Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:39

Текебаевдин соту: Шыкмаматовдун көрсөтмөсү


"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөн Чотоновдун сотунда Жогорку Кеңеш депутаты, "Ата Мекен" фракциясынын убактылуу лидери Алмамбет Шыкмаматов күбө катары көрсөтмө берди.

Ал буга чейинки процесстерде көрсөтмө берген Леонид Маевскийдин сөзүн четке кагып, тергөө иштеринде көрсөтмө берген Өмүрбек Абдырахмановдун сөзүн да партия лидерлерине жеке таарынычы болгону үчүн, бирөөдөн уккандарын маалымат кылып айтып жүрөт деп билдирди.

Ошондой эле ал “Альфа Телеком” компаниясынын учурдагы жетекчиси Азат Базаркулов УКМКда Текебаевге каршы жалган көрсөтмө бергенин айтып чыкты. Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, бул тууралуу Базаркулов УКМКдан сурактан чыккандан кийин өзү айтып берген.

Базаркулов "Мага басым көрсөтүштү, Кудайдан корком" деп айтты деди Шыкмаматов.

Ошондой эле арыз жазгандардын бири Алексей Модин көрсөткөн өкмөт үйүндөгү кабинет Өмүрбек Текебаевдин иш бөлмөсү эмес экенин кошумчалады.

Шыкмаматовдон тышкары бүгүнкү жараянда Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Исмаил Исаков да көрсөтмө берери күтүлүп жатат.

Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Канат Хасанов иш боюнча элүүгө чукул күбө бар экенин "Азаттык" радиосуна билдирген. Алардын ичинде Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева баштаган көпчүлүк мүчөлөрү, парламент депутаттары жана башка адамдар бар.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөн Чотоновго "Мегаком" ишканасына байланыштуу кылмыш иши козголуп, 26-февралда камалган. Алар муну бийликтин куугунтугу катары баалап келишет.

Түз эфир

XS
SM
MD
LG