Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:34

HRW түркмөн журналисттерин коргоого чакырды


Human Rights Watch жана "Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси" уюмдары Түркмөнстандагы сөз эркиндигинин абалы боюнча Азиянын олимп кеңешине кайрылды.

Биргелешкен кайрылууда расмий Ашхабадды көз карандысыз журналисттерге тоскоолдуксуз иштегенге шарт түзүп берүүгө чакыруу өтүнүчү айтылат.

Соңку айда "Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчысы Солтан Ачилова бир канча жолу сабалып, коркутууга кабылган.

Азияда оюндары Ашхабадда эмки айда өтөт жана бул оюндарды талаптагыдай уюштуруп өткөрүүгө Азиянын олимп кеңеши жооптуу.

Укук коргоо уюмдары Азиянын олимп кеңешин Олимп хартиясындагы сөз эркиндиги боюнча принципти түркмөн бийлигинин эсине салууга чакырды. Көз карандысыз журналисттерге кол салуу көрүнүшү, алардын өмүрүнө коркунуч жараткан жагдайлар боюнча расмий Ашхабад менен ачык сүйлөшүүгө жана журналисттердин коопсуздугуна кепилдик алууга үндөдү.

Солтан Ачилова
Солтан Ачилова

Кайрылууда эркин журналист Солтан Ачилова кесиптик ишин аткарып жаткан маалда сабалганы, кысымга кабылганы жана мындай көрүнүштөр соңку кездери күчөгөнү мисал кылынган.

"Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси" уюмунун жетекчиси Фарид Тухбатуллиндин пикиринде, Азиянын олим кеңешинин түркмөн бийликтерине таасир этүүгө мүмкүнчүлүгү бар:

- Азиянын олимп кеңеши Олимп хартиясынын жетиштүү деңгээлде ишке ашырылышына жооптуу. Бул хартияда басма сөз эркиндиги, адамдын ар-намысын урматтоо боюнча принциптер камтылган. Принциптер сөзсүз сакталууга тийиш.

67 жаштагы Солтан Ачилова өлкөдөгү жаңылыктар, окуялар тууралуу ырааттуу, бейтарап, ачык-айкын жана түркмөн тилинде кабарлаган "Азаттыктын" түркмөн кызматы менен бир канча жылдан бери кызматташып келет. Ачилова адатта таза суу проблемасы, саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөр жана башка ушул өңдүү социалдык темаларды чагылдырып жүрөт.

Саясий шартка байланыштуу Түркмөнстанда "Эркин Европа Азаттык" радиосунун бюросу жок.

Укук коргоочулар Түркмөнстан сөз эркиндигин камсыздоо боюнча эл аралык милдеттенме алганын, бирок аны аткарбай жатканын кошумчалашкан.

Билдирүүдө Түркмөнстанда жалпыга маалымдоо каражаттарынын иши чектелгени, чет өлкөлүк медианын өкүлчүлүктөрүнүн жоктугу, эл аралык медиа менен кызматташкан жергиликтүү кабарчылардын жаагын басуу максатында коркутуу, кысым көрсөтүү, атургай камакка алуу өңдүү чаралар көрүлөрү айтылат.

"Түркмөнстандагы альтернативдүү жаңылыктар" агенттигинин активисти Гаспар Маталаев алдамчылык боюнча айыпталып абакка кесилген. Укук коргоочулар ал мамлекеттин жарандарды зордоп пахта жыйнатууну иликтегени үчүн ага жалган жалаа жаап, өч алып жатат деп айтып чыгышкан.

"Азаттыктын" түркмөн кызматынын штаттан тышкаркы дагы бир кабарчысы Сапармамед Нелескулев 2015-жылдын июль айында маңзат боюнча үч жылга эркинен ажыратылган. Камакка алынар алдында ал Кариб деңизинин жээгиндеги эс алуу боюнча иликтөө макала жазган жана бул түркмөн бийлигине жаккан эмес.

Буга чейин дагы бир катар эл аралык уюмдар Түркмөнстандагы сөз эркиндиги боюнча абалга камтамачылык билдирип келген.

Олимпиада кыштагы. Түркмөнстан
Олимпиада кыштагы. Түркмөнстан

Эл аралык уюмдардын дүйнөдөгү сөз эркиндигин талдаган отчетторунда Ашхабад ар дайым сын угуп келет. Мисалы Freedom House уюму быйыл дагы Түркмөнстанды "эркин эмес" өлкөлөрдүн сап башына койду жана сөз эркиндиги боюнча тизмеде Түндүк Корея сыяктуу эң арткы, тактап айтканда 100 өлкөнүн ичинен 98-орунду алган.

Түркмөнстанда жалпыга маалымдоо каражаттары толугу менен мамлекеттин көзөмөлүндө. Жергиликтүү журналисттер коомдогу көйгөйдү президент Гурбангулы Бердымухамедов сөз кылмайынча чагылдырбайт, курч темалар жазылбайт.

Ал арада Бердымухамедов 8-9-август күндөрү Азербайжанга барып келгенден кийинки жыйында журналисттерге да суроо берүүгө уруксат бергени коомчулукту таң калтырды. Суроо берген эки журналисттин бири аркадагдан Түркмөнстанда коон күнүн майрамдоо эмне себептен 13-августтан 17-августка жылып калганын сураганы маалым болду.

Мамлекеттик кабар агенттиги Бердымухамедов майрам Азия оюндарына байланыштуу жылганын, келген конокторду таттуу менен тосуп алуу ата-бабадан калган салт экенин түшүндүрүп жооп бергенин жазды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG