Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Сот Жакупова менен "Занозаны" айыпка жыкты


Бүгүн Бишкектин Октябрь райондук соту Zanoza.kg сайтына байланыштуу жарандык тартиптеги эки иш боюнча жана "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын иши боюнча башкы прокурордун президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркын, ар-намысын коргоо максатында берген арызын толугу менен канааттандырды.

Райондук соттун чечимине ылайык доо коюлуп жаткан тараптын ар бири 3 миллион сомдон төлөп бериши керек болот. Муну укук коргоочулар сөз эркиндигине жана жарандык коомдун курч сүйлөгөн өкүлдөрүнө карата кысым деп баалап келатышат.

Бишкектин Октябрь райондук соту Башкы прокуратуранын Zanoza.kg сайтына карата жазган беш арыздын экөөнө байланыштуу ишти карап, чечим чыгарды. Алардын бири "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси, парламенттин мурдагы депутаты Чолпон Жакупованын үстүдөгү жылдын 30-мартында Бишкектеги жыйында сүйлөгөн сөзү жана анын Zanoza.kg сайтына жарыяланышы боюнча жазылган. Анын негизинде аталган сайттын негиздөөчүсү "Промедиа" фондунан, сайттын журналисттери Нарын Айып, Дина Маслова жана Чолпон Жакупованын ар биринен үч миллион сомдон талап кылган. Мындан сырткары сайтка жарыяланган ошол маалыматты толук алып салуу жана анда айтылгандарды чындыкка дал келбейт деп табууну соттон өтүнгөн.

“Занозага” каршы үч иш

“Занозага” каршы үч иш

Бишкектин Октябрь райондук сотунда 29-июнда "Заноза" сайтынын журналисттерине байланыштуу үч жараян башталды.

Жакупованын жыйында сүйлөгөн сөздөрү башкы көзөмөл органдын сунушу менен Юстиция министрлигине караштуу мамлекеттик соттук экспертиза борборунун лингвисттеринин баасынан өткөрүлгөн. Соттук отурумда ага баа берген борбордун өкүлү, филология илиминин кандидаты Жийдегүл Семенова күбө катары суралды. Доо коюлуп жаткандардын бири журналист Нарын Айып лингвистикалык экспертизанын канчалык деңгээлде кысымы жок, калыс өткөрүлгөнүнө кызыкты.

Нарын Айып: Сиз бул ишиңиз үчүн айлык акы ала турганыңызды айттыңыз. Бул сиздин айлык төлөгөн жетекчи айткандай тыянак чыгарат дегенди билдирбейби? Сиз иштеген борбор Юстиция министрлигине карайт, ал эми министрлик өкмөткө карайт.

Жийдегүл Семенова: Жок, андай эмес. Изилдөө ишин сиздер башкача чечмелеп жатасыз. Изилдөө ишинде эч ким мага кысым көрсөтпөйт.

Башкы прокуратуранын өкүлү Руслан Абдрахман президенттин аты макалада айтылбаганы менен, сөз ким жөнүндө болуп жатканы белгилүү болгонун айтууда. Анын ырасташынча, муну лингвистикалык экспертиза да аныктаган.

- Чындыгында Атамбаев деп айтылган эмес. Бирок "мамлекеттин биринчи адамы" деп айтылып жатат. Башкача айтканда өлкө башчысы деп. Өлкө башчысы дегенде премьер-министр же депутат жөнүндө сөз болуп жаткан жок да.

Сөз эркиндиги: айып кимде...

Сөз эркиндиги: айып кимде...

Бийлик менен медиа ортосундагы чыңалуу кыргыз коомчулугунун көңүл чордонунда турат.

Бул жараянга Чолпон Жакупова келген жок, анын адвокаты Тимур Султанов катышып, Кыргызстандын мыйзамдары боюнча ар бир жаран өз оюн эркин билдирүүгө укуктуу, экс-депутатка иш негизсиз козголду деп белгиледи.

- Кыргызстандын башкы прокурорунун арызын негизсиз деп эсептейбиз жана аны канааттандырбооңузду суранабыз. Башкы прокуратура президенттин ар-намысына шек келтирип, жаманатты кылды деген негизде Жакупованын тегерек үстөлдө сүйлөгөн сөздөрүн толугу менен чындыкка дал келбейт деп тапкыла деп жатат. Анда акыйкатчынын ыйгарым укуктары, сот реформасы жана башка маселелер да айтылган.

Ишти караган райондук соттун судьясы Кымбат Архарова башкы прокурордун доо арызын толук канааттандырды. Сот муну менен Чолпон Жакупова жана Zanoza.kg сайты президент Алмазбек Атамбаевдин аброюна шек келтирген деп тапты. Журналист Нарын Айып муну сөз эркиндигине, журналисттерге жасаган кысым деп атады.

- Соттун чечими боюнча акчанын суммасы мурдагыдай 3 млн. болбойт го деп ойлодум эле. Булар ошондой кылып жатат. Кичине он сап жаңылык жазса деле, чоң аналитикалык макала жазса деле, тегерек үстөлдө сүйлөсө деле 3 млн. болуп калат экен да. Демек мунун баары негизи жок эле жазылып салынган. Ошол негизи жок нерсени булардын баары, прокурордон баштап, сотко чейин аткарып жатышат.

Жакупова менен "Занозага" карата сот чечими чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:04 0:00

Башкы прокуратура президенттин кадыр-баркына шек келтирди деген негизде Zanoza.kg сайтына карата беш арыз жазган. Ушул тапта райондук сот Нарын Айыптын эки жыл мурда Zanoza.kg сайтына жарыялаган макаласы боюнча башкы прокурор Индира Жолдубаеванын арызын карап, аны дагы сот канааттандырды.

Укук коргоочулар бул иштерди сөз эркиндигине жана ачык сүйлөгөн жарандык коомдун өкүлдөрүнө, оппоненттерге карата кысым деп баалап келатышат. "Кылым шамы" укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулова бул соттук отурум боюнча пикирин мындайча билдирди:

- Чолпон Жакупова ал жерде Атамбаев деп атын атаган эмес. Жөн гана "маньякка окшогондор" деп айтты. Аны эмнеге өзүнө алып жатканы белгисиз. Ал эми былтыр Энелер күнүндө Төлөйкан Исмаилова экөөбүздүн атыбызды атап эле, бизге кандай гана сөз менен акарат келтирип, маалымат каражаттардан кайра-кайра кайталады. Сот биздин дооматыбызды колдобой эле койду. Ал эми Жакупова апрель окуясы боюнча соттолуучулардын адвокаты болуп жүрдү. Көп маалыматы бар. Бул жөн жерден эле чыга калган жок.

Анткен менен Коомдук каналдын Байкоочу кеңешинин башчысы Жыпар Жекшеев сөз эркиндиги, укук маселелери алдыга кетип, жоопкерчилик унутта калганын белгиледи:

- Ар бир басма сөз каражаттарында жоопкерчиликти дагы унутуп калып жатабыз. Көп учурда такталбаган, далили жок күнөөлөрдү коюп, жеке инсандык намысына тие тургандай сөздөр айтылып жатпайбы. Кыргызстанда качантан бери айтып келатабыз, укугубузду толук пайдаланабыз, бирок жоопкерчиликти унутуп калган учурлар көп. Албетте бул кейиштүү көрүнүш, бул Кыргызстанга дагы аброй алып келбейт. Бирок жоопкерчиликти үйрөнүшүбүз керек.

Zanoza.kg боюнча соттук жаряндар келерки аптада дагы уланат. Бул жолку чечимдер боюнча адвокаттар шаардык сотко кайрыла тургандарын билдиришти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG