Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Президент Баш мыйзамга батасын берди


Президент Баш мыйзамга кол койду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:32 0:00

Президент Баш мыйзамга кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев Баш мыйзам эгемендикке жана адеп-ахлакка төп келбеген “миналардан” тазаланганын айтты.

Президент мунун өзү мамлекеттүүлүк менен эркиндикти бекемдөөдөгү орчундуу кадам экенин Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамга кол коюу учурунда билдирди. “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаев күчүнө кирген Баш мыйзам олуттуу тобокелчиликтерден куру эмес экенин белгиледи.

“Тизелетпей” турган Конституция

Президент Алмазбек Атамбаев Конституцияга оңдоо киргизүү менен Кыргызстан тышкы күчтөр өз эркин таңуулаган кырдаалдан чыкканын жар салды. Ал Баш мыйзамдан өлкөнүн эгемендигине, ынтымагына жана улуттук маданиятына каршы келген ченемдер алынып, алтымыштан ашуун каталар жана бурмалоолор толук оңдолуп чыкканын айтты. Президент Конституциянын жаңыланган жана тазаланган нускасынын төрт көчүрмөсүн парламентке, өкмөткө, Жогорку сотко жана Конституциялык палатага тапшырды. Анын түп нускасы президенттик аппаратта сактала турган болду.

- Биздин тарыхыбыздын байыркылыгын кытай, грек, еврей элдери менен салыштырсак болот. Абдан эле байыркы элбиз. Анан эми кытайдай, албетте, чоң боло албайбыз, бирок еврей элиндей билимдүү, бирдиктүү, тың жана бай болушубуз керек. Биз эч качан эч кимдин астында тизелебейбиз. Тизелеп жашаганча, кыргыздарга тик туруп өлгөн артык! Муну бүт уюмдар жана башка мамлекеттер билип алсын, - деди президент Алмазбек Атамбаев .

Атамбаев: Биз эч кимдин алдында тизелебейбиз
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:57 0:00

​Конституциядагы тобокелчиликтер

Президент Алмазбек Атамбаев Баш мыйзамдын дээрлик 25 беренесине кирген оңдоолор жана толуктоолор мамлекеттүүлүктү чыңдоого багытталганын айтты. Ал өзгөртүүлөр сот бийлигинин көз карандысыздыгын сактоо менен анын мыйзамдуу жоопкерчилигин арттыра турганы белгиленди. Президент жаңы Баш мыйзам боюнча бийлик бутактарынын натыйжалуу иштешине негиз түзүлгөнүнө токтолду. Өкмөт өз алдынча болуп, анын жоопкерчилиги жогорулай турганы айтылды. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү мыйзамына президенттин кол коюу расмисине парламентеги оппозициялык фракциялардын лидерлери катышкан жок.

Буга катышкан “Кыргызстан” фракциясынын мурдагы жетекчиси Канатбек Исаев Баш мыйзамдын жаңы редакциясындагы тобокелчиликтерге мындайча токтолду:

- Биз айрым өзгөртүүлөрдү колдоп, бирок Конституцияны кабыл алуу жолуна каршы болгонбуз да. Мисалы, Баш мыйзамды бирөөлөрдүн колун кайрып, мажбурлап, коркутуп кабыл албаш керек деп айтканбыз. Ал эми бир топ өзгөртүүлөрдү өзүбүз демилгечи болуп колдогон элек. Анан эми эл бул Баш мыйзамды колдоду. Ошентсе дагы бул Баш мыйзам боюнча дагы талаш-тартыштар бар. Анткени ага ылайык азыр президент менен премьер-министр экөө тең чечим кабыл алчу борборго айланды. Мурда чечим кабыл алуу үстөмдүгү президентте болчу. Анан эми бул экөө кийин бири-бири менен тирешип, саясий кризиске алып келбесе болду. Мына ошондой дагы тобокелчиликтер бар да.

Мыйзамдарды шайкеш келтирүү иши

Баш мыйзамдын жаңы редакциясын жарыялоо жарлыгына кол коюлгандан кийин ал “Эркин Тоо” гезитине жарыяланат. Анан Баш мыйзам күчүнө кирди деп табылат. Бирок Баш мыйзамдагы өкмөт тууралуу айрым ченемдер 2017-жылдын декабрь айынан кийин күчүнө кирери мыйзамда атайын көрсөтүлгөн.

Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум былтыр 11-декабрда өткөн.
Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум былтыр 11-декабрда өткөн.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков эми мыйзамдарды Баш мыйзамга шайкеш келтирүү иштери жүрөрүн билдирди:

- Баш мыйзамга кирген өзгөртүүлөргө байланыштуу бир катар мыйзамдарды ага ылайыкташтырууга туура келет. Сот-укук реформасын ишке ашырууга жана күч түзүмдөрүнө байланыштуу мыйзамдарга бир топ өзгөртүүлөр кириши күтүлөт. Алгачкылардан болуп Коргонуу кеңешин Коопсуздук кеңеши деп өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору келди.

Президент Баш мыйзамды өзгөртүүнү калктын көпчүлүк бөлүгү колдогонун белгиледи. Кол коюу расмисине премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, Жогорку соттун төрайымы жана Конституциялык палатанын төрагасы катышты.

Былтыр 11-декабрда өткөн референдумда сунушталган Конституциянын долбоорун шайлоочулардын 80 пайызы колдоп, 16 пайызы ага каршы добуш берген. Референдумга элдин 42 пайызы катышкан деп табылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG