Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Нарын Айыптын соту: доо 9 млн сомго жетти


Журналист Нарын Айып сотто, 29-июнь, 2017-жыл
Журналист Нарын Айып сотто, 29-июнь, 2017-жыл

Бишкектин Октябрь райондук соту башкы прокурор Индира Жолдубаеванын Zanoza.kg сайты жана анын журналисти Нарын Айып боюнча үчүнчү доо арызын толук канааттандырды.

Муну менен журналист президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына, аброюна шек келтирди деп табылып, дагы 3 млн сом доого жыгылды. Удаа-удаа болгон соттун мындай чечимдери журналисттердин эркин ой жүгүртүүсүнө бут тосот деген пикирлер айтылууда.

Бул жолу Бишкектин Октябрь райондук соту Zanoza.kg сайты жана Нарын Айыптын быйыл 1-мартта Zanoza.kg сайтына жарыялаган эки макаласы боюнча башкы прокурор Индира Жолдубаеванын арызын карап, толук канааттандырды. Анда журналист "Ата Мекен" фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев камалгандан кийин парламенттеги талкуу тууралуу жазган. Экинчи макалада ар кайсы авторитардык өлкөлөрдүн лидерлери туурасында айтылган.

Башкы прокурор макаланы лингвистикалык экспертизадан өткөргөн соң Атамбаевдин ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген деп таап, сотко кайрылган. Сот арызда келтирилген жүйөлөрдү туура деп таап, аталган сайттан 3 миллион сом, макаланын автору Нарын Айыптан 3 млн сом өндүрүү тууралуу чечим чыгарды.

Ушуну менен Октябрь райондук соттун чечими менен үч иш боюнча Zanoza.kg, аны түптөгөн "Промедиа" фонду, журналисттер Нарын Айып менен Дина Маслова, "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова жалпысынан 24 млн сом доого жыгылды. Анын 9 млн сому Нарын Айыпка тиешелүү. Ал өзү жана анын адвокаттары муну саясий куугунтук деп атап келатышат.

- Биринчиден, чын эле сын болуп жатат ал макалада, бирок сынга эч ким тыюу салган эмес. Макалада канча сын болсо дагы эч биринде да бирөөнүн намысына тие турган жаман сөздөр болгон эмес. Кайсыл жагына тийишерин билбей анан аты аталбаган, жалпы сындар айтылган макаланы айтып жатышпайбы.

21-кылымда Кыргызстанда мыйзамга дагы, акылга дагы сыйбаган көрүнүштөр болуп жатат. Буга коомдун кайдыгерлиги дагы кандайдыр бир деңгээлде күнөөлүү деп ойлойм.
Аскер Сакыбаева

Президенттин кадыр-баркына байланыштуу өтүп жаткан соттук отурумдар жана анын чечимдери коомчулукта, өзгөчө журналисттик чөйрөдө ар кандай талкууланууда. Айрымдары буга тынчсыздануусун билдирсе, кээ бирлери муну сөз эркиндигине басым катары баалап жатышат. Журналист Аскер Сакыбаева коомчулуктун кайдыгерлигин сынга алды.

- Массалык маалымат каражатын, анын ичинде өз позициясы, өз көз карашы бар Нарын Айыптай адамдын оозун басууга болгон аракет жасалууда. Ал кишинин оозун баса албагандан кийин аны каржылык жактан кысым көрсөтүү менен ушундай ишке ачык барып жатышканы үстөмдүктүн жеткен чеги деп түшүнөбүз. 21-кылымда Кыргызстанда мыйзамга да, акылга да сыйбаган көрүнүштөр болуп жатат. Буга коомдун кайдыгерлиги дагы кандайдыр бир деңгээлде күнөөлүү деп ойлойм. Биздин коомдо сын көз карашы калыптанган, ак-караны ажырата билген, баалай алган, алдыга карата көз жүгүртө алган, башкалар менен салыштырып өзүнө дагы сын көз караш менен мамиле жасаган коомдун катмары бизде жок экендигин бул көрүнүш айдан ачык көрсөттү.

Буга чейин "Фридом Хаус" Бүткүл дүйнөлүк сөз эркиндигинин күнүнө карата билдирүү жасап, Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсү үчүн зарыл айрым маалымат каражаттарына саясий өнүтү бар доолор коюлуп, чабуул жасалып жатат деген билдирүү тараткан. Билдирүүдө бийликтерди көз карандысыз медиа каражаттарга, өзгөчө пикири бар жарандык активисттерге кысымды токтотууга үндөгөн.

Президент баш болуп улам миллиондорго жыга бергенде, мынча акчаны төлөгөндүн ордуна жөнөкөй социалдык темадагы макалаларды жазып, чоң саясий системаны, бийликти, депутат, министрлерди сындай албайт. Мунун арты жабык коомго алып келет.
Жанар Акаев

Мурдагы журналист, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бул өңдүү соттор президентке да, кыргыз коомуна да аброй алып келбейт деген оюн айтты:

- Кыргызстанда соттор ушундай жыйынтык чыгарып жаткандан кийин курч журналистика жоголот. Азыр бизде журналистика мокоп баратат. Бизде журналисттердин чөнтөгү жука, рынок кичинекей, медиалар өзүн өзү бага албайт. Президент баш болуп улам миллиондорго жыга бергенде, мынча акчаны төлөгөндүн ордуна жөнөкөй социалдык темадагы макалаларды жазып, чоң саясий системаны, бийликти, депутат, министрлерди сындай албайт. Мунун арты жабык коомго алып келет. Күчтүү журналистика болсо бийликтин бардык бутактарын көзөмөлдөп, алар журналисттерден чочулап турмак. Соттордун чечими журналисттердин өзүн өзү чектөөсүнө алып келет.

Сөз эркиндиги: айып кимде...

Сөз эркиндиги: айып кимде...

Бийлик менен медиа ортосундагы чыңалуу кыргыз коомчулугунун көңүл чордонунда турат.

Анткен менен айрым саясатчылар бир көрүнүш менен өлкөдөгү акыбалды баалоого болбой турганын белгилеп жатышат. Саясат талдоочу жана журналист Игорь Шестаков Кыргызстанда кыргыз жана орус тилдүү маалымат каражаттар сын макалалары жарыялап келатканын айтты:

- Бир же эки соттук иштин жыйынтыгы менен сөз эркиндигине таасирин тийгизип жатат деп баа берүү кыйын. Менин билишимче бул жолу сот караган макалада маалыматтар далилденбей калды. Кырсыктаган учактагы жүк боюнча. Сөз эркиндиги коркунучта дегендер менен менин пикирим дал келбей калышы мүмкүн. Бирок системалуу факторлорду карашыбыз керек. Азыр бир топ маалымат каражаттар президентти, алдыңкы саясатчыларды сындап жатышат. Алар бир айдан кийин жабылып калып жаткан жок да. Кыргызстанда ар бир адам өзүнө жакпаган окуя боюнча сотко кайрыла алат. Ошондуктан башкы прокурор же мамлекет башчы ММК менен соттошуп жатканы үчүн абал курчуп жатат деп айтууга болбойт. Мындай учурлар АКШ да, дүйнө жүзүндө дө кездешет. Ошондуктан саясий өңүттөн эмес, укуктук жактан караш керек.

Доонун суммасы чоң болгондуктан Бишкектин Октябрь райондук соту жоопкерлерди Кыргызстандын аймагынан чыкпоо жана укук коргоочу Чолпон Жакупова менен Нарын Айыптын мүлкүн камакка алуу боюнча аныктама чыгарган эле.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева президенттин кадыр-баркына шек келтирди деген негизде Zanoza.kg сайтына карата жалпысынан беш арыз жазган. Доонун суммасы 40 млн. сомго жакын. Азыр үчөө боюнча соттун биринчи инстанцияда чечими чыкты. Айыпталып жаткандар шаардык сотко арыз жазарын билдиришкен.

Zanoza.kg сайты эки үч жылдан бери иштеп келет. Аны “Вечерний Бишкек” басылмасынын кожоюну алмашкан соң жаңы саясатка макул болбой жумуштан бошогон журналисттер тобу негиздеген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG