Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:15

HRW кыргыз медиасынын абалына кабатыр


Мира Риттманн
Мира Риттманн

Human rights watch эл аралык укук коргоо уюмунун өкүлү Мира Риттманн Кыргызстандагы сөз эркиндигинин азыркы абалы тууралуу ой бөлүштү.

"Сентябрь" телеканалын жабуу боюнча соттун чечимине жана жалпыга маалымдоо каражаттарына карата доо арыздарга байланыштуу Human rights watch эл аралык укук коргоо уюмунун өкүлү Мира Риттманн "Азаттык" радиосуна маек берди.

Риттманн: Менин түшүнгөнүм боюнча, "Сентябрь" телеканалына карата арыз тийиштүү процессуалдык нормалар сакталбай эле каралды. Башкача айтканда, канал кызматкерлерине сотко доо арыз келгени боюнча алдын ала маалымдалган эмес. Дегеле Human rights watch уюму Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын абалы начарлап баратканына тынчсызданууда.

Кыргызстан кандай гана жагдай болбосун, сөз эркиндигин сыйлашы керек. Айрыкча, шайлоонун алдында бул зарыл. Бийлик сөз эркиндигинин сакталышына, жарандардын өз ойлорун эркин билдирүүсүнө кепил болушу кажет. Журналисттерди сот жоопкерчилигине тартпай, сөз эркиндиги корголууга тийиш.

Мисалы, азыр Kaktus Media болуп өзгөргөн Zanoza басылмасына, Чолпон Жакупова сыяктуу укук коргоочуларга, бийликти сындаган башка медиа мекемелерге байланыштуу жагдайлар бар.

"Азаттык": Демек, Кыргызстанда сөз эркиндиги артка кетип жатат деген эксперттердин пикири жүйөлүүбү?

"Сентябрь" каналын жабуу боюнча чечимди эске алганда, Кыргызстанда сөз эркиндиги начарлап баратат жана биз буга тынчсызданып жатабыз.

Риттманн: Журналисттерге, медиа уюмдарга каршы акыркы айлардагы сот иштерин жана "Сентябрь" каналын жабуу боюнча чечимди эске алганда, Кыргызстанда сөз эркиндиги начарлап баратат жана биз буга тынчсызданып жатабыз.

"Азаттык": Бул кырдаал алдыдагы шайлоого кандай таасир этиши мүмкүн?

Риттманн: Шайлоо өнөктүгү учурунда Кыргызстанда сын-пикирлер үчүн, дебаттар, талкуулар үчүн аянтча түзүп берилиши керек. Бирок жалпыга маалымдоо каражаттарына басым күчөгөн кезде мындай аянтча түзүү мүмкүнчүлүгү азаят.

"Азаттык": Кыргызстанда көз карандысыз журналистика жаатында кандай ойдосуз? Улуттук медианын баары кай бир тараптын кызыкчылыгын көздөп иштейт деген пикирлер бар.

Риттманн: Таптакыр эле көз карандысыз журналистика, эркин жалпыга маалымдоо каражаттары жок деп айта албайбыз. Бирок Zanoza сыяктуу басылмаларга байланыштуу чуулгандуу окуялар тынчсыздандырат. Бул абал Кыргызстандын абройуна терс таасирин тийгизет.

"Азаттык": Кыргызстан "Борбор Азиядагы демократиянын аралы" деп сыпатталып келген. Бул салыштыруу азыр канчалык дал келет?

Биз кантип өлкөнү "демократиянын аралчасы" деп айта алабыз? Кыйноолор жаатында да көйгөйлөр турат. Тынчсызданууга негиз берген жагдайлар бар.

Риттманн: Human rights watch уюму көптөн бери Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышында чектөө бар экенин айтып келүүдөбүз. Бул укук коргоочулардын ишмердигине да байланыштуу. Чолпон Жакупованын же камактагы Азимжан Аскаровду буга мисал кылсак болот. Эл аралык укуктук эрежелерге дал келбеген мыйзамдарды кабыл алуу аракети болду.

Андан тышкары мени мамлекетке киргизбөө аракети, орусиялык укук коргоочу Виталий Понамаревдун Кыргызстанга кире албай калышы сыяктуу окуялар бар. Ушундай суроо жараткан маселелер турганда, биз кантип өлкөнү "демократиянын аралчасы" деп айта алабыз? Кыйноолор жаатында да көйгөйлөр турат. Тынчсызданууга негиз берген жагдайлар бар.

Мира Риттманн менен маекти бул жерден угуңуз:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG