Линктер

дүйшөмбү, 18-июнь, 2018 Бишкек убактысы 15:35

Соттордо акчалай доо кандай негизге таянып эсептелет жана чечим чыгарууда соттун мыйзамдык укуктары кандай?

Ушу тапта Кыргызстанда президенттин кадыр-баркына байланыштуу бир нече сот өтүп жатат. Алардын айрымдары боюнча соттун чечими чыгып, президенттин кадыр-баркына шек келтирди делген журналист, укук коргоочу, адвокаттар жалпысынан 37 млн. сом доого жыгылды.

4-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту башкы прокурор Индира Жолдубаеванын "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин юристтерине карата доо арызын канааттандырды. Муну менен юристтер Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азиздин быйыл 1-мартта Бишкекте маалымат жыйында Дача-Су айылында кулаган учак боюнча айткандары президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирет деп табылды.

Соттун чечимине ылайык, адвокаттардын ар бири 5 млн сомдон 10 млн сом мамлекет башчыга төлөп бериши керек. Буга чейин дагы райондук сот башкы прокурордун ушундай эле мазмундагы Zanoza.kg сайтына жана анын журналисттерине карата үч арызын карап, толук канааттандырган. Анда журналист Нарын Айып 9 млн сом доого жыгылган.

"Моралдык чыгымды баалоодон майнап чыккан жок"

Акыркы соттук териштирүүлөрдө башкы прокурордун президенттин кадыр-баркына байланыштуу арыздарында көрсөтүлгөн акчалай доосун сот өзгөрүүсүз даттануучу тараптын кызыкчылыгына чечип жатат. Деги эле моралдык чыгым тартуу, кадыр-баркына шек келтирүү сотто кандай тартипте бааланат?

“Занозага” каршы үч иш

Бишкектин Октябрь райондук сотунда 29-июнда "Заноза" сайтынын журналисттерине байланыштуу үч жараян башталды.

"Заноза" сайтынын жана журналисттердин укуктарын коргоп жаткан адвокат Акмат Алагушев прокурор доолап жаткан сумманын эмнеге 3 же 5 млн экенин негиздеп бере албай жатканын айтып келет. Ошол эле учурда соттук териштирүүдө мамлекет башчы сайтта жарыяланган макалалардан кандай жабыркаганы, эмне чыгым тартканы көрсөтүлгөн эмес.

- Мыйзам боюнча чек жок болуп жатпайбы. Ар бирөө 1 млн, 10 млн деп көрсөтө берет. Бирок сот аны мыйзамдын негизинде карашы керек да. Башка соттордо, көп учурда канааттандырылбай калып жатат. Эмнеге соттор доо арызды президент бергенде гана өзгөртүүсүз канааттандырды?

Бул журналисттердин мамлекет башчы, мамлекеттик ишмер же депутаттар менен соттошкон биринчи учуру эмес. Буга чейин Маалымат.кж сайтын негиздеген Дайыр Орунбековду президенттин пайдасына 2 млн сом өндүрүү боюнча соттун чечими чыккан. Ага өзүнүн сайтына июнь коогалаңы боюнча макала жарыялап, учурдагы президентти айыптап, күнөөлүүлөргө саясий баа берүү керектигин айтып чыкканы себеп болгон. Учурда журналист бул сумманы алынын жетишинче төлөп жатканын "Азаттыкка" билдирди.

- Сумма өзгөргөн жок, канча сураса ошону толугу менен канааттандырып берген. Биз келтирген жүйөлөрдү да адилеттүү караган эмес. Учурда мен эч жерде иштебей, туруктуу кирешем жок, мага тиешелүү маалымат сайтымды соттун чечими менен тартып алышкан. Бир айда канча ашыкча киреше болсо, ошону төлөйм. 50-200-1000 сомдун тегерегинде төлөйм.

5 миллиондун ордуна 5 миң

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина кадыр-баркыма шек келтирди деген негизде 2012-жылы "24.kg" сайтын жана анын журналисти Махинур Ниязованы сотко берип, 5 млн сом талап кылган. Кийин сот аталган сайтты 5 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген. Муну депутат айым "күлкү келтирген" сумма деп, сотторду сынга алды:

- Мен 5 млн сомду ушул маселеге көңүл бурайын деп гана көргөзгөм. Башында эле акчаны өзүм албай турганымды айткам. Бирок эки жылдык соттук иштен кийин, бардык далидерди келтиргениме карабай моралдык зыян үчүн 5 миң сом төлөсүн деп чечим чыгарган. Бул Кыргызстандын тарыхында болгон эмес. Бул күлкү келтирерлик көрүнүш. Мен өзүм сотко барган эмесмин, өкүлүм барды.

Алмазбек Атамбаев, 5-июнь, 2017-жыл
Алмазбек Атамбаев, 5-июнь, 2017-жыл

Ошол эле учурда былтыр укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөкан Исмаилованын президент Алмазбек Атамбаев боюнча доо арызын сот канааттандырган эмес.

Укук коргоочулар алардын дарегине карата айтылган мамлекет башчынын сөзүнөн кийин коомчулук тарабынан кемсинтүү күчөгөнүн, саламаттыгы начарлап, дарыланып чыкканын айтып, президенттен 10 млн сом талап кылышкан. Муну менен укук коргоочу Абдирасулова соттогу кош стандарттуулук тууралуу сөз кылды:

- Бүт тааныган куда-сөөк, туугандар "эмне болду, камап койбосун, абайлаңыз" деп чалып жатышты. Кыздарым ыйлап, жолдошум кабатырланып, неберелерим кыжалат болду. Өзүм ооруканага жатып калдым, догдурга көрүндүм. Андан кийин психологдорго барып экспертизадан өттүм. Жабыркадым дегенге далилдер бар. Керек болсо мени кечээ бир таксист "президент сени айтып жатты, тааныбай салып алыпмын" деп жарым жолго таштап кетти. Ошончолукка чейин жабыркадык.

"Доо өндүрүү тажрыйбасы жок"

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, юрист Зайнидин Курманов арызда көрсөтүлгөн доонун суммасын соттор өздөрү иликтеп, анализдеп чыгышы керектигин айтат. Ошол эле учурда ал азыркы чечимдери менен соттор президентти уят кылып жатат деген пикирде.

- Караш керек да айлыгын. Мисалы, Нарын Айыптын айлыгын караш керек, ал төлөй алабы же жокпу ошону караш керек. Сот ошон үчүн сот да. Прокуратура жана башкалар өзүнчө. Бул соттук иликтөө жасап, электен өткөрүп, бир жыйынтыкка келиши керек.

Сот залы
Сот залы

Анткен менен Жогорку Соттун мурдагы судьясы Султангазы Касымов Кыргызстанда моралдык чыгым үчүн доону өндүрүү тажрыйбасы өнүгө электигин, мунун баары ишти караган соттун укуктук аң-сезимине коюларын белгиледи.

- Прокуратура доо койгон арызында негиздеп көрсөтүшү керек. Эмне деген деңгээлге келди, кандай коомдук коркунучу бар, ал кишиге кандай зыяны тийди. Ошонун баарын аныктап туруп, болжолдоп жүйөлөштүрүү керек. Көздү жуумп эле 3 млн десе болбой калат. Ошол канчалык зыян келди, эмнеден чыгышы керек, ал киши кандай азапты тартты ошонун бардыгын соттор укуктук аң-сезимине коет. Биздин эң жаман жерибиз ушул. Ушунун өзүнө соттук практикасына колдоно турган Жогорку Соттун токтому болушу керек.

Кадыр-баркына шек келтирди деп моралдык чыгым үчүн журналисттерди, укук коргоочуларды доого жыккан учурлар Атамбаев бийликте турган учурда көбөйгөнү айтылат.

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчи орун басары Икрамжан Илмиянов журналист жана коомдук ишмер Уран Ботобековду ушундай негизде 5 миллион сом доого жыгып, сот анын арызын жарым-жартылай канааттандырган болчу. Андан көп өтпөй Ботобеков өлкөдөн чыгып кеткен.

Башка соттордо, көп учурда канааттандырылбай калып жатат. Эмнеге соттор доо арызды президент бергенде гана өзгөртүүсүз канааттандырды?
Акмат Алагушев

Мамлекет башчынын мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев жарандык активист Адил Турдукуловдун Фейсбуктагы билдирүүлөрү "аброюма шек келтирди" деген негиз менен сотко кайрылып, моралдык зыян катары беш миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Саясатчылар Адахан Мадумаров, Бакыт Төрөбаев кадыр-баркын жана аброюн коргоп "Де-факто" жана "Азия ньюс" гезиттерине карата арыз жазган.

Мындай доо өндүрүү мурдагы бийликтин тушунда да орун алган. Мисалы, “МСН” гезити Аскар Акаев доорунда бир канча ирет жабылып, атын өзгөртүп кайрадан чыгууга мажбур болгон. Бийликтен куулган Курманбек Бакиев "Ачык саясат" жана "Назар" гезиттерин сотко берип, алардын басылып чыгуусуна убактылуу тыюу салынган. Жаныш Бакиев "Алиби" гезитти сотко берип миллион талап кылган.

Буга чейин "Фридом Хаус" Бүткүл дүйнөлүк сөз эркиндигинин күнүнө карата билдирүү жасап, Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсү үчүн зарыл айрым маалымат каражаттарына саясий өнүтү бар доолор коюлуп, чабуул жасалып жатат деген билдирүү тараткан. Билдирүүдө бийликтерди көз карандысыз медиа каражаттарга, өзгөчө пикири бар жарандык активисттерге кысымды токтотууга үндөгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG