Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:21

"Заноза" боюнча төрт чечим күчүндө калды


Бишкек шаардык соту Zanoza.kg сайты боюнча Октябрь райондук сотунун төрт чечимин күчүндө калтырды.

18-августта дагы бир иш боюнча берилген доо жана бир апелляциялык арыз каралат. 16-17-августта төрт иш боюнча апелляциялык арыз каралып, анда шаардык инстанция райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.

17-августта Бишкек шаардык сотунда журналист Нарын Айыптын 2015-жылдын 22-октябрындагы макаласы боюнча чыккан Октябрь райондук сотунун чечими каралган. Нарын Айыптын макаласында президент кантип миллионер болгону тууралуу жазылган. Андагы өлкө башчысынын беделине экс-президент Аскар Акаевдин ЖМКда мурда берген маегиндеги бир үзүндү шек келтирди деп таанылган.

Прокурор Руслан Абдрахман Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырууну суранып, жоопкерлер "ПроМедиа" коомдук фонду, Нарын Айыптын мыйзам бузганы, маалыматты тактабай жазганы толук далилденгенин ырастайт. Ошондой эле мамлекеттик айыптоочу экс-президент Аскар Акаевдин азыркы президент жөнүндө айтканы 2014-жылы эле Коомдук биринчи каналдын жаңылыктарынын биринде төгүндөлгөн деди:

- КТРКнын башкы директорунун орун басары Асылбашевдин берген расмий эфир справкасы колумда турат. Анда 2014-жылы саат жетиде маалымат жокко чыгарылган эфир болгон деп айтылат. Төгүндөө болду деп айтууга толук негиз бар жана сюжеттин мазмуну Аскар Акаевдин билдирүүсүн жокко чыгарат. Так ошол маалда КТРКда жооптуу болуп сиз иштеп тургансыз.

Ал эми журналист Нарын Айып өз сөзүндө кеп болуп жаткан сюжет Акаевдин билдирүүсүн төгүндөйт дегенге кошулбады. Жоопкерлер "ПроМедиа" коомдук фонду, Нарын Айыптын жактоочулары Октябрь райондук соту чечими негизсиз дешип, аны жокко чыгарууну өтүнүштү. Алар экс-президент Аскар Акаевдин Атамбаев жөнүндө айткандары интернет айдыңда кенен тарап жүргөнүн, сайт жөн гана андан цитата келтиргенин жүйө кылышты.

Бирок ишти караган судья Бермет Толубаева Октябрь райондук сотунун “сайттан макала алынсын, ар бир жоопкер 3 миллион сомдон төлөсүн” деген чечимин күчүндө калтырды.

Алмазбек Атамбаев жана Чолпон Жакупова
Алмазбек Атамбаев жана Чолпон Жакупова

Ошол эле күнү ушул сотто экс-депутат Чолпон Жакупованын тегерек үстөл жыйындардын биринде сүйлөгөн сөзүн Zanoza.кg сайтынын ага шилтеме кылган макаласы тууралуу райондук соттун чечими каралды.

Бул ишке жоопкер катары "ПроМедиа" коомдук фонду, журналисттер Нарын Айып, Дина Маслова жана экс-депутат Чолпон Жакуповага жалпы суммасы 12 миллион сомдук доо коюлган.

Жоопкер тараптын жактоочулары экс-депутат Чолпон Жакупова коомдук жыйында сүйлөгөнүн, анын сөздөрү мамлекет башчысынын аброюна шек келтирген мазмунда болбогонун айтышты. Ошондой эле бийликке сын айтуу эч кандай мыйзам бузуу эместигин белгилешти.

Ал эми мамлекеттик айыптоочу Руслан Абдрахман "Заноза" сайты Чолпон Жакупованын айткандарын күчөтүлгөн мааниге бурмалап, сайтка жазылгандар негизделбеген деди. Ошондой эле Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырууну сурады.

Бишкек шаардык соту бул апелляциялык арызды дагы канааттандырган жок. Ошентип Октябрь райондук соту “сайттан макала алынсын, Жакуповага 3 миллион сом, "ПроМедиа" коомдук фондуна 3 миллион сом, түзүүчүлөрү Нарынбек Идинов менен Дина Маслова 3 миллион сомдон төлөсүн” деген чечим күчүндө калды.

Журналист Нарын Айып сотто, 29-июнь, 2017-жыл
Журналист Нарын Айып сотто, 29-июнь, 2017-жыл

Журналист Нарын Айып Бишкек шаардык сотунун чечимин укпай кетип калды. Ал бул кадамын сотторго ишеним көрсөтпөө ишарасы деп атады.

- Ушундай болот деп эле күткөнбүз. Кандай далил айтып, пикир айтсаң дагы баары бир башынан ушундай уюштурулган. Кандай болот, эмне болот деп даярдалган. Ошон үчүн биз ушундай болорун билгенбиз.

Быйыл мартта баш прокурор Индира Жолдубаева аталган сайтка чыккан айрым макалалар президенттин ар-намысына шек келтирди деп жалпы 27 миллион сомдук доо арыз өндүрүү боюнча беш арыз берген. Прокуратуранын 24 миллион сомдук доо арызы канааттандырылган, дагы 3 миллион сомдук арыз боюнча чечим чыга элек.

Буга чейин өлкө президенти Алмазбек Атамбаев Zanoza.kg сайтына карата берилген арыздар кайра алынбай турганын, муну менен айрым бир тараптуу гана жазган журналисттерге сабак берүү жагы каралганын, маселе сүйлөшүү жолу менен чечилбесин билдирген.

Кыргызстандын медиа өкүлдөрү жана укук коргоочулары расмий Бишкекке Zanoza.kg интернет барагына каршы козголгон доо арыздарды токтотуп салуу өтүнүчүн билдиришкен.

1-августтан тартып Zanoza.kg маалыматтык мультимедиа порталы kaktus.media деген аталыштагы маалыматтык-маанайшат сайты болуп чыга баштады. Буга Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 25-июлдагы чечими менен "ПроМедиа" коомдук фондуна ал негиздеген Zanoza товардык белгисин пайдаланууга салынган тыюу да себеп болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG