Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 08:36

Конституция күнүнүн алдында Жогорку Соттун карамагындагы Конституциялык палата жарандык активисттер тобунун бир ай мурда жиберген өтүнүчүн өндүрүшкө алганы маалым болду.

"Фридом Хаус" 3-майда Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсү үчүн зарыл айрым маалымат каражаттарына саясий өнүтү бар доолор коюлуп, чабуул жасалып жатат деген билдирүү тараткан. Билдирүүдө бийликтерди көз карандысыз медиа каражаттарга, өзгөчө пикири бар жарандык активисттерге кысымды токтотууга үндөгөн.

"Фридом Хаус" уюмунун Европа жана Евразиялык программаларынын директору Марк Берендт Бүткүл дүйнөлүк сөз эркиндигинин күнүнө карата Кыргызстандагы абал боюнча билдирүү таратып, анда кыргыз бийликтери айрым ММКларга саясий өңүттө доо коюп, сотко берип жатат деп тынчсызданды:

- Биз кыргыз бийлигинин көз карандысыз массалык маалымат каражаттарына жана айрым президентти сындаган адамдарга коюп жаткан доо арыздарына тынчсызданып жатабыз. Бул соттошуулардын бардыгы саясий өңүттө жүрүп жатканы маалым. Андыктан кыргыз бийлиги көз карандысыз ММК жана укук коргоочуларды куугунтуктоону токтотушу керек, - деп жазылат Марк Берендттин билдирүүсүндө.

Кайрылуу өндүрүшкө алынды

Ал ортодо Кыргызстандын Конституциялык палатасы бийликтин айрым ММКларга койгон доо арыздын мыйзамдуулугун териштирмей болду. "Азаттык" жана "Заноза" медиа каражаттарына берилген доо арызга байланыштуу 120 кишинин колу коюлган өтүнүч кат өндүрүшкө алынганын Жогорку Соттун карамагындагы Конституциялык палатанын жалпы бөлүмү 3-майда ырастады.

Өтүнүч катта "Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамынын биринчи жана төртүнчү беренелери Конституцияга кайчы келет деп таануу суралган. Бул тууралуу өтүнүчкө кол койгондордун бири, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова билдирип, төмөнкүдөй негиздеди:

- "Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги жөнүндө” мыйзам бар. Анын 4-беренесинде президенттин ар-намысын, беделин Баш прокурор коргойт деп көрсөтүлгөн. Бул берене 2003-жылы кабыл алынган дагы, ошол учурдагы Конституция, ошол кездеги прокуратуранын ыйгарым укуктарына, ошол учурдагы президенттин макамына туура келген. Бирок 2010-жылы президенттин макамы, прокуратуранын ыйгарым укуктары өзгөргөн. Бирок Жогорку Кеңеш бул мыйзамды жаңы Конституцияга ылайыкташтырган эмес. Ошондуктан бул жерде чоң карама-каршылык бар.

Сооронкулованын айтымында, Конституциялык палата өтүнүчтү карап, чечим кабыл алганга чейин баш прокурор Индира Жолдубаеванын доо арызы боюнча соттук иштер токтоп турушу керек. Бул бир айдан алты айга чейинки мөөнөттү камтышы ыктымал.

Жакупова: мыйзамдар чаташып кетти

Анткен менен “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова мыйзамдагы алешемдиктер жарандык активисттердин өтүнүчү боюнча чечим кабыл алууда Конституциялык палатанын баш оорусуна айланышы мүмкүн:

- Бул жерде мыйзамдардын башаламандыгы болуп кетти. “Прокуратура жөнүндө” мыйзам эски Конституция учурунда жазылып, жаңы Баш мыйзамга ылайык келтирилген эмес. Эгер салыштыра келгенде Конституция бардык мыйзамдан жогору турушу керек, муну юристтер деле билген болушу керек. Бирок алдыда шайлоо келатканын эске алсак, бийлик атайлап эле журналисттерди коркутуп алгысы келип жаткандай түр калтырат.

Ушундай талаштуу маселелер күн тартибинде турган кезде аткаминерлер соттошууларга медиа каражаттарынын жана анда иштеген журналисттердин такталбаган, бир тараптуу маалыматтарды таратып, ишке жооптуу мамиле жасабай жатышы себеп деген жүйө келтирип жүрүшөт.

Иса Өмүркулов
Иса Өмүркулов

Буга чейин парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов демократиялык жолдогу өлкөдө сөз эркиндиги чектелип жатат деген дооматтарда кенедей да негиз жок деп ишендирген:

- Менимче, бүгүн эч кимге чектөө жок. Мына канча сандаган гезиттер чыгып, канчалаган радиолор, интернет сайттар иштеп жатат. Баары тең каалаганын сүйлөп жатат. Мен эмнеге минтип айтып жатам? Анткени мурдагы бийлик учурунда чыныгы оппозицияда мен болгом, сөз эркиндиги түгүл, бизди сүйлөтчү эмес, телевизордон көрсөтчү эмес. Коомдук каналдан көрсөтүп жатат, кандай гана оппозициялык каналдар иштеген жок. Мунун баары сөз эркиндигине эч ким бөгөт койгон жок дегенди көрсөтөт.

"Пикир алмашуу зарыл"

Эркин журналист Тынчтык Алтымышевдин көз карашында Кыргызстандагы сөз эркиндиги боюнча жогорку рейтинги төмөндөп баратат деп эсептеп, ага төмөнкүдөй жүйөсүн келтирди:

- Буга чейин Кыргызстан Борбор Азия гана эмес, постсоветтик өлкөлөрдөн да сөз эркиндигибиз менен ат чабым алдыда келатканбыз. Тилекке каршы, азыркы бийлик төбөлдөрү тарабынан басма сөздү сотко берип, үй мүлкүн конфискациялап, эсеп-кысаптарын камакка алуусу биздеги басма сөздүн абалы кысымга алынып, кызыл чекке жетип калгандан кабар берет. Мен дагы бийликти сабырдуулукка чакырып, миллиондорго доо койбой жумшак ыкма, пикир алышуу менен бул абалдан чыгып кетсек жакшы болмок деп айтмакмын. Себеби бул соттошуулар эл аралык аренада Кыргызстандын аброюн түшүрүп жатканы талашсыз.

"Фридом Хаус" эл аралык уюму бир жума мурун сөз эркиндиги жаатында жарыялаган жылдык баяндамасында Кыргызстан былтыр 180 өлкө ичинен 85-орунду ээлесе, быйыл 89-орунга түшүп калганын жарыялаган.

Ушул жылдын март айында Кыргызстандын баш прокурору Индира Жолдубаева президенттин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо тууралуу арыз менен сотко кайрылып, "Азаттык Медиа" мекемесине эки арыз боюнча 20 миллион сом жана "ПроМедиа" коомдук фондуна беш арыз боюнча 15 миллион сом доо койгон. Доо арызда мамлекет башчынын кадыр-баркына шек келтирген такталбаган маалымат жарыяланды деген негиз келтирилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG