Линктер

бейшемби, 21-июнь, 2018 Бишкек убактысы 14:01

Эгемендүү Кыргызстандын Конституциясынын кабыл алынганына быйыл 24 жыл толду.

Мына ошол мезгил аралыгында мамлекеттин Баш мыйзамы тогуз ирет оңдоп-түздөөгө жана өзгөртүүлөргө дуушар болду.

Баш мыйзамга соңку толуктоолор былтыр күзүндө киргизилип, аны 2020-жылга чейин өзгөртпөө тууралуу мурда бекитилген конституциялык чектөө референдум аркылуу жөнгө салынды.

Баш мыйзамдагы ыйгарым укуктар бийлик бутактарынын тирешүүсүнө алып келбейби жана аны туруктуулугу кандай болушу мүмкүн?

Баш мыйзамдын баскан жолу

Кыргызстан быйыл 2017-жылдын башынан тарта 9-жолу оңдолгон Конституциянын редакциясы менен жашай баштады. Конституциянын негизги редакциясы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Туңгуч президент Аскар Акаевдин тушунда 1994, 1996, 1998 жана 2003-жылдары Баш мыйзамга жалпысынан төрт жолу өзгөртүү кирген.

Кийинки президент Курманбек Бакиевдин кезинде 2006-жылы ноябрь жана декабрь айларында эки ирет жаңы Баш мыйзамга кол коюлуп, үчүнчүсү 2007-жылы октябрь айында референдум аркылуу кабыл алынган. Анан 2010-жылдагы бийлик алмашуудан соң июнь айында Баш мыйзамдын жаңы редакциясы бекиген. Мына ошондон алты жылдан кийин былтыр 11-декабрда референдумда кабыл алынган Баш мыйзам быйыл 15-январда күчүнө кирди.

Алмазбек Атамбаев референдумда, 11-декабрь, 2016-жыл
Алмазбек Атамбаев референдумда, 11-декабрь, 2016-жыл

Президент Алмазбек Атамбаев аны күчүнө киргизүү тууралуу мыйзамга кол коюп жатып, мына буларга токтолгон эле:

- Элибиз Баш мыйзамга сунушталган бир топ өзгөртүүлөрдү колдоп берди. Бул өзгөртүүлөр мамлекетибиздин эгемендигине, элибиздин ынтымагына доо кетирген, улуттук маданиятыбызга, адеп-ахлакка төп келбеген бир топ “миналардан” тазалап берди. Мындан сырткары Баш мыйзамдын кыргыз жана орус тилдериндеги тексттериндеги алтымыштан ашуун ката оңдолуп, карама-каршылыктардан жана бурмалоолордон тазаланды.

Тең салмактуулук сакталдыбы?

Ошол эле кезде оппозиция болсо Баш мыйзамды өзгөртүүнү бийликти сактап калуунун жана чыңдоонун амалы катары кабыл алган. Референдум өткөрүүгө каршы тарап “бул өзгөртүүлөр бийликти бир ууч топтун колуна топтоого өбөлгө түзүп, анын туруктуулугуна шек келтирет” деген доомат койгон болчу.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Аида Салянова бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулук бузулганын белгиледи:

- Демилгечилер муну алып чыгып жатканда “бул өзгөртүүлөр парламентаризмди күчөтүүгө, сот бийлигин күчөтүүгө алып барат” деп убада кылышкан. Азыр эми Конституция күчүнө кирип, иштеп жатат. Бирок биз ошондой сот жана мыйзам чыгаруу бийликтерин күчөтө турган ченемдерди көрө алган жокпуз. Тескерисинче, аткаруу бийлигине, өкмөткө жана президентке көбүрөөк ыйгарым укуктар берилиптир. Негизи Баш мыйзамды улам эле өзгөртө берүү анын беделин түшүрөт. Кийинки келген президент дагы мына ушундан улам, Баш мыйзамды кайрадан өзгөртүү боюнча демилге көтөрүп чыкпайбы деген чочулоого негиз бар.

"Дооматтар негизсиз"

Анткен менен долбоорду иштеп чыккан тарап Баш мыйзамга бийлик бутактарынын натыйжалуу жана өз ара карым-катышта иштөөсүн камсыздай турган жоболор киргизилгенин жүйө келтирген. Баш мыйзамдагы 25 беренеге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. Андагы өкмөттүн ыйгарым укугун кеңейткен жоболор быйыл 1-декабрдан тарта күчүнө кирет.

Парламент: Конституция "жоголду"

Ал эми 2010-жылы кабыл алынган Конституция кол коюуну талап кылган эмес.

Президенттик аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов Баш мыйзам боюнча айтылган дооматтарды четке какты:

- Баш мыйзамдын 70-72-75-81-87-беренелерине киргизилген өзгөртүүлөр 2017-жылдын 1-декабрында күчүнө кирет. Өкмөткө берилген бир топ ыйгарым укуктарды аткаруу бийлиги президенттик шайлоодо кайсы бир талапкердин пайдасы үчүн административдик ресурстарды колдонбошу үчүн ошондой болду. Жаңы шайлана турган президент бийликке келгенден кийин Баш мыйзамды кайрадан өзгөртүүгө барат дегенге негиз жок. Анткени Баш мыйзамда президенттин мыйзам демилгелөө укугу жок. Мындай укук өкмөттө, парламентте жана шайлоочулар тобунда бар.

Айрым саясатчылар менен укук таануучулар Баш мыйзамда ыйгарым укуктардын бөлүштүрүүдөгү тобокелдиктер тууралуу айтышкан. Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынан депутат Канатбек Исаев муну менен бийликтин чечим кабыл алуу борборун аныктоо татаалдашып калганын белгилеген болчу:

- Эл бул Баш мыйзамды колдоду. Ошентсе дагы бул Баш мыйзам боюнча дагы талаш-тартыштар бар. Анткени ага ылайык азыр президент менен премьер-министр экөө тең чечим кабыл алчу борборго айланды. Мурда чечим кабыл алуу үстөмдүгү президентте болчу. Бул экөө кийин бири-бири менен тирешип, саясий кризиске алып келбесе болду.

Былтыр 11-декабрда өткөн референдумда сунушталган Конституциянын долбоорун шайлоочулардын 80 пайызы колдоп, 16 пайызы ага каршы добуш берген. Референдумга элдин 42 пайызы катышкандыгы жарыяланган.

"Азаттыктын" архиви: Президент Баш мыйзамга кол койду

Президент Баш мыйзамга кол койду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:32 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG