишкерлерден “Мегакомду” алардын пайдасына чечүү үчүн миллион доллар пара алган деп шектелип жатат. Саясатчылар кылмыш ишин саясий куугунтук деп атап, ак экенин айтып келишет.

Текебаев-Чотонов соту. 12-июль, 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG